Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Тесалоникалыктар 3:1—18

3  Акырында айтарым, бир туугандар, силердегидей эле, Жахабанын сөзү+ биз аркылуу тез тарап+, даңктала бериши үчүн тиленгиле+.  Ниети бузук, кара өзгөй адамдардан+ куткарылышыбыз үчүн да тиленгиле, анткени баарында эле ишеним боло бербейт+.  Бирок Мырзабыз ишенимдүү, ал силерди бекемдеп, кара өзгөйдөн* коргойт+.  Берген көрсөтмөлөрүбүздү аткарып жатканыңарга+, мындан ары да аткара берериңерге биз Мырзабыздын жолдоочулары катары толук ишенебиз+.  Мырзабыз Машаяк силерге ал үчүн туруктуулук көрсөтүүгө+, Кудайды сүйүүгө+ жардам бере берсин.  Бир туугандар, бизден үйрөнгөн нерселерге карманбай+, тартипти бузуп жаткан+ бир туугандардан алыс болушуңарды+ Мырзабыз Иса Машаяктын атынан буйрук кылабыз+.  Силер бизден кандай үлгү алышыңар керектигин билесиңер+, анткени араңарда жүргөнүбүздө тартип бузган эмеспиз+,  эч кимдин нанын бекер жеген эмеспиз+. Тескерисинче, эч кимиңерди чыгым кылбаш үчүн+ күнү-түнү эмгектенип+, кара жаныбызды карч уруп иштегенбиз.  Бирок укугубуз жок болгондуктан эмес+, бизди туурасын деп, силерге үлгү көрсөтүш үчүн ошенткенбиз+. 10  Араңарда жүргөнүбүздө силерге: «Ким иштегиси келбесе, ал жебесин»+,— деп көрсөтмө бергенбиз+. 11  Бирок азыр кээ бирлериңердин тартипти бузуп+, такыр иштебей, башкалардын ишине кийлигишип жатканын+ угуп жатабыз. 12  Андайларга тынч иштеп, өз колу менен тапканын жеши керектигин Мырзабыз Иса Машаяктын атынан буйруп, аларды ушуга үндөйбүз+. 13  Ал эми силер, бир туугандар, жакшылык кылуудан чарчабагыла+. 14  Ким бул катта айткандарыбызга баш ийбесе+, аны байкоого алгыла+ жана уяткарыш үчүн+, аны менен мамилелешпегиле+. 15  Бирок аны душман катары көрбөй, бир тууганыңар катары ага насаат айта бергиле+. 16  Тынчтыктын Мырзасы силерге дайыма бардык жагынан тынчтык берсин+. Мырзабыз баарыңар менен болсун. 17  Мен, Пабыл, бул саламымды өз колум менен жазып жатам+. Мен ушундай жазам, бул ар бир катымды айырмалап турат. 18  Мырзабыз Иса Машаяк баарыңарга ырайымын төгө берсин+.

Шилтемелер

Шайтан.