Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Падышалар 24:1—20

24  Жаякимдин күндөрүндө Бабыл падышасы Небухаданасар+ Жүйүт жерине кол салды. Жаяким анын кол астында үч жыл кызмат кылгандан кийин+ ага каршы чыкты.  Жахаба аны талап-тоногонго каздимдиктерди+, сириялыктарды, мааптыктарды+, Амон уулдарын жибере баштады. Жахаба аларды, өзүнүн пайгамбарлары аркылуу айткан сөздөрү аткарылышы үчүн+, Жүйүттү жок кылыш үчүн жиберип жатты.  Жүйүт мунун баарына Жахаба аны четке кагууну чечкендиктен+ кабылды. Кудай аны, Менаше көп күнөөлөрдү кылгандыктан+,  ошондой эле айыпсыз кишилердин канын төгүп+, Иерусалимди канга толтургандыктан, четке кагууну чечти. Жахаба аны кечиргиси келген жок+.  Жаякимдин+ калган иштери, анын эмнелерди кылганы Жүйүт падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган+.  Акыр-аягы, Жаяким ата-бабаларына кошулду+. Анын ордуна уулу Жаякин падыша болду.  Бабыл падышасы Мисир падышасына таандык жерлердин баарын+, Мисир өзөнүнөн+ Эфрат дарыясына+ чейинки жерлердин баарын, басып алгандан кийин, Мисир падышасы өзүнүн жеринен+ эч жакка чыккан жок+.  Жаякин+ он сегиз жашында такка отуруп, Иерусалимде үч ай падышалык кылды+. Анын энесинин аты Нехушта эле, ал иерусалимдик Элнатандын кызы болчу.  Жаякин, атасындай болуп, Жахабанын алдында жаман иштерди кылды+. 10  Ошол убакта Бабыл падышасы Небухаданасардын аскерлери келип, Иерусалим шаарын курчап алышты+. 11  Бабыл падышасы Небухаданасар болсо кийинчерээк, аскерлери шаарды курчап алгандан кийин келди+. 12  Акыры, Жүйүт падышасы Жаякин, анын энеси+, кулдары, төрөлөрү, ак сарай кызматчылары — баары Бабыл падышасына багынып беришти+. Бабыл падышасы аны өзүнүн башкаруусунун сегизинчи жылында+ туткундап кетти. 13  Жахаба айткандай, ал Жахабанын үйүндөгү жана падышанын үйүндөгү кымбат баалуу буюмдардын баарын алып кетип+, Ысрайыл падышасы Сулайман Жахабанын ибадатканасы үчүн жасаган алтын буюмдардын+ баарын талкалап таштады. 14  Ал Иерусалимдин бардык тургундарын, карапайым адамдардан башкасынын баарын+: төрөлөрүн+, эр жүрөк, күчтүү эркектерин+, усталарын+ жана чеп куруучуларын, бардыгы болуп 10 000 кишисин көчүрүп кетти+. 15  Ал Жаякин+ падышаны, анын энеси+ менен аялдарын, ак сарай кызматчыларын+, аттуу-баштуу кишилерин Иерусалимден Бабылга көчүрүп кетти+. 16  Ошентип, Бабыл падышасы согушка жарактуу күчтүү эркектердин баарын: 7 000 эр жүрөк кишини, ошондой эле усталар менен чеп куруучуларды кошуп эсептегенде 1 000 кишини Бабылга көчүрүп кетти+. 17  Бабыл падышасы+ Жаякиндин ордуна анын атасынын иниси Матанияны+ падыша кылып дайындап, анын атын Ситкия+ деп өзгөрттү. 18  Ситкия жыйырма бир жашында такка отуруп+, Иерусалимде он бир жыл падышалык кылды. Анын энесинин аты Хамутал эле+, ал либналык Жеремиянын кызы болчу. 19  Ситкия, Жаякиндей болуп, Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды+. 20  Иерусалим менен Жүйүт жеринде жасалган иштерден улам Жахабанын каары кайнап+, аларды четке какты+. Ситкия Бабыл падышасына каршы чыкты+.

Шилтемелер