Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Падышалар 19:1—37

19  Хиския падыша+ муну угары менен кийимин айрып+, таар* жамынып+, Жахабанын үйүнө барды+.  Ал падыша үйүнүн башчысы Элиакимди+, катчы Шебнаны+ жана дин кызматчылардын сакалдууларын таар жамынтып, Амостун уулу+ Ышая+ пайгамбарга жөнөттү.  Алар ага барып, мындай дешти: «Хиския мындай дейт: „Бул күн — кыйынчылык+, жаза+, кордук күнү+, анткени балдар жатындын оозуна келип калды+, бирок төрөгөнгө күч жок+.  Балким, Жахаба Кудайың рапшактын — Ашур падышасынын тирүү Кудайды мазакташ үчүн+ жиберген кызматчысынын — сөздөрүн угар+, Жахаба Кудайың уккан сөздөрү үчүн аны жоопко тартар+. Сен болсо аман калгандар+ үчүн тилен“»+.  Ошентип, Хиския падышанын кызматчылары Ышаяга барышты+.  Ышая аларга: «Мырзаңарга мындай деп айтып баргыла: „Жахаба мындай дейт+: “Өзүң уккан сөздөрдөн, Ашур падышасынын кызматчыларынын мени кордогон сөздөрүнөн+ коркпо+.  Мен ага бир рух жиберем+, ошондо ал бир кабар угуп+, өз жерине кайтат. Мен аны өз жеринде кылыч менен өлтүртөм”“»+,— деди.  Рапшак+ Ашур падышасынын Лакиштен+ чегингенин угуп, кайтып келгенде анын Либна менен согушуп жатканын+ көрдү.  Ашур падышасы Эфиопия падышасы Тиркактын аны менен согушууга чыкканын угуп, Хискияга дагы кабарчыларын жөнөтүп+, аларга мындай деди: 10  «Жүйүт падышасы Хискияга мындай дегиле: „Сен таянган Кудайың: “Иерусалим+ Ашур падышасынын колуна салынып берилбейт”+,— деп сени алдабай эле койсун+. 11  Ашур падышаларынын бардык жерлерди эмне кылганын, аларды кыйратканын уккансың да+, анан сен аман калмак белең?+ 12  Менин ата-бабаларым бүлүнткөн элдерди, Гозанды+, Харанды+, Ресепти, Теласардагы+ Эйден+ уулдарын кудайлары+ куткарды беле? 13  Хамат+ падышасы, Арпат+ падышасы, Сепарбайым, Хена жана Иба+ шаарларынын падышалары кайда?“». 14  Хиския кабарчылардын колунан катты алып окуду+. Анан Жахабанын үйүнө барып, аны Жахабанын алдына жайды да+, 15  Жахабадан мындай деп тилене баштады+: «Оо, керуптардын үстүндө отурган+ Ысрайыл Кудайы Жахаба+, жер жүзүндөгү+ бардык падышалыктардын чыныгы Кудайы жалгыз сенсиң+. Асман+ менен жерди сен жараткансың+. 16  Оо, Жахаба, кулагыңды төшөп, уга көр+. Жахаба, көзүңдү ачып, назар сала көр+. Тирүү Кудайды мазактаганы киши жиберген Сенхейриптин сөздөрүн ук+. 17  Оо, Жахаба, Ашур падышаларынын бардык элдерди, алардын жерлерин кыйратканы чын+. 18  Алар ал элдердин кудайларын отко ыргытып, жок кылышкан, анткени алар кудайлар эмес+, адамдын колунан бүткөн буюм+, жыгач, таш болчу. 19  Эми, Жахаба Кудайыбыз+, бизди анын колунан куткара көр+. Оо, Жахаба, жер жүзүндөгү бүт падышалыктар сенин жалгыз Кудай экениңди билишсин»+. 