Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Тиметей 4:1—22

4  Ачык көрүнгөндө+ жана Падышалыгына келгенде+ тирүүлөр менен өлгөндөрдү+ соттой турган Машаяк Исанын+ алдында жана Кудайдын алдында сага буйрук кылам:  ыңгайлуу убакта да+, ыңгайсыз убакта да+ Кудайдын сөзүн кийинкиге калтырбай* кабарла+. Окутуу чеберчилигин колдонуп, чыдамкайлык менен+ ашкереле+, эскерт, үндө.  Анткени адамдар туура окууну жактырбай+, өз каалоолору боюнча, өздөрү уккусу келген нерселерди сүйлөгөн окутуучуларды тандай турган убак келет+.  Алар чындыкты угуудан баш тартып, ойдон чыгарылган кептерге кулак төшөшөт+.  Бирок сен бардык жагынан сергек бол+, кыйынчылыктарды көтөр+, жакшы кабар айтуу ишине катыш+, кызматыңды толугу менен аткар+.  Мен суюк тартуу+ сыяктуу куюлуп жатам, бошонор убактым+ жакындап калды.  Мен ийгиликтүү күрөштүм+, жарыштын аягына чыктым+, ишенимимди сактадым+.  Ушул убактан тартып мен үчүн адилдик таажысы+ даярдалып турат. Адил сот болгон Мырзабыз+ аны мага сот күнүндө+ сыйлык катары берет+, мага эле эмес, анын ачык көрүнүшүн эңсегендердин баарына берет.  Мага тезирээк келүүгө аракет кыл+. 10  Анткени Димас+ бул дүйнө түзүлүшүн сүйүп+, мени таштап, Тесалоникага кетип калды. Крескес Галатияга+, Тит болсо Далматияга кетти. 11  Жанымда Лука эле калды. Өзүң менен кошо Маркты ала кел, анткени кызматта мага жардамы тиет+. 12  Тихикти+ болсо Эфеске жөнөттүм. 13  Келатканыңда Троастагы+ Карпостукуна калтырып кеткен чапанымды, түрмөктөрдү, айрыкча, булгаарыдан жасалгандарын ала кел. 14  Жез иштеткен Искендер+ мага көп жамандык кылды. Ошон үчүн Жахаба ага иштерине жараша тиешесин берет+. 15  Сен да андан сак бол, анткени ал биздин кабарга аябай каршы чыкты. 16  Өзүмдү биринчи жолу коргоп сүйлөгөндө, мени эч ким жактаган жок, тескерисинче, баары таштап кетти+. Алар ошол үчүн жоопко тартылышпаса экен+. 17  Бирок кабар айтуу иши мен аркылуу толугу менен аткарылышы үчүн жана ал кабарды бардык элдер угушу үчүн+, Мырзабыз жанымда туруп+, мага күч берип жатты+. Ошентип, мен арстандын азуусунан куткарылдым+. 18  Мырзабыз мени бардык жамандыктан арылтып+, өзүнүн асман Падышалыгы+ үчүн сактайт. Ал түбөлүктөн түбөлүккө даңктала берсин. Оомийн. 19  Приска+ менен Акилага, ошондой эле Онисипордун үйүндөгүлөрүнө+ менден салам айтып кой. 20  Эраст+ Корунтта+ калды, ал эми Трофимди+ ооруп калгандыктан Милетте+ калтырдым. 21  Кышка чейин келүүгө аракет кыл. Эйбул, Пуденс, Линос, Клаудия жана калган бир туугандардын баары сага салам айтып жатышат. 22  Мырзабыз жакшы маанай көрсөтүп жаткан сени менен болсун. Анын ырайымы силер менен болсун+.

Шилтемелер

Же: «ынталуулук менен».