Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Корунттуктар 10:1—18

10  Араңарда жүргөндө байкуш+, ал эми алыста жүргөндө эр жүрөк көрүнсөм да+, мен, Пабыл, Машаяктын жумшактыгы+ жана боорукердиги+ менен силерден өтүнөм,  атүгүл жалбарам: силерге барганымда, бизди адамдык көз караш боюнча иш кылышат деп эсептегендерге колдонгум келген катуу чараларды+ силерге да колдонуп, кайраттуулугумду көрсөтпөгүдөй болоюн.  Анткени биз башка адамдардай жашасак да+, адамдар колдонгон ыкмалар менен согушпайбыз+.  Биздин согуш куралдарыбыз+ адамдардыкындай эмес, алар — чептерди талкалаш үчүн Кудай берген күчтүү куралдар+.  Биз туура эмес түшүнүктөрдү жана Кудай жөнүндөгү билимге каршы турган менменсингендиктин баарын талкалап+, бардык ойлорду Машаякка баш ийдириш үчүн туткундайбыз.  Ошондой эле биз, силер тил алчаактыгыңарды толук көрсөтөрүңөр менен+, тил албагандардын баарын жазалоого даяр турабыз+.  Силер бардык нерсеге сырткы көрүнүшү боюнча баа бересиңер+. Эгер кимдир бирөө Машаякка таандык экенине бекем ишенсе, дагы бир нерсени эске алсын: ал Машаякка таандык болгондой эле, биз да Машаякка таандыкпыз+.  Мырзабыз бизге силерди кыйратуу үчүн эмес, бекемдөө үчүн бийлик берген+. Ал бийлик менен ашыкча мактансам да+, уятка калбайм.  Бирок силерди каттарым менен коркутуп жаткандай болбоюн. 10  Анткени айрымдар: «Каттары курч, күчтүү жазылганы менен, арабызда жүргөндө* өзү алсыз+, сөзү супсак»,— дешет+. 11  Антип айткандардын эсинде болсун: көзүбүз жокто каттарыбыздагы сөздөр кандай болсо, араңарда жүргөндө иштерибиз да ошондой болот+. 12  Биз өзүбүздү өзүн көтөргөндөргө теңөөгө же алар менен салыштырууга батынбайбыз+. Алар өздөрүнө өз чен-өлчөмү менен баа берип, өздөрүн өздөрүнө салыштырып, акылсыздык кылып жатышат+. 13  Биз болсо өзүбүзгө белгиленген чектен чыкпай, Кудай өлчөп берген аймактын ичинде гана мактанабыз+. Ал аймак силерди да камтыйт+. 14  Силер бизге белгиленген аймакка кирбегенсип, өз аймагыбыздан чыгууга аракеттенбейбиз, анткени Машаяк жөнүндө жакшы кабар жарыялап, силерге биринчилерден болуп биз барганбыз+. 15  Биз башкалардын өзүбүзгө белгиленген аймактан сырткары кылган эмгеги менен мактанбайбыз+. Тескерисинче, ишенимиңер өскөн сайын+, өзүбүздүн аймакта, силердин араңарда чоң жетишкендиктерге ээ болорубузга үмүттөнөбүз+. Ошондо ого бетер чоң жетишкендиктерге ээ болобуз. 16  Анткени жакшы кабарды силерден ары жайгашкан жерлерге да жарыялайбыз+. Ошентип, башкалар иштеткен аймак менен мактанбайбыз. 17  «Ким мактанса, Жахаба менен мактансын»+. 18  Анткени Жахабага өзүн өзү көтөргөн адам эмес+, Ал көтөрмөлөгөн+ адам жагат+.

Шилтемелер

Грек. парусиа. Кара: 5-тирк.