Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Падышалар 23:1—37

23  Падыша киши жиберип, Жүйүт менен Иерусалимдеги аксакалдардын баарын чакыртты+.  Анан ал Жахабанын үйүнө барды. Жүйүт менен Иерусалимдин бүт тургундары: дин кызматчылар+, пайгамбарлар, бүт эл, жашынан карысына чейин+, аны менен кошо барышты. Ал аларга Жахабанын үйүнөн табылган+ келишим+ китебинде жазылгандарды+ окуп бере баштады+.  Андан кийин падыша мамынын жанында туруп+, Жахабанын жолунда жүрүш үчүн+ жана китепте жазылган келишимдин сөздөрүн сактап, Жахабанын осуяттарын+, насааттарын+, мыйзамдарын+ бүт жүрөгү+, бүт жаны менен+ аткарыш үчүн+ анын алдында келишим түздү+. Бүт эл ал келишимге кошулду+.  Анан падыша башкы дин кызматчы Хилкияга+, дин кызматчылардын жардамчылары менен дарбаза кайтаргандарга+ Жахабанын үйүнөн Баалга+, ыйык устунга+ жана асмандагы нерселерге арналып жасалган нерселердин баарын+ алып чыгууну буйрук кылды. Ал аларды Иерусалимден алып чыгып, Кидрондун+ боорунда өрттөп, күлүн Бейтелге+ алып барды.  Андан сырткары, ал бөтөн жерликтердин кудайларынын дин кызматчыларын, Жүйүт падышалары Жүйүт шаарларындагы жана Иерусалимдин тегерегиндеги бийик жерлерде курмандык түтүнүн түтөтүүгө дайындаган дин кызматчыларды, ошондой эле Баалга+, күнгө, айга, топ жылдыздар менен асмандагы нерселерге арнап курмандык түтүнүн түтөткөндөрдү кууп жиберди+.  Падыша Жахабанын үйүнөн ыйык устунду+ алып чыгып, Иерусалимдин сыртына, Кидрон өзөнүнө алып барды да, өрттөп+, күлүн карапайым адамдар коюлган көрүстөнгө чачып салды+.  Ошондой эле ибадатканадагы бузулган эркектердин үйлөрүн талкалады+, алардын үйлөрү Жахабанын үйүнүн ичинде эле. Ал жерде аялдар ыйык устунга арналган чатыр-ибадатканалардын жабууларын токушчу.  Андан кийин ал Гебадан+ Беир-Шебага+ чейинки жерлердеги дин кызматчылар курмандык түтүнүн түтөтүп жүргөн бийик жерлерди арамдаш үчүн Жүйүт шаарларындагы бүт дин кызматчыларды чогултту. Ошондой эле шаарга кирип баратканда дарбазанын сол жагында жайгашкан шаар башчысы Жашыянын дарбазасынын кире беришиндеги бийик жерлерди да талкалады.  Бийик жерлердеги дин кызматчылар+ бир туугандары менен калама жешсе да+, Жахабанын Иерусалимдеги курмандык жайынын жанына барышчу эмес. 10  Эч ким өз уулун же кызын Молекке+ арнап отко салбашы үчүн+, падыша Ином+ уулдарынын өрөөнүндөгү Топетти+ сыйынууга жараксыз кылып салды. 11  Андан сырткары, ал Жүйүт падышалары күнгө арнаган аттарды Жахабанын үйүнө алып кирүүгө тыюу салды. Ал аттарды Кудайдын үйүнө ак сарай кызматчысы Натан-Мелектин түркүктөрү бар үстү жабык жайда жайгашкан ашканасы+ аркылуу киргизишчү. Падыша күнгө арналган+ арабаларды өрттөп таштады. 12  Ошондой эле ал Жүйүт падышалары Ахаздын үстүнкү бөлмөсүнүн+ чатырына курган курмандык жайлары менен Менаше Жахабанын үйүнүн эки короосуна тең курган курмандык жайларын+ бузуп, аларды майда кылып талкалап, Кидрон өзөнүнө чачып салды. 13  Ал Иерусалимдин алдындагы+, Өлүм тоосунун* оң жагындагы бийик жерлерди да сыйынууга жараксыз кылып салды. Аларды Ысрайыл падышасы Сулайман+ сидондуктардын жийиркеничтүү бурканы Астартага+, мааптыктардын жийиркеничтүү бурканы Кемоско+, Амон уулдарынын жийиркеничтүү бурканы Милкомго+ арнап курган эле. 14  Ал ыйык мамыларды талкалап+, ыйык устундарды кыйып, алар турган жерлерге кишилердин сөөгүн үйүп таштады. 15  Падыша Ысрайылды күнөөгө батырган+ Небаттын уулу Жеробам+ Бейтелге курган курмандык жайы+ менен бийик жерди да талкалады. Андан кийин бийик жерди өрттөп, аны майда кылып талкалап салды. Ал ыйык устунду да өрттөдү. 16  Анан Жошия айланага көз чаптырып, тоодогу мүрзөлөрдү көрдү. Ал мүрзөлөрдөгү сөөктөрдү алдырып, аларды курмандык жайынын үстүндө өрттөп+, аны сыйынууга жараксыз кылып таштады. Ошентип, Жахабанын чыныгы Кудайдын кишиси аркылуу ушулар тууралуу алдын ала айткандарынын+ баары аткарылды+. 