Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Жылнаама 30:1—27

30  Элди Иерусалимдеги Жахабанын үйүнө келип+, Ысрайылдын Кудайы Жахабага арналган пасах майрамын белгилөөгө+ чакырыш үчүн Хиския бүт Ысрайыл+ менен Жүйүт аймагына кабарчыларды жиберип, Эпрайым+ менен Менаше+ уруусундагыларга кат жөнөттү.  Падыша менен анын төрөлөрү+, ошондой эле Иерусалимдеги бүт жамаат+ пасахты экинчи айда белгилөөнү чечишти+.  Себеби ыйыкталган дин кызматчылар жетишсиз болгондуктан+ жана эл Иерусалимге чогула элек болгондуктан, пасахты биринчи айда өткөрө албай калышкан болчу+.  Падыша да, жамаат да муну туура көрдү+.  Ошентип, эл Иерусалимге келип, Ысрайылдын Кудайы Жахабага арналган пасах майрамын белгилеши үчүн, муну бүт Ысрайылга, Беир-Шебадан+ Данга+ чейин, жарыя кылууну чечишти+. Анткени эл мыйзамда талап кылынгандай+ көп санда чогулуп, ал майрамды белгилей элек болчу+.  Падышанын буйругу боюнча, кабарчылар+ бүт Ысрайыл менен Жүйүт аймагына падыша менен төрөлөр+ жазган каттарды жеткирип, аларга мындай дешти: «Ысрайыл уулдары, Ыбрайымдын, Ыскактын жана Ысрайылдын Кудайы Жахабага+ кайрылгыла+, ошондо ал да силерге, Ашур падышаларынын+ колунан аман калгандарга+, кайрылат.  Ата-бабаларыңардын Кудайы Жахабага ишенимсиздик көрсөткөн аталарыңар менен бир туугандарыңардай болбогула+. Өзүңөр көрүп тургандай, Кудай аларды ошон үчүн үрөй учурарлык абалга калтырган+.  Ата-бабаларыңарга окшоп, тоң моюн болбогула+. Жахабага баш ийгиле+, Жахаба Кудайыңардын түбөлүккө ыйыктаган+ ыйык жайына келип+, ага кызмат кылгыла+, ошондо анын жалындаган каары басылат+.  Эгер Жахабага кайрылсаңар+, бир туугандарыңар менен уулдарыңарды туткундап кеткендер аларга кайрымдуулук кылып+, аларды коё беришет+. Анткени Жахаба Кудайыңар — ырайымдуу+, кайрымдуу Кудай+. Эгер ага кайрылсаңар, ал силерди четке какпайт»+. 10  Андан кийин кабарчылар+ Эпрайым+ менен Менаше урууларына таандык шаарларды кыдырып, Забулун уруусунун жерине чейин барышты. Эл болсо аларды шылдыңдап, мазактап жатты+. 11  Ашыр, Менаше жана Забулун уруусундагылардын айрымдары гана+ баш ийип+, Иерусалимге келишти. 12  Чыныгы Кудай Жүйүт уруусундагыларга да батасын берип, аларга падыша менен төрөлөрдүн Жахабага сыйынууга байланышкан буйругун+ биримдикте+ аткарууга+ жардам берди. 13  Ошентип, экинчи айда+ калама майрамын белгилөө үчүн+ Иерусалимге көп эл, абдан көп эл чогулду+. 14  Алар Иерусалимдеги курмандык жайлары+ менен жыпарзат түтөткүчтөрдүн+ баарын Кидрон өзөнүнө+ алып барып ташташты. 15  Андан кийин, экинчи айдын он төртүнчү күнү, пасах курмандыгын союшту+. Дин кызматчылар менен лебилер уялып, өздөрүн ыйыкташты да+, Жахабанын үйүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалышты. 16  Чыныгы Кудайдын кишиси Мусанын мыйзамында жазылгандай, алар өз ордуларында турушту+, дин кызматчылар болсо лебилер берген канды курмандык жайына чачыратышты+. 17  Жамааттагылардын арасынан көптөр али ыйыктала элек болгондуктан, лебилерге+ таза эместердин баарын Жахаба үчүн ыйыкташ үчүн алардын ордуна пасах курмандыгын союу тапшырылды+. 18  Таза эместер+ абдан көп болчу. Алардын көбү Эпрайым+, Менаше+, Исахар жана Забулун урууларынан эле+. Алар пасах тамагын жешти, бирок бул мыйзам боюнча туура эмес болчу+. Ошондуктан Хиския алар үчүн тиленди+. Ал: «Жахаба өзүнүн боорукердиги+ менен кечирсе экен, 19  өзүнүн жүрөгүн ата-бабаларынын Кудайы Жахабаны издөөгө бургандардын баарын+, алар ыйык нерсе үчүн тазаланышпаса да+, кечирсе экен»,— деп тиленди. 20  Жахаба Хискиянын тиленүүсүн угуп, аларды кечирди+. 21  Ысрайыл уулдары Иерусалимде жети күн кубанып-шаттанып+, калама майрамын белгилешти+. Лебилер+ менен дин кызматчылар+ күн сайын Жахабаны даңазалаш үчүн күү аспаптарда катуу ойноп, Жахабаны даңкташты+. 22  Хиския Жахабанын ишин кылдаттык менен аткарган+ лебилердин баарын бекемдеп+, жылуу-жумшак сүйлөдү. Бүт баары жети күн майрамга арналган тамактардан жеп+, тынчтык курмандыктарын чалып+, ата-бабаларынын Кудайы Жахабанын алдында күнөөлөрүн мойнуна алып жатышты+. 23  Чогулган элдин баары дагы жети күн майрамдоону чечти+. Ошентип, алар кубанып-шаттанып, дагы жети күн майрамдашты+. 24  Жүйүт падышасы Хиския жамаатка миң бука, жети миң кой берди+, төрөлөр болсо миң бука, он миң кой беришти+. Дин кызматчылардын көптөрү өздөрүн ыйыкташты+. 25  Бүт жүйүт эли+, дин кызматчылар менен лебилер+, Ысрайылдан келген элдин баары+, ошондой эле Ысрайыл жеринен+ келген келгиндер+ менен Жүйүт жериндеги келгиндердин баары кубанып жатышты+. 26  Ошентип, Иерусалим шаттыкка бөлөндү, анткени Ысрайыл падышасы Дөөтүнүн уулу Сулаймандын күндөрүнөн бери+ Иерусалимде мындай майрам боло элек болчу+. 27  Акырында дин кызматчы-лебилер туруп, элге бата беришти+. Кудай алардын үнүн укту, алардын тиленүүсү асманга, анын ыйык жайына, жетти+.

Шилтемелер