Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Корунттуктар 9:1—15

9  Ыйыктарга кызмат кылуу+ жөнүндө силерге жазуунун кажети жок деп ойлойм.  Анткени силердин жардам берүүгө даяр экениңерди билем, ошон үчүн македониялыктарга Ахаядагылардын бир жылдан бери+ жардам берүүгө даяр турганын айтып мактанып жүрөм. Силердин ынтаңар алардын көбүнө дем берди.  Бирок мактанганыбыз куру сөз болуп калбашы үчүн жана мен айтып жүргөндөй, чындап даяр турушуңар үчүн, силерге бир туугандарды жөнөтүп жатам+.  Болбосо македониялыктар мени менен барып, даяр эмес экениңерди көрсө, силер да, силерге бекем ишенген биз да уятка калышыбыз мүмкүн.  Ошондуктан бир туугандарды эртерээк барууга үндөөнү зарыл деп таптым. Алар өзүңөр убада кылып, алдын ала даярдап койгон, марттык менен берген тартууңарды+ зордоп алынган нерсе катары эмес, берешендик менен берилген тартуу катары алышат+.  Буга байланыштуу айтарым, аз сепкен+ аз жыйнайт, ал эми көп сепкен+ көп жыйнайт.  Ар бир адам кыйылып же аргасыздан эмес+, жүрөгүндө кандай чечсе, ошого жараша иш кылсын, анткени Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт+.  Андан тышкары, дайыма керектүүнүн баарына ээ болуп, бардык жакшы иштерге бай болушуңар үчүн, Кудай силерди ырайымы менен байытууга кудуреттүү+.  Ыйык Жазмада: «Ал марттык менен таратат, жакырлар менен бөлүшөт. Анын адилдиги түбөлүк көрсөтүлөт»,— деп жазылган+. 10  Ал эми себүүчүгө үрөндү, жегенге нанды мол берген Кудай+ силерге сепкенге үрөн берет, аны көп берип, адилдигиңердин жемишин арттырат+. 11  Бардык жагынан март болушуңар үчүн, баарын мол алып жатасыңар. Биздин аракетибиздин аркасында мындай марттык башкаларга Кудайга ыраазычылык билдирүүгө түрткү берет+. 12  Анткени ыйыктарга кылган бул кызматыңар алардын кем-карчын ашыгы менен толуктагандан тышкары+, Кудайга көп ыраазычылык айтылышына шарт түзөт. 13  Алар бул кызматтын жемишин көрүп, силердин Машаяк жөнүндөгү жакшы кабарды эл алдында жарыялоо менен ага баш ийгениңер үчүн+, ошондой эле аларга жана баарына марттык менен тартуу бергениңер үчүн+ Кудайды даңкташууда. 14  Кудай силерге ырайымын төгүп жаткандыктан+, алар силерди жакшы көрүп, силер үчүн Кудайга жалынып жатышат. 15  Сөз менен айтып жеткире алгыс белеги үчүн Кудайга алкыш!+

Шилтемелер