17  Падыша: «Бул кимдин күмбөзү?» — деп сурады. Шаардын тургундары: «Бул Жүйүт жеринен келип+, сен азыр Бейтелдеги курмандык жайын+ эмне кылсаң, ошонун баарын алдын ала айтып кеткен чыныгы Кудайдын кишисинин мүрзөсү»,— дешти+. 18  Ошондо ал: «Анын сөөгүнө тийбегиле, жөн койгула»,— деди+. Алар анын жана Самариядан келген пайгамбардын+ сөөгүнө тийишкен жок. 19  Жошия Самариянын шаарларындагы+ бийик жерлерге Ысрайыл падышалары+ Кудайды капалантыш үчүн+ курган сыйынуу жайларынын+ баарын бузуп, Бейтелдеги+ бийик жерди эмне кылса, аларды да ошондой кылды. 20  Бийик жерлердеги дин кызматчылардын баарын курмандык жайларында өлтүрүп+, ошол курмандык жайларынын үстүндө кишилердин сөөгүн өрттөдү+. Андан кийин Иерусалимге кайтты. 21  Падыша бүт элге: «Келишим китебинде жазылгандай+, Жахаба Кудайыңарга арнап пасах майрамын белгилегиле»+,— деп буйрук кылды. 22  Андай пасах майрамы Ысрайылды башкарган бийлердин убагынан бери өткөрүлө элек болчу+, буга чейинки Ысрайыл падышалары менен Жүйүт падышаларынын убагында да өткөрүлгөн эмес эле+. 23  Жошия падышанын башкаруусунун он сегизинчи жылында болсо Иерусалимде Жахабага арналган пасах майрамы белгиленди+. 24  Жошия падыша дин кызматчы Хилкия Жахабанын үйүнөн+ таап алган китептеги+ мыйзамдарды аткарыш үчүн+ өлгөндөрдү чакыргандарды+, келечекти алдын ала айткандарды+, заңдай жийиркеничтүү буркандарды+ жана башка буркандарды*+, Жүйүт жери менен Иерусалимдеги жийиркеничтүү башка нерселердин баарын+ жок кылды. 25  Мусанын мыйзамында жазылгандай, бүт жүрөгү, бүт жаны+, бүт күчү менен кайра Жахабага кайрылган Жошиядай падыша ага чейин да, андан кийин да болгон эмес+. 26  Анткен менен Жахаба Менашенин аны капаланткан бардык жаман иштери үчүн+ Жүйүткө каарданганын токтоткон жок+. 27  Жахаба: «Мен Ысрайылды четке каккандай эле+, Жүйүттү+ да четке кагам+. Өзүм тандап алган Иерусалим шаарын, ошондой эле: „Менин ысмым ошол жерде болот“+,— деп өзүм айткан үйдү да четке кагам»,— деди. 28  Жошиянын калган иштери, анын эмнелерди кылганы Жүйүт падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган+. 29  Жошиянын күндөрүндө Мисир падышасы Нехо+ Ашур падышасына жардам берүү үчүн Эфрат дарыясына+ жөнөдү. Жошия падыша аны менен согушканы чыкты+, бирок Нехо аны Мегидодо+ жолуктурары менен өлтүрүп койду+. 30  Жошиянын кызматчылары анын сөөгүн арабага салып, Мегидодон Иерусалимге алып келип+, өзүнүн мүрзөсүнө коюшту. Андан кийин эл Жошиянын уулу Жахазды падыша кылып майлап, атасынын ордуна такка отургузду+. 31  Жахаз+ жыйырма үч жашында такка отуруп, Иерусалимде үч ай падышалык кылды. Анын энесинин аты Хамутал эле+, ал либналык Жеремиянын кызы болчу. 32  Жахаз, ата-бабаларындай болуп, Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды+. 33  Ал Иерусалимде падышалык кылбашы үчүн, фараон Нехо+ аны Хамат жериндеги Риблада+ кишендеп+, анын жерине жүз талант күмүш+, бир талант алтын+ салык салды+. 34  Андан сырткары, Нехо Жошиянын уулу Элиакимди+ атасынын ордуна падыша кылып, анын атын Жаяким деп өзгөрттү. Жахазды болсо Мисирге алып кетти. Ал ошол жерде өлдү+. 35  Жаяким Нехо фараонго алтын, күмүш+ берди. Нехо талап кылган күмүштү төлөш үчүн Жаяким өзүнүн жериндегилерге салык салды+. Ал фараонго бериш үчүн, ар бир киши канча салык төлөш керек болсо+, ошого жараша элден алтын-күмүш чогултту. 36  Жаяким+ жыйырма беш жашында такка отуруп, Иерусалимде он бир жыл падышалык кылды+. Анын энесинин аты Зебида эле, ал румалык Педаянын кызы болчу. 37  Жаяким, ата-бабаларындай болуп+, Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды+.

Шилтемелер

Зайтун тоосунун түштүк бети.
Сөзмө-сөз: «терафимди».