Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Петир 2:1—22

2  Бирок ысрайыл элинин арасында жалган пайгамбарлар болгондой эле, силердин араңарда да жалган окутуучулар болот+. Алар бүлдүрүүчү секталарды тымызын жайылтышат, өздөрүн сатып алган+ кожоюндан баш тартып, өздөрүнүн кыйратылуусун тездетишет.  Көптөр алардын уятсыз иштерин+ туурашат+ жана алардын айынан чындык жолуна сөз тиет+.  Андан сырткары, алар ач көздүгүнөн улам анткорлоно сүйлөп, силерди керт башынын кызыкчылыгына колдонушат+. Бирок аларга мурун эле чыгарылган өкүм+ кечикпей ишке ашат, алар сөзсүз кыйратылат+.  Мисалы, Кудай күнөө кылган периштелерди+ аябастан, тартарга* таштап+, соттош үчүн коюу караңгылыктын туңгуюгуна камап койгон+.  Ошондой эле байыркы дүйнөнү аябастан+, ыймансыздардын дүйнөсүнө топон суу каптаткан+. Ал эми адилдиктин кабарчысы+ болгон Нухту жана аны менен кошо дагы жети адамды сактап калган+.  Андан тышкары, ыймансыздарга келечекте эмне болорун көрсөтүш үчүн+, Содом жана Амор шаарларын күлгө айлантып+, аларга чыгарган өкүмүн ишке ашырган.  Ал эми мыйзамсыздардын ооздукталбаган уятсыз жүрүм-турумунан+ улам катуу кыйналган адил Лотту куткарып калган+.  Анткени ал адил киши алардын арасында жашап, күн сайын мыйзамсыз иштерин угуп-көрүп жүргөндүктөн абдан кыйналган.  Демек, Жахаба Өзүнө берилген адамдарды сыноодон кантип куткарууну+, адил эместерди болсо жок кылыш үчүн сот күнүнө чейин кантип сактап турууну билет+. 10  Айрыкча, башкалардын денесин булгоону көздөгөндөрдү+ жана бийликтегилерди баркка албагандарды+ сот күнүнө чейин кантип кармап турууну билет. Алар — керсейген, ээнбаш адамдар, ошондуктан даңкка бөлөнгөндөрдү жамандагандан коркушпайт+. 11  Ал эми периштелер алда канча күч-кубаттуу болушса да, Жахабаны урматтагандыктан+ аларды кемсинтерлик сөздөр менен айыпташпайт+. 12  Тигилер болсо кармалып жок болуш үчүн туулган, аң-сезими жок, сокур сезимге жетектелген жаныбарлар сыяктуу. Өздөрү билбеген нерселер тууралуу жаман сөздөрдү айтышкандыктан+ алар өздөрүнүн өлүмгө алып бараткан жолунда кыйрап жок болушат. 13  Ошентип, жаман иштеринин+ азабын тартышат+. Алар, ал тургай, күндүз да жыргалга батып жашоону ырахат көрүшөт+. Кемтик, так сыяктуу андай адамдар силер менен тойлоп жатканда жалган окууларын таратуудан ырахат алышат+. 14  Көздөрү ойноштукка тойбойт+. Алар күнөө кылганга даяр турушат+, алсыз жандарды азгырышат. Жүрөктөрү болсо ач көздүккө үйрөтүлгөн+. Алар — каргышка калган балдар+. 15  Алар түз жолдон чыгып, адашып калышты, Беордун уулу Биламдын жолуна түшүштү+. Билам жаман иштери үчүн сыйлык алгысы келген+, 16  бирок мыйзамсыз иши үчүн ашкереленген+. Тили жок эшек адамча сүйлөп+, ал пайгамбардын акылсыз иш кылышына жол берген эмес+. 17  Алар соолуган булактай+, катуу шамалга айдалган тумандай. Аларды коюу караңгылык күтүп турат+. 18  Алар ооз көптүрө сүйлөшөт, жаман жолдо жүргөндөрдөн жаңы эле кутулгандарды+ дене кумарлары+, уятсыз жүрүм-туруму менен азгырышат+. 19  Эркиндикти убада кылышканы менен+, өздөрү — бузулгандыктын кулдары+. Анткени ким кимден жеңилсе, ал ошого кул болот+. 20  Эгер алар Мырзабыз жана Куткаруучубуз Иса Машаяк жөнүндө так билим алгандын аркасында дүйнөнүн ыпылас иштеринен арылгандан кийин+, кайра эле ошол иштерди жасап, жеңилип жатышса+, анда алардын азыркы абалы мурункусунан да жаман+. 21  Адилдик жолун таанып-билгенден кийин, өздөрүнө берилген ыйык осуяттан баш тартып кетишкенден көрө+, бул жолду билбей эле коюшканы жакшы болмок+. 22  Алардын абалы: «Ит+ кайра барып, кусундусун жейт. Чочкону канча тазалаба, кайра эле балчыкка оонайт»+,— деген макалдын чындыгын ырастап турат.

Шилтемелер

Тартар — түрмөгө түшкөндөгүдөй кемсинтилген абал. Ага Нухтун убагында Кудайдан баш тартып кеткен периштелер ташталган. Кара: 10-тирк.