Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Тиметей 2:1—26

2  Ошентип, уулум+, мындан ары да Машаяк Иса менен биримдикте болгондорго көрсөтүлүүчү ырайым аркылуу+ күчкө толо бер+.  Менден көп күбөлөрдүн көзүнчө уккандарыңды+ башкаларды үйрөтө ала турган ишенимдүү адамдарга айт+.  Башыңа түшкөн кыйынчылыктарды+ Машаяк Исанын мыкты жоокери катары көтөр+.  Жоокер+ өзүн аскердик кызматка алган башчысына жагууну кааласа, киреше бере турган күндөлүк иштер менен алек болбойт+.  Ким мелдешке катышса+, бирок эрежелерди сактабаса, таажы албайт.  Мээнет кылган дыйкан жыйнаган түшүмүнөн биринчи болуп ооз тийиши керек+.  Айткандарым жөнүндө ар дайым ой жүгүрт. Теңир болсо сага бардык жагынан түшүнүк берет+.  Мен жарыялаган жакшы кабарга ылайык+, Иса Машаяктын тирилгенин+, анын Дөөтүнүн тукумунан чыкканын+ унутпа.  Ошол жакшы кабар үчүн мен кыйынчылыктарга кабылып, атүгүл кылмышкер сыяктуу кишенделип отурам+. Бирок Кудайдын сөзү кишенделген жок+. 10  Ошондуктан мен тандалгандар үчүн+, алар да Машаяк Иса аркылуу түбөлүк даңк+ менен куткарылышы үчүн, бардыгына туруктуулук менен чыдап келатам. 11  Бул сөздөр чындык+: эгер аны менен бирге өлгөн болсок, аны менен бирге жашайбыз+. 12  Туруктуу болсок, аны менен бирге падышалык кылабыз+. Аны четке каксак+, ал да бизди четке кагат. 13  Биз ишенимсиз болуп калсак да, Кудай ишенимдүү бойдон калат+, анткени ал өзүнө өзү каршы чыга албайт. 14  Ушуларды алардын эсине сал+, Кудайдын алдында+ сөз үчүн талашып-тартышпоого+ үндө+. Анткени андай талаш-тартыштар угуп тургандарга зыян тийгизгенден башка эч кандай пайда алып келбейт. 15  Кудайга жаккан+, чындык сөзүн туура үйрөткөн+, аткарган иши үчүн уялбай турган+ жумушчу+ болууга колуңан келишинче аракет кыл. 16  Кудайга шек келтирген куру сөздөрдөн алыс бол+, анткени андай сөздөрдү сүйлөгөндөр ыймансыз иштерди барган сайын көбүрөөк жасай беришет+. 17  Алардын сөзү жара* сыяктуу тарайт+. Андайлардын арасында Именей менен Пилет да бар+. 18  Алар тирилүүнүн мурун эле болгонун айтуу менен+ чындык жолунан четтеп+, кээ бирлердин ишенимин кыйратып жатышат+. 19  Бирок Кудай тургузган бекем пайдубал козголбойт+, ага мөөр басылгандай: «Жахаба өзүнө таандык болгондорду билет»+, «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам+ ыймансыздыкты четке каксын»+,— деген сөздөр жазылган. 20  Чоң үйдө алтын-күмүш идиштер эле эмес, жыгачтан, чоподон жасалган идиштер да бар. Алардын кээ бирлери сыйга урунулат, кээ бирлери сыйга урунулбайт+. 21  Ким сыйга урунулбаган идиштерден алыс болсо, ал сыйга урунулган, ыйыкталган, кожоюнунун керегине жараган, бардык жакшы иштерге даярдалган идиш болот+. 22  Ошондуктан жаштыкка мүнөздүү каалоолордон кач+, Теңирди таза жүрөк менен+ чакыргандар менен бирге адилдикке+, ишенимге, сүйүүгө, тынчтыкка умтул+. 23  Андан сырткары, акылсыз, маңызсыз талаш-тартыштарды четке как+, анткени алардын чыр-чатакты туудурарын билесиң+. 24  Теңирдин кулу чатакташпашы керек+, тескерисинче, баарына жумшак мамиле кылышы+, окутууга жөндөмдүү болушу+, жаман мамилеге кабылганда өзүн кармай билиши+, 25  ошондой эле каршы чыккандарга жумшактык менен насаат айтышы керек+. Анткени Кудай алардын өкүнүшүнө+ жана чындыкты так таанып-билишине жол ачышы мүмкүн+. 26  Ошондо алар Ибилистин эркин аткарыш үчүн анын тузагына+ тирүүлөй түшүшкөнүн көрүп+, эсине келишет да, андан бошонушат.

Шилтемелер

Же: «гангрена».