Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Тесалоникалыктар 2:1—17

2  Бир туугандар, Мырзабыз Иса Машаяктын катышуусунун убагы+ жөнүндө жана аны менен бирге болорубуз+ жөнүндө айта турган болсок, силерден өтүнөрүбүз бул:  Жахабанын күнү+ келгени жөнүндөгү сөздөрдөн+, Кудайдан келгендей көрүнгөн кабарлардан+ же биз жазгандай сыяктанган каттан+ улам тынчыңар кетип, ой жүгүртүүңөрдүн бурмаланып калышына жол бербегиле.  Силерди кимдир бирөө тигил же бул жол менен адаштырып кетпесин, анткени ал күн келгенге чейин, Кудайдан четтөөчүлүк башталып+, мыйзамсыздыктын кишиси+, өлүм уулу+, ачыкка чыгышы керек+.  Ал «кудай» деп аталгандардын же ыйык тутулгандын баарына каршы чыгып+, өзүн алардан жогору коёт. Ошондой эле Кудайдын ибадатканасында отуруп, өзүн кудай деп жарыялайт+.  Араңарда жүргөнүмдө ушулар жөнүндө айтканым+ эсиңердеби?  Азыр силер, убагы келгенде ачыкка чыгышы үчүн+, аны+ эмне кармап турарын+ билесиңер.  Бул мыйзамсыздыктын сыры азыр аракетте+, бирок ал өзүн кармап туруучу жок болгонго чейин+ гана сыр бойдон калат.  Ошондон кийин мыйзамсыз киши ачыкка чыгат. Мырзабыз Иса аны, өзүнүн катышуусунун убагы+ айкын болгондо+, оозунан чыккан дем менен өлтүрүп+, жок кылат.  Мыйзамсыз кишинин бар болушу* Шайтандын иш-аракети+ астында ар кандай ажайып иштер, жалган керемет-жышаандар менен+, 10  ыймансыздык жана ар кандай калп+ менен коштолуп, жок боло тургандарга+ таасирин тийгизет. Алар куткарылууга алып бара турган чындыкты+ сүйбөгөндүктөн+ жок болуп, тиешесин алышат. 11  Ошондуктан Кудай, алар калпка ишениши үчүн, алардын жаңылыш ой-түшүнүктөргө алданышына жол берет+. 12  Ошентип, чындыкка ишенбей+, ыймансыз иштерден ырахат алышканы үчүн алардын баары соттолот+. 13  Бирок биз силер үчүн, Жахаба сүйгөн бир туугандар, Ага ыраазычылык билдирүүгө дайыма милдеттүүбүз. Анткени Кудай, куткарылышыңар үчүн, силерди өзүнүн руху аркылуу+ ыйыктап+, чындыкка+ болгон ишенимиңердин негизинде башында эле тандап алган+. 14  Мырзабыз Иса Машаяктын даңкына бөлөнүшүңөр үчүн+, ал силерди бул куткарылууга биз тараткан жакшы кабар аркылуу чакырган+. 15  Ошондуктан, бир туугандар, бекем тургула+, сөзүбүз же катыбыз аркылуу үйрөнгөн нерселериңерге кармангыла+. 16  Бизди сүйүп+, ырайымы менен бизге түбөлүк сооронуч, кереметтүү үмүт+ берген Кудай Атабыз жана Мырзабыз Иса Машаяк 17  силерди сооротсун, ошондой эле жакшы иштерди кылууга, жакшы сөздөрдү сүйлөөгө бекемдесин+.

Шилтемелер

Грек. парусиа. Кара: 5-тирк.