Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Жылнаама 3:1—17

3  Сулайман Мориа+ тоосундагы Иерусалимге, Жахаба Дөөтүгө көрүнгөн жерге+, Жахабанын үйүн кура баштады+. Аны атасы Дөөтү даярдап койгон жебустук Орнандын кырманына кура баштады+.  Ал куруу ишин өзүнүн башкаруусунун төртүнчү жылында экинчи айдын экинчи күнү баштады+.  Сулайман куруп жаткан чыныгы Кудайдын үйүнүн пайдубалынын узундугу, мурунку чен-өлчөм боюнча, 60 чыканак, туурасы 20 чыканак болду+.  Үйдүн алдындагы мунаранын+ узундугу 20 чыканак болду, ал үйдүн туурасы менен бирдей эле. Бийиктиги болсо 120 чыканак болду. Ал анын ичин таза алтын менен каптады.  Чоң бөлмөнүн+ дубалдарын адегенде арча тактайы менен, анан анын үстүнөн жогорку сапаттагы алтын менен каптап+, курма дарагынын сүрөттөрү+, чынжырчалар менен кооздоп койду+.  Андан сырткары, үйдү кымбат баалуу таштар менен кооздоду+. Алтынды+ алтындын жеринен алып келген эле.  Ал үйдү, анын төрт кырдуу устундарын, эшиктери менен алардын кашектерин, дубалдарын алтын менен каптап+, дубалдарга керуптардын сүрөтүн түшүрдү+.  Андан кийин Ыйыктын ыйыгын+ жасады. Анын узундугу 20 чыканак болду+, ал үйдүн туурасы менен бирдей эле. Туурасы болсо 20 чыканак болду. Анан аны жогорку сапаттагы алтын менен каптады. Аны каптаганга 600 талант* алтын кетти.  Мыктарына+ 50 шекел алтын кетти. Ал үстүнкү бөлмөлөрдү да алтын менен каптады. 10  Ал Ыйыктын ыйыгына эки керуп жасап+, аларды алтын менен каптады+. 11  Керуптардын канаттарынын+ жалпы узундугу 20 чыканак болду. Бир керуптун бир канаты 5 чыканак, экинчи канаты да 5 чыканак болду. Анын бир канаты үйдүн дубалына, экинчиси экинчи керуптун канатына тийип турду+. 12  Экинчи керуптун да эки канаты тең 5 чыканактан болду. Анын да бир канаты үйдүн дубалына, экинчиси берки керуптун канатына тийип турду+. 13  Керуптардын жайылган канаттарынын жалпы узундугу 20 чыканак болду. Алар чоң бөлмө жакты карап турушчу. 14  Андан сырткары, ал көк жиптен+, кызгылт көк, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана өзгөчө чебердик менен токулган кездемеден көшөгө+ жасап, ага керуптардын сүрөтүн саймалап түшүрдү+. 15  Анан үйдүн алдына орнотконго узундугу 35 чыканак болгон эки жез мамы+, ал эми алардын ар биринин үстүнө бийиктиги 5 чыканак болгон эки таажы жасады+. 16  Ошондой эле мамылардын жогору жагына шурудай кылып такканга чынжырчаларды жасады+. Анан 100 анар+ жасап, аларды ошол чынжырчаларга бекитти. 17  Мамыларды ибадаткананын алдына: бирин оң жагына, экинчисин сол жагына орнотуп, оң жагындагысын Жахин деп, сол жагындагысын Бууз деп атады+.

Шилтемелер

1 талант = 34,2 кг.