Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Тесалоникалыктар 1:1—12

1  Пабылдан, Силуандан* жана Тиметейден+ Кудай Атабыз жана Мырзабыз Иса Машаяк менен биримдикте болгон тесалоникалыктардын жыйналышына:  Кудай Атабыздын жана Мырзабыз Иса Машаяктын ырайымы, тынчтыгы силер менен болсун+.  Бир туугандар, биз силер үчүн Кудайга ыраазычылык билдирүүгө+ дайыма милдеттүүбүз. Ошенткенибиз туура, анткени ишенимиңер бекемделип+, бири-бириңерге болгон сүйүүңөр өсүп жатат+.  Башыңарга түшкөн кыйынчылыктарга, куугунтуктарга карабай+ туруктуу болуп, ишенимиңерди сактап келатканыңар үчүн, биз Кудайдын жыйналыштарында силер менен сыймыктанабыз+.  Мунун баары Кудайдын адилет сот жүргүзөрүн далилдеп турат+, ошондуктан Кудайдын Падышалыгы+ үчүн азап чегип жаткан+ силер ал Падышалыкка татыктуу деп табыласыңар.  Анткени Кудай адил иш кылат: ал силерге кыйынчылык алып келгендерди кыйынчылыкка дуушар кылат+,  ал эми кыйынчылык тартып жаткан силерге жана бизге тынчтык берет. Бул асмандан кубаттуу периштелери менен келе турган Мырзабыз Исанын+ ачылышында+ болот.  Ал жалындаган от ичинде келип, Кудайды тааныбагандардан+ жана Мырзабыз Иса жөнүндөгү жакшы кабарга+ баш ийбегендерден+ өч алат+.  Алар түбөлүккө кыйратылуу жазасына тартылып+, Теңирдин көз алдынан жок болушат+, экинчи анын даңктуу күчүн+ көрүшпөйт. 10  Ал ошол күнү өзүнүн ыйыктары менен даңкталыш үчүн+ жана биздин күбөлөндүрүүбүздү ишеним менен кабыл алган силердей болуп ишенгендердин баарын суктандырыш үчүн келет. 11  Андыктан Кудайыбыз силерди өзүнүн чакыруусуна+ татыктуу деп табышы үчүн, өзүнө жаккан жакшы иштердин баарын жана ишенимиңердин аркасында кылып жаткан иштериңерди зор күчү менен аягына чыгарышы үчүн, биз силер үчүн дайыма тиленебиз. 12  Ошентип, Мырзабыз Исанын ысмы силер аркылуу даңкталат+, силер да аны менен биримдикте+ Кудайыбыздын жана Мырзабыз Иса Машаяктын ырайымы+ менен даңкталасыңар.

Шилтемелер

2Кр 1:19дун шилтемесин кара.