Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Падышалар 11:1—21

11  Ахазиянын+ энеси Аталея+ уулунун өлгөнүн көрүп, падышанын бардык тукумун кырып таштады+.  Бирок Жорам падышанын кызы, Ахазиянын бир тууганы Жехошеба+ падышанын өлтүрүлө турган уулдарынын арасынан Ахазиянын уулу Жаашты+ көрсөтпөй алып кетип, эмчек энеси экөөнү уктоочу бөлмөгө алып барып, Аталеядан жашырып койду+. Ошентип, Жааш аман калды.  Аны алты жыл Жахабанын үйүндө жашырып жүрүштү. Ал убакта Аталея падышалык кылып жатты+.  Жетинчи жылы Жоят+ карийлик+ жан сакчылардын жүз башылары менен күзөтчүлөрдү+ чакыртып, аларды Жахабанын үйүнө алып кирди. Анан алар менен келишим түзүп+, Жахабанын үйүндө ант бердирткенден кийин+ аларга падышанын уулун көрсөттү.  Ал аларга мындай буйрук берди: «Мындай кылгыла: бир тобуңар ишемби күнү келип, падышанын үйүн кайтаргыла+.  Экинчи тобуңар Пайдубал деп аталган дарбазанын жанына+, ал эми үчүнчү тобуңар дарбазанын жанындагы күзөтчүлөрдүн артына барып тургула. Анан үйдү+ кезектешип кайтаргыла.  Ишемби күнү кетчү эки тобуңар падыша үчүн калып, Жахабанын үйүн кайтарышсын.  Колуңарга курал алып, падышаны тегеректеп алгыла. Эгер кимдир бирөө араңардан өтүүгө аракет кылса, аны өлтүрүп салгыла. Падыша киргенде да, чыкканда да, жанында болгула».  Жүз башылар+ баарын дин кызматчы Жоят айткандай кылышты. Алар ишемби күнү келген кишилери менен ишемби күнү кете турган кишилерин чогултуп+, дин кызматчы Жоятка келишти. 10  Ал жүз башыларга Дөөтү падышанын Жахабанын үйүндө турган найзалары менен тегерек калкандарын берди+. 11  Курал көтөргөн күзөтчүлөр+, падышаны тегеректеп, үйдүн оң жагынан тартып сол жагына чейин, курмандык жайынын жанында да+, үйдүн жанында да турушту. 12  Андан кийин Жоят падышанын уулун+ сыртка алып чыгып, анын башына таажы+ менен Кудайдын мыйзамы жазылган түрмөктү+ койду. Аны падыша кылып+ майлагандан кийин+, эл кол чаап+: «Жашасын падыша!» — деп кыйкыра баштады+. 13  Аталея чуркап бараткандардын ызы-чуу түшкөн үндөрүн угуп, Жахабанын үйүнө чогулган элди көздөй жөнөдү+. 14  Ал жерге барып, мамынын жанында адаттагыдай эле падыша турганын+, ал эми анын жанында башчылардын, сурнай тарткандардын+ турганын жана бүт элдин кубанганынан+ сурнай тартып жатканын көрдү. Ошондо ал+ үстүндөгү кийимин айрып жиберип: «Чыккынчылык! Чыккынчылык!» — деп кыйкыра баштады+. 15  Дин кызматчы Жоят аскерлердин үстүнөн дайындалган жүз башыларга+: «Муну бул жерден алып чыккыла, ким мунун артынан ээрчисе, аны кылыч менен өлтүргүлө!» — деди+. Анткени буга чейин ал: «Аны Жахабанын үйүндө өлтүрбөгүлө»,— деп айткан болчу. 16  Алар Аталеяны кармап, аттар кирген жер+ аркылуу падышанын үйүнө+ алып өтүп, ошол жерден өлтүрүштү+. 17  Андан кийин Жоят, алар Жахабанын эли болушу үчүн, Жахаба менен+ падышанын+ жана элдин ортосунда келишим түздү+. Ошондой эле падыша менен элдин ортосунда да келишим түздү+. 18  Анан ал жердеги элдин баары Баалдын ибадатканасына барып, анын курмандык жайларын бузуп+, сөлөкөттөрүн талкалашты+. Баалдын дин кызматчысы Матанды+ болсо курмандык жайынын алдында өлтүрүштү+. Дин кызматчы Жахабанын үйүнө көзөмөлчүлөрдү дайындады+. 19  Андан кийин ал жүз башыларды, карийлик+ жан сакчыларды, күзөтчүлөрдү+ жана ал жердеги элди чогултту. Анан баары падышаны Жахабанын үйүнөн алып чыгып, күзөтчүлөрдүн дарбазасы аркылуу+ падышанын үйүнө алып барышты; падыша такка отурду+. 20  Ал жердеги элдин баары кубанып жатты+. Ошентип, шаарда тынчтык өкүм сүрдү. Аталеяны болсо падышанын үйүндө кылыч менен өлтүрүштү+. 21  Жааш+ такка отурганда жети жашта эле+.

Шилтемелер