Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Корунттуктар 4:1—18

4  Өзүбүзгө көрсөтүлгөн кайрымдуулуктун негизинде+ ушундай кызматка ээ болгондуктан+ биз багынбайбыз.  Уятка калтыра турган жашыруун иштерди+ четке кагабыз, кууланбайбыз жана Кудайдын сөзүнө эч нерсе кошпойбуз+. Тескерисинче, чындыкты жарыялап, Кудайдын алдында өзүбүздү бардык адамдардын абийирине үлгү болгудай алып жүрөбүз+.  Эгерде биз жарыялаган жакшы кабар жабуу менен жабылган болсо, ал жок боло тургандар үчүн+ жабылган.  Анткени Кудайдын бейнеси болгон Машаяк+ жөнүндөгү даңктуу жакшы кабардын+ жарыгы+ тийбеши үчүн+, бул дүйнөнүн* кудайы+ ишенбегендердин акылын сокур кылып койгон+.  Биз өзүбүз жөнүндө жарыялап жаткан жокпуз+. Машаяк Исанын Мырзабыз экенин, ал эми өзүбүз Иса үчүн силердин кулуңар+ экенибизди жарыялап жатабыз.  Анткени: «Караңгылыкта жарык жаркырасын»+,— деген Кудай жүрөктөрүбүзгө жарыгын чачып+, Машаяктын жүзү аркылуу Өзү жөнүндөгү+ даңктуу билим+ менен аларга жарык чачты.  Бирок адаттан тышкаркы күч+ биздики эмес+, Кудайдыкы экени айкын көрүнүшү үчүн+, бул кенчти+ чопо+ идиштерде+ сактап жүрөбүз.  Биз туш-туштан кысымга алынып жатсак да+, жарга такалган жокпуз; эмне кыларыбызды билбей турсак да, үмүт үзгүдөй абалда калган жокпуз+.  Куугунтукталып жатсак да, ташталган жокпуз+; бүк түшүрүшсө да+, жок кылынган жокпуз+. 10  Исанын өмүрү денебизде айкын көрүнүшү үчүн+, Исага окшоп, дайыма катаал мамилеге чыдап келебиз+. 11  Анткени Исанын өмүрү өлө турган денебизде айкын болушу үчүн+, бизди, жашап жаткандарды, Иса үчүн кайра-кайра өлүм менен беттештирип жатышат+. 12  Ошентип, биз өлүмгө баш байлап жатабыз, силер болсо өмүргө ээ болуп жатасыңар+. 13  «Мен ишеним менен сүйлөгөм»+,— деген сөздөрдө чагылдырылган ишеним бизде да бар болгондуктан, биз ишенебиз, ошон үчүн сүйлөп жатабыз. 14  Анткени Исаны тирилткен Кудай аны менен кошо бизди да тирилтип, өзүнүн алдына силер менен бирге алып барарын билебиз+. 15  Көптөрдүн Кудайга ыраазычылык билдиргенинин аркасында ырайым мурдагыдан да мол көрсөтүлүшү үчүн жана Кудай даңкталышы үчүн+, биздин башыбыздан өткөндүн баары силердин пайдаңар үчүн болду+. 16  Ошондуктан биз багынбайбыз. Сырткы көрүнүшүбүз көөнөрүп баратса да, ички дүйнөбүз+ күндөн күнгө жаңыланууда. 17  Анткени кыйынчылыктарыбыз кыска мөөнөттүү+, анча оор эмес, ошентсе да бизге алда канча чоң, түбөлүктүү даңк алып келет+. 18  Биздин көзүбүз көрүнгөн нерселерге эмес, көрүнбөгөн нерселерге багытталган+. Анткени көрүнгөн нерселер убактылуу+, ал эми көрүнбөгөн нерселер түбөлүктүү+.

Шилтемелер

Мт 24:3түн шилтемесин кара.