Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Падышалар 14:1—29

14  Ысрайыл падышасы Жахаздын уулу Жааштын+ башкаруусунун экинчи жылында Жүйүт падышасы Жааштын уулу Амазия+ падыша болду.  Ал жыйырма беш жашында такка отуруп, Иерусалимде жыйырма тогуз жыл падышалык кылды. Анын энесинин аты Жеодин эле+, ал Иерусалимден болчу.  Амазия Жахабанын көз алдында туура иштерди кылды+, бирок чоң аталарынан болгон Дөөтүдөй болгон жок+. Атасы Жааш кандай иштерди кылса, ал да ошондой иштерди кылды+.  Бийик жерлер гана жок кылынган жок+. Эл дагы эле бийик жерлерде курмандык чалып, курмандык түтүнүн түтөтүп жатты+.  Падышалык бийлиги бекемделгенде, Амазия атасын, падышаны, өлтүргөн кызматчыларын+ өлтүрдү+.  Бирок алардын балдарын өлтүргөн жок, анткени Жахаба берген мыйзамда, Мусанын мыйзам китебинде+: «Балдары үчүн аталары, аталары үчүн балдары өлүм жазасына тартылбасын. Өлүм жазасына ар ким өз күнөөсү үчүн тартылышы керек»+,— деп айтылган.  Ал Туздуу өрөөндө+ эдомдуктардын+ 10000 кишисин өлтүрүп, Селаны басып алды. Анан ал шаарды Жоктеил деп атап коюшту, ал ушул күнгө чейин ошентип аталат.  Ошол убакта Амазия Жехунун небереси, Жахаздын уулу Ысрайыл падышасы Жаашка: «Кел, беттешели»+,— деп кабарчыларынан айттырып жиберди.  Ысрайыл падышасы Жааш болсо Жүйүт падышасы Амазияга: «Лебанондо өскөн тикен Лебанон бал карагайына+: „Кызыңды уулума бер“,— деп айттырып жиберет. Бирок ал тикенди ошол жерден өтүп бараткан бир жапайы жаныбар тебелеп кетет+. 10  Сен эдомдуктарды жеңип алганыңа+ менменсинип кеттиң+. Даңкыңа маашырланып+, үйүңдө эле отура бербейсиңби. Чатак чыгарып+, башыңа балээ үйүп эмне кыласың?+ Өзүң да, Жүйүт да оң таппай калып жүрбөгүлө»,— деп айттырып жиберди. 11  Бирок Амазия аны укпай койду+. Ошондо Ысрайылдын падышасы Жааш келип, Жүйүт падышасы Амазия менен Жүйүт жериндеги Бет-Шемештен+ беттешти+. 12  Жүйүттөр ысрайылдыктардан жеңилип+, чатырларына качып кетишти. 13  Ысрайыл падышасы Жааш Ахазиянын небереси, Жааштын уулу Жүйүт падышасы Амазияны Бет-Шемештен колго түшүрүп, Иерусалимге алып келди. Анан Иерусалимдин дубалын Эпрайым дарбазасынан+ тартып Бурч дарбазасына+ чейин талкалап таштады; алардын ортосу 400 чыканак* эле. 14  Ал Жахабанын үйүнөн жана падышанын үйүндөгү казынадан табылган алтын-күмүш менен буюмдардын баарын+, ошондой эле туткундарды Самарияга алып кетти. 15  Жааштын калган иштери, эмнелерди кылганы, кандай зор иштерди жасаганы, анын Жүйүт падышасы Амазия менен кантип согушканы жөнүндө Ысрайылдын падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган+. 16  Акыр-аягы, Жааш ата-бабаларына кошулду+, анын сөөгүн Самарияга, Ысрайыл падышалары коюлган жерге коюшту+. Анын ордуна уулу Жеробам+ падышалык кыла баштады. 17  Ысрайыл падышасы Жахаздын уулу Жааш+ өлгөндөн кийин, Жүйүт падышасы Жааштын уулу Амазия+ дагы он беш жыл жашады+. 18  Амазиянын калган иштери Жүйүт падышаларынын+ тарыхы баяндалган китепте жазылган+. 19  Акырында Иерусалимде бирөөлөр өз ара сүйлөшүп алып+, аны өлтүрмөкчү болушту. Ошондо ал Лакишке+ качып кетти. Бирок алар артынан киши жиберип, аны ошол жактан өлтүрүштү+. 20  Анын сөөгүн аттарга чегилген араба менен Иерусалимге алып келип, Дөөтүнүн шаарына+, ата-бабалары коюлган жерге коюшту+. 21  Анан Жүйүт жеринин бүт тургундары он алты жаштагы+ Азарияны+ атасы Амазиянын+ ордуна такка отургузушту. 22  Падыша ата-бабаларына кошулгандан кийин, Азария Элатты+ кайра куруп, аны кайра Жүйүткө каратып берди. 23  Жүйүт падышасы Жааштын уулу Амазиянын башкаруусунун он бешинчи жылында Ысрайыл падышасы Жааштын уулу Жеробам+ Самарияда такка отурду. Ал кырк бир жыл падышалык кылды. 24  Жеробам Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды. Ал Ысрайылды күнөөгө батырган Небаттын уулу Жеробам+ кылган жаман иштердин баарын кылды. 25  Ал, Ысрайылдын Кудайы Жахабанын өзүнүн кызматчысы гат-хепердик+ Амитайдын уулу Жунус+ пайгамбар аркылуу айткан сөздөрүнө ылайык, Ысрайылдын чек арасын Хаматтын кире беришинен+ тартып Арабадагы+ деңизге чейин калыбына келтирди. 26  Анткени Жахаба Ысрайылдын башына чоң мүшкүл түшкөнүн+, анын атүгүл бечарасы да калбай калганын, жардам берер эч кимиси жок+ экенин көрдү. 27  Жахаба Ысрайылдын атын жер бетинен өчүрбөй турганын+ убада кылгандыктан аларды Жааштын уулу Жеробам аркылуу куткарды+. 28  Жеробамдын калган иштери, эмнелерди кылганы, кандай зор иштерди жасаганы, анын кантип согушканы жана Дамаск+ менен Хаматты+ Жүйүт менен Ысрайылга кайра каратып бергени жөнүндө Ысрайылдын падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган. 29  Акыр-аягы, Жеробам ата-бабаларына, Ысрайыл падышаларына кошулду. Анын ордуна уулу Закарыя+ падыша болду.

Шилтемелер

Болж. м-н 178 м.