Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Падышалар 9:1—37

9  Элиша пайгамбар пайгамбар уулдарынын+ бирин чакырып, мындай деди: «Кийимиңдин этегин куруңа кыстарып+, май куюлган идишти алып+, Рамот-Гилатка бар+.  Ал жактан Нимшинин небереси, Жошапаттын уулу Жехуну+ таап, аны бир туугандарынан өзүнчө бөлүп алып, ички бөлмөгө+ алып кир.  Анан идиштеги майды алып чыгып, башына куй да+: „Жахаба мындай дейт: “Мен сени Ысрайылга падыша кылып+ майлайм”“+,— деп айт. Анан эшикти ачып, дароо качып кет, күтүп турба».  Ошентип, пайгамбардын кызматчысы Рамот-Гилатка жөнөп кетти.  Ал жакка барып, аскер башчыларынын отурганын көрдү да: «Башчым, сага айта турган сөзүм бар»,— деди+. Жеху: «Кимибизге?» — деп сурады. Ал: «Сага, башчым»,— деди.  Ошондо Жеху ордунан туруп, үйгө кирди. Тиги анын башына май куюп, мындай деди: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мен сени Жахабанын элине+, Ысрайылга, падыша кылып майладым+.  Мырзаң Ахаптын үйүн кырып жок кыл. Изабел өлтүргөн кызматчыларымдын, пайгамбарларымдын+, Жахабанын бардык кызматчыларынын каны үчүн мен ошентип өч алам+.  Ахаптын бүт үйү кырылат+. Анын эркек аттууларынын баарын кырам+, Ысрайылда анын атүгүл бечарасын да тирүү калтырбайм+.  Небаттын уулу Жеробамдын үйү+ менен Ахиянын уулу Баашанын үйүн кандай кылсам+, Ахаптын үйүн да ошондой кылам. 10  Изабелди болсо Изреил жеринде иттер жейт+, аны эч ким көмбөйт“». Анан эшикти ачып, качып кетти+. 11  Жеху болсо сыртка чыгып, берки аскер башчыларынын жанына барды. Алар: «Баары жакшы элеби?+ Тиги акылынан айныган неме эмнеге келиптир?»+ — деп сурашты. Ал: «Силер анын ким экенин жакшы билесиңер да, ал эмне айтмак эле»,— деди. 12  Алар: «Алдаба, чынын айт»,— дешти. Ошондо Жеху: «Ал мага баланча-түкүнчө деди. Анан: „Жахаба мындай дейт: “Мен сени Ысрайылга падыша кылып майладым”“,— деп айтты»,— деди+. 13  Алар дароо кийимдерин анын бут алдына+, тепкичтерге төшөй салышты да, мүйүз сурнай тартып+: «Жеху падыша болду!» — деп жар салышты+. 14  Нимшинин небереси+, Жошапаттын уулу Жеху+ Жорамга каршы киши топтой баштады+. Жорам жана аны менен кошо бүт Ысрайыл Рамот-Гилатты+ Сирия падышасы Хазаелден+ коргогону ошол жакка барышкан болчу. 15  Бирок Сирия падышасы Хазаел менен согушуп жатканда сириялыктар Жорамды+ жарадар кылып койгондуктан+, ал жараатын айыктыруу үчүн кайра Изреилге+ кеткен. Жеху: «Эгер макул көрсөңөр+, бул шаардан эч кимди чыгарбагыла, бул тууралуу Изреилге айтып барышпасын»,— деди. 16  Анан Изреилге жөнөп кетти. Жорам ошол жакта жарадар болуп жаткан эле. Жүйүт падышасы Ахазия+ болсо аны көргөнү барган болчу. 17  Изреилдеги+ мунаранын+ үстүндө турган күзөтчү+ Жехунун көп кишилер менен келатканын көрүп: «Топ эл келатат»,— деди. Жорам: «Бир атчанды жөнөт, аларды тосуп чыгып: „Тынччылыкпы?“ — деп сурасын»,— деди+. 18  Атчан киши алардын алдынан чыгып: «Падыша: „Тынччылыкпы?“ — деп сурап жатат»,— деди. Жеху ага: «„Тынчтыкты“ сурап эмне кыласың?+ Менин артымдан жүр»,— деди. Күзөтчү+: «Жөнөткөн кишибиз аларга жетти, бирок кайра артка тарткан жок»,— деди. 19  Ал дагы бир атчанды жөнөттү. Ал аларга барып: «Падыша: „Тынччылыкпы?