20  Ошондо Амостун уулу Ышая Хискияга мындай деп айттырып жиберди: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт+: „Мен сенин Ашур падышасы Сенхейрип жөнүндөгү тиленүүңдү+ уктум+. 21  Жахаба ал тууралуу мындай дейт: “Сион кызы сени теңине албайт+, шылдыңдап күлөт+. Иерусалим кызы+ артыңдан башын чайкайт+. 22  Сен кимди мазактап+, кимге тил тийгиздиң?+ Кимге кыйкырдың?+ Кимге бой көтөрүп карадың?+ Ысрайылдын Ыйыгына!+ 23  Кабарчыларың аркылуу+ Жахабаны мазактап+: “Көп сандаган майдан арабаларым менен+ Мен тоолордун чокусуна чыгам+, Лебанондун+ эң алыскы жерлерине жетем, Анын бийик бал карагайларын+, тандамал арчаларын кыям+. Эң алыскы жерине, кооз токоюна кирем+. 24  Кудук казып, бөтөн жердин суусун ичем, Мисирдеги Нил дарыясынын бүт чоң арыктарын таманым менен какшытам”,— дедиң+. 25  Сен уккан эмес белең?+ Муну жүзөгө ашырууну мен байыркы убакта эле чечип койгом+, Мурунку күндөрдө эле ниет кылгам+, Эми аткарам+. Сен аркылуу чептүү шаарларды ээн калтырам, үйүлгөн урандыга айлантам+. 26  Алардын тургундары алсырайт+, Үрөйлөрү учуп, уятка калышат+. Алар талаадагы өсүмдүктөй, көк шибердей+, Үйдүн үстүнө өсүп чыгып, чыгыш шамалы+ күйгүзүп кеткен чөптөй болушат+. 27  Мен сенин тынч отурганыңды да+, кирген-чыкканыңды да+, Мага каарданганыңды да билем+. 28  Анткени мага каардандың+, аркыраганың кулагыма жетти+. Мен сенин мурдуңа илмек, оозуңа ооздук салам+, Сени келген жолуң менен артка кайтарам”+. 29  Бул сага жышаан болот+: быйыл түшүп калган дандан өсүп чыкканын+, кийинки жылы өзү өсүп чыкканын жейсиңер. Бирок үчүнчү жылы үрөн сээп+, оруп алгыла, жүзүм отургузуп, мөмөсүн жегиле+. 30  Жүйүт үйүнөн аман калгандар, куткарылгандар+ ылдый карай тамыр жайып, жогору карай түшүм беришет+. 31  Анткени Иерусалимден калдык+, Сион тоосунан аман калгандар чыгат+. Муну асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын ынтасы+ ишке ашырат. 32  Ошондуктан Жахаба Ашур+ падышасы жөнүндө мындай дейт: “Ал бул шаарга кирбейт+, бул жакка жебе атпайт+, калкан менен келбейт, аны курчоого алуу үчүн дөбө үйбөйт+. 33  Келген жолу менен артка кайтат, бул шаарга кирбейт. Муну Жахаба айтып жатат+. 34  Мен бул шаарды коргоп+, өзүм үчүн+, кызматчым Дөөтү үчүн куткарам”“»+. 35  Ошол түнү Жахабанын периштеси чыгып, ашурлуктардын+ кошуунунан+ 185000 кишини кырып салды. Эртең менен эрте тургандар баарынын өлүп жатканын көрүштү+. 36  Ошондо Ашур падышасы Сенхейрип+ чегинип, Нинебиге+ кайтып барды да, ошол жакта калды+. 37  Бир күнү ал өзүнүн кудайы+ Нисрохтун+ үйүндө табынып жатканда, аны уулдары Адрамелек менен Шаресер кылыч менен өлтүрүп+, Арарат+ жерине качып кетишти. Анын ордуна уулу Эсархадон+ такка отурду.

Шилтемелер

Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда ж. б. у. с. учурларда кийишчү же колдонушчу.