Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Жылнаама 7:1—22

7  Сулайман тиленип бүтөрү менен+, асмандан от түшүп+, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен башка курмандыктарды жалмап кетти+, үйдүн ичи Жахабанын даңкына толду+.  Жахабанын үйү Жахабанын даңкына толгондуктан, дин кызматчылар Жахабанын үйүнө кире албай калышты+.  Оттун түшкөнүн жана үйдүн үстүндөгү Жахабанын даңкын көргөндө таш төшөлгөн короодо турган Ысрайыл уулдарынын баары жерге чейин ийиле+ таазим кылып+: «...анткени ал жакшы+, анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү»+,— деп Жахабага ыраазычылык билдире башташты.  Андан кийин падыша менен бүт эл Жахабанын алдында курмандык чалышты+.  Сулайман падыша Жахабага арнап курмандыкка 22000 бодо мал, 120000 кой чалды+. Ошентип, падыша менен бүт эл чыныгы Кудайдын үйүнүн ачылыш аземин өткөрүштү+.  Дин кызматчылар+ өз ордуларында турушту. Алардын жанында Дөөтү падыша Жахабаны даңктап ырдаш үчүн+ жасаган күү аспаптарды кармаган лебилер+ турушту. Дөөтү алар аркылуу Кудайды даңктаганда+, алар: «...анткени ал жакшы, анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү»,— деп Жахабаны даңкташчу. Алардын маңдайында турган дин кызматчылар сурнайларын катуу тартып жатышты+, ысрайылдыктардын баары туруп турушту.  Сулайман падыша бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалып+, тынчтык курмандыктарынын майын алып келиш үчүн Жахабанын үйүнүн алдындагы короонун ортоңку бөлүгүн ыйыктады+, анткени бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар, май+ жана нан курмандыктары+ ал жасаган жез курмандык жайына+ батпай калды.  Сулайман жети күндүк той өткөрүп+, бүт Ысрайыл+ — Хаматтын кире беришинен+ Мисир өзөнүнө+ чейинки жерлерден келген көп эл+ — аны менен чогуу майрамдады.  Алар жети күн курмандык жайынын арноо аземин өткөрүп, жети күн майрамдашты, ал эми сегизинчи күнү салтанаттуу жыйын өткөрүштү+. 10  Жетинчи айдын жыйырма үчүнчү күнү ал элди таратты. Алар Жахабанын Дөөтүгө, Сулайманга жана ысрайыл элине кылган+ бардык жакшылыктарын ойлоп+, чын жүрөктөн кубанып-шаттанышты+. 11  Сулайман Жахабанын үйүн, падыша сарайын+, ошондой эле Жахабанын үйү менен өзүнүн үйү үчүн эмнелерди жасоону ниет кылса, ошолордун баарын бүтүрдү+. 12  Түн ичинде Жахаба Сулайманга көрүнүп+, мындай деди: «Мен сенин тиленүүңдү уктум+ жана ушул жайды курмандык чалынуучу үй+ кылыш үчүн тандап алдым+. 13  Жамгыр жаабашы үчүн асманды жаап койгонумда+, жердеги өсүмдүктөрдү жеп кетиши үчүн чегирткелерди каптатканымда+ же элиме жугуштуу оору жибергенимде+, 14  менин ысмым+ менен аталган элим+ моюн сунуп+, менден тиленсе+, менин жүзүмдү издесе+ жана жаман жолунан бурулса+, мен асмандан аларды угуп+, күнөөсүн кечирем+, алардын жерин айыктырам+. 15  Ушундан тартып мен ушул жерде тиленгендерди угуп+, алардан көзүмдү албайм+. 16  Менин ысмым+ ушул үйдө түбөлүккө+ даңкталышы үчүн, мен ушул үйдү тандап+, ыйыктадым. Менин көзүм да, жүрөгүм да дайыма ушул жерде болот+. 17  Эгерде, атаң Дөөтүгө окшоп+, мага кызмат кылсаң, мен буйругандардын баарын аткарып+, көрсөтмөлөрүм+ менен мыйзамдарыма+ кармансаң, 18  анда мен: „Ысрайылды дайыма сенин тукумуң башкарат“+,— деп атаң Дөөтү менен түзгөн келишимиме ылайык+, сенин падышалык тактыңды бекемдейм+. 19  Эгер силер менден баш тартып+, мен берген осуяттар+ менен көрсөтмөлөрдү сактабай+, башка кудайларга кызмат кылып+, аларга таазим кылсаңар+, 20  анда мен силерди өзүңөргө берген жерден жок кылам+, өзүмдүн ысмым үчүн ыйыктаган+ бул үйдү таштап салам+, аны бардык элдерге ылакап+, шылдың кылам+. 21  Урандыга айланган бул үйдүн+ жанынан өткөн ар бир адам таң кала карап+: „Жахаба бул жерди, бул үйдү эмнеге ушинтип салды?“ — дейт+. 22  Ошондо ага: „Алар ата-бабаларынын Кудайын, аларды Мисир жеринен алып чыккан+ Жахабаны таштап+, башка кудайларга таазим кылып+, аларга кызмат кылып кетишти+. Ошондуктан ал аларды ушул кырсыктын баарына кабылтты“,— дешет»+.

Шилтемелер