Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Жылнаама 32:1—33

32  Хиския ишенимдүүлүк көрсөтүп+, ушул иштерди кылгандан кийин, Ашур падышасы+ Сенхейрип+ Жүйүт жерине кол салып, чептүү шаарларын+ басып алыш үчүн аларды курчоого алды.  Хиския Сенхейриптин Иерусалим менен согушканы келгенин көргөндө  төрөлөрү+ жана күчтүү кишилери менен кеңешип, шаардын сыртындагы булактардын көзүн бүтөп салууну чечти+. Алар ага жардам берүүгө макул болушту.  Анан көп эл чогулуп: «Ашур падышалары бул жерге келгенде суу таппай калышсын» — деп, бардык булактардын көзүн жана ошол жердеги агын суунун башатын бүтөп салышты+.  Хиския кайраттанып, дубалдын ураган жерлерин+ бүт оңдоп, үстүнө мунараларды курду да+, сыртынан дагы бир дубал+ тургузду. Ошондой эле ал Дөөтүнүн шаарындагы Милону*+ да кайра курду. Андан сырткары, ал көп жебе+, калкан+ жасап,  элдин үстүнөн аскер башчыларын+ койду. Анан алардын баарын шаар дарбазасынын алдындагы аянтка+ чогултту да, аларды бекемдеп+:  «Кайраттуу, бекем болгула+. Ашур падышасынан+ жана аны менен келаткан кара колдон+ коркпогула+, үрөйүңөр учпасын+, анткени алар тараптагыларга караганда биз тараптагылар көп.  Ал адамдын күчүнө таянып жатат+, биз болсо Жахаба Кудайыбызга таянып жатабыз. Ал бизге жардам берип+, биз үчүн салгылашат»,— деди+. Жүйүт падышасы Хискиянын сөздөрүн укканда эл кайраттанып калды+.  Ошол учурда аскерлери менен+ Лакиште+ жүргөн Ашур падышасы Сенхейрип+ Жүйүт падышасы Хиския менен Иерусалимдеги жүйүттөрдүн баарына кишилерин жөнөтүп, мындай деп айттырып жиберди: 10  «Ашур падышасы Сенхейрип мындай дейт+: „Курчоого алынган Иерусалимде кебелбей отургудай, деги эмнеге таянып жатасыңар?+ 11  Каныңар катып, ачкадан өлүшүңөр үчүн, Хиския+ силерди: ”Жахаба Кудайыбыз бизди Ашур падышасынын колунан куткарат”+,— деп алдап жаткан жокпу?+ 12  Кудайыңардын бийик жерлери+ менен курмандык жайларын бузуп+, Жүйүт менен Иерусалимдин тургундарына: “Бир гана курмандык жайынын+ алдында таазим кылгыла+, ошонун үстүнө гана курмандык түтүнүн түтөткүлө”+,— деп айткан ошол өзү эмес беле? 13  Силер менин жана ата-бабаларымдын жер бетиндеги элдердин бардыгын эмне кылганын билбейсиңерби?+ Ал элдердин кудайлары+ өз жерлерин менин колумдан сактап кала алдыбы? 14  Ата-бабаларым кырып жок кылган ал элдердин кудайларынын кайсынысы өз элин менин колумдан куткарып калды? Анан силердин Кудайыңар куткара алмак беле?+ 15  Хиския силерди алдап-азгырбай эле койсун+. Ага ишенбегиле, анткени бир да элдин, бир да падышалыктын кудайы өз элин менин жана ата-бабаларымдын колунан куткара алган эмес. Силердин Кудайыңар да силерди менин колумдан куткара албайт!“»+ 16  Ашур падышасынын кишилери чыныгы Кудай Жахабаны жана анын кызматчысы Хискияны мазактай беришти+. 17  Ашур падышасы атүгүл: «Жер бетиндеги элдердин кудайлары+ өз элин менин колумдан куткара албагандай эле+, Хискиянын Кудайы да өз элин менин колумдан куткара албайт»,— деп Ысрайылдын Кудайы Жахабага акарат кылып+, аны мазактап кат жазды+. 