“ — деп сурап жатат»,— деди. Жеху ага да: «„Тынчтыкты“ сурап эмне кыласың?+ Менин артымдан жүр»,— деди. 20  Күзөтчү: «Жөнөткөн кишибиз аларга жетти, бирок кайра артка тарткан жок. Алардын бири арабаны Нимшинин небереси+ Жехуга+ окшоп айдайт экен, ал чымын-куюн болуп келатат»,— деди+. 21  Ошондо Ысрайыл падышасы Жорам: «Арабаны чеккиле!»+ — деп буйрук берди. Ага арабаны чегип беришти. Анан Жүйүт падышасы Ахазия+ экөө майдан арабаларына отуруп, Жехунун алдынан тосуп чыкканы жөнөштү. Алар ага изреилдик Наботтун+ талаасынан жолугушту. 22  Жорам Жехуну көрөрү менен: «Тынччылыкпы, Жеху?» — деп сурады. Бирок ал: «Энең Изабел бузуктук кылып жатса+, көз байлоочулук кылып жатса+, кайдагы тынчтык?!» — деди+. 23  Ошондо Жорам качып кетиш үчүн дароо арабасын буруп, Ахазияга: «Чыккынчылык, Ахазия!» — деп кыйкырды+. 24  Жеху жаасын тартып жиберди+. Жебе Жорамдын эки далысынын ортосуна тийип, жүрөгүн тешип өттү+. Ал арабасына жыгылды. 25  Жеху жардамчысы+ Биткарга: «Муну изреилдик Наботтун+ талаасына ыргытып сал. Билесиңби, экөөбүз арабаларыбызга түшүп алып, мунун атасы Ахаптын артынан баратканыбызда, Жахаба бул жөнүндө: 26  „Жахаба мындай дейт: “Кечээ мен Наботтун жана анын уулдарынын+ канын көрдүм”+. “Ушул жерден сенден өч алам”+,— дейт Жахаба“,— деп айтпады беле?+ Ошон үчүн муну, Жахаба айткандай, ушул жерге ыргытып сал»,— деди+. 27  Жүйүт падышасы Ахазия+ муну көргөндө чоң бактын*+ жанындагы жол менен качып жөнөдү. (Кийинчерээк Жеху анын артынан кууп барып: «Муну да өлтүргүлө!» — деп буйрук кылды. Алар Ахазияны арабасы менен Иблиемдин+ жанындагы Гурду көздөй кеткен жол менен кетип баратканда жарадар кылышты. Ал Мегидого+ качып барып, ошол жерден өлдү+. 28  Кызматчылары анын сөөгүн арабага салып, Иерусалимге алып барышты да, ата-бабалары коюлган жерге, Дөөтүнүн шаарына коюшту+. 29  Ахазия+ Ахаптын уулу Жорамдын+ башкаруусунун он биринчи жылында Жүйүткө падыша болгон эле). 30  Жеху Изреилге+ барды. Бул тууралуу Изабел+ да укту. Ал көзүн кара кылып боёп+, чачын жасап+ алып терезеден карап турду+. 31  Жеху дарбазадан киргенде, Изабел ага: «Өзүнүн мырзасын өлтүргөн Зимри+, эмне болду?» — деди. 32  Жеху башын көтөрүп, терезени карады да: «Ким мен тарапта? Ким?» — деп кыйкырды+. Ошондо ак сарай кызматчыларынан+ эки-үчөө терезеден карады. 33  Ал аларга: «Алдагыны ыргытып жибергиле!» — деди+. Алар Изабелди ыргытып жиберишти. Анын каны дубалга, аттарга чачырады. Жеху аны арабасы менен тебелетип кетти+. 34  Анан ичип-жегенден кийин: «Каргышка калган тигини+ алып барып, көмүп койгула, кантсе да, падышанын кызы эмеспи»,— деди+. 35  Аны көмгөнү барышса, баш сөөгү, буттары менен колдорунун манжалары эле калыптыр+. 36  Бул тууралуу Жехуга айтып келишкенде, ал: «Жахабанын өзүнүн кызматчысы тишпилик Илияс аркылуу: „Изабелдин этин Изреил жеринде иттер жейт“+,— деп айткан сөздөрү аткарылды+. 37  Изабелдин сөөгү Изреилде талаада жаткан кыктай болот+, ошондо аны: „Бул — Изабел“,— деп эч ким айтпайт»,— деди+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «бак үйүнүн».