18  Алар+ дубалдын үстүндө турган Иерусалим тургундарын коркутуп+, дүрбөлөңгө түшүрүп, шаарды басып алыш үчүн, жүйүттөрдүн тилинде+ катуу кыйкырып сүйлөп жатышты+. 19  Алар жер бетиндеги элдердин адам жасаган кудайларын+ мазактагандай эле, Иерусалимдин Кудайын+ да мазактап жатышты+. 20  Хиския+ падыша менен Амостун уулу+ Ышая+ пайгамбар+ болсо бул тууралуу тиленип+, асмандагы Кудайга жардам сурап жалынып жатышты+. 21  Ошондо Жахаба периштесин жиберип+, Ашур+ падышасынын кошуунундагы эр жүрөк, күчтүү жоокерлеринин+, жол башчылары менен башчыларынын баарын кырып жок кылды. Падыша маскара болуп, өз жерине кайтты. Бир күнү ал өзүнүн кудайынын үйүнө киргенде, уулдары аны кылыч менен өлтүрүп салышты+. 22  Ошентип, Жахаба Хискияны жана Иерусалимдин тургундарын Ашур падышасы Сенхейрип менен башка бардык душмандарынын колунан куткарып+, тынчтык берди+. 23  Көптөр Иерусалимге Жахабага арнаган тартууларын+ алып келип жатышты, ошондой эле Жүйүт падышасы Хискияга кымбат баалуу белектерди берип жатышты+. Ошондон тартып бүт элдердин алдында анын зоболосу көтөрүлдү+. 24  Ошол күндөрү Хиския катуу ооруп калды+. Өлүм алдында жатканда ал Жахабадан тилене баштады+. Кудай ага жооп кайтарып+, жышаан берди+. 25  Бирок Хиския анын жакшылыгын баалаган жок+, анткени жүрөгү текеберденип кеткен эле+. Андыктан Кудай ага жана Жүйүт менен Иерусалимге каарданды+. 26  Ошондо жүрөгү текеберденип кеткен Хиския да, Иерусалимдин тургундары да моюн сунушту+. Ошондуктан Жахаба Хискиянын күндөрүндө аларга каарын төккөн жок+. 27  Хиския абдан көп байлыкка, атак-даңкка ээ болду+. Ал алтын-күмүшү+, кымбат баалуу таштары+, бальзам майы+, калкандары+ жана башка баалуу буюмдары үчүн кампаларды курду+. 28  Андан сырткары, эгинин, жаңы шарабын+, майын сактаганга кампаларды+, бодо малы менен майда малына малканаларды+, короолорду курду. 29  Ошондой эле ал өзүнө шаарларды куруп, бодо малы+ менен майда малын көбөйттү+. Кудай ага абдан көп мал-мүлк берди+. 30  Хиския Гихондун+ жогору жагындагы башатты+ бүтөп+, анын суусун батышты көздөй, Дөөтүнүн шаарын+ көздөй бурду. Ал бардык ишинде ийгиликке жетти+. 31  Бирок Бабылдын+ төрөлөрү ага+ ошол жерде берилген жышаан+ жөнүндө сураш үчүн өкүлдөрүн жибергенде, чыныгы Кудай аны сынап+, жүрөгүндөгүсүн билиш үчүн+, аны таштап койду+. 32  Хискиянын калган иштери+, көрсөткөн мээримдүүлүгү+ жөнүндө Амостун уулу Ышая+ пайгамбар алган аянда, Жүйүт падышалары менен Ысрайыл падышаларынын китебинде жазылган+. 33  Акыр-аягы, Хиския ата-бабаларына кошулду+. Анын сөөгүн Дөөтүнүн уулдарынын сөөгү коюлган жерге, дөбөнүн бооруна коюшту+. Ал өлгөндө, Жүйүт менен Иерусалимдин бүт тургундары ага урмат көрсөтүштү+. Анын ордуна уулу Менаше+ падышалык кыла баштады.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «үймө топуракты». Сыягы, сепил сыяктуу курулуш.