Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Жылнаама 27:1—9

27  Жотам+ жыйырма беш жашында такка отуруп, Иерусалимде он алты жыл падышалык кылды. Анын энесинин аты Жеруша эле+, ал Садоктун кызы болчу.  Жотам, атасы Узиядай болуп+, Жахабанын көз алдында туура иштерди кылды+. Ал, атасынан айырмаланып, Жахабанын ибадатканасына кирген жок+. Эл болсо дагы эле жийиркеничтүү иштерди кыла берди+.  Жотам Жахабанын үйүнүн жогорку дарбазасын+ курду, ошондой эле Опел+ дубалында чоң курулуш иштерин жүргүздү.  Ал Жүйүттүн тоолуу аймагына+ шаарларды+, токойлорго+ чептер+ менен мунараларды+ курду.  Ал Амон уулдарынын+ падышасы менен согушуп, аларды жеңип алды. Ошондуктан Амон уулдары ага ошол жылы жүз талант күмүш, он миң кор*+ буудай+, он миң кор арпа+ беришти. Алар ага кийинки жылы да, андан кийинки жылы да ошончо салык төлөштү+.  Жахаба Кудайынын алдында туура жүргөндүктөн+, Жотам барган сайын күчтүү боло берди.  Жотамдын калган иштери+, анын жүргүзгөн согуштары, эмнелерди кылганы жөнүндө Ысрайыл падышалары менен Жүйүт падышаларынын китебинде жазылган+.  Ал жыйырма беш жашында такка отуруп, Иерусалимде он алты жыл падышалык кылды+.  Акыр-аягы, Жотам ата-бабаларына кошулду+. Анын сөөгүн Дөөтүнүн шаарына коюшту+. Анын ордуна уулу Ахаз падыша болду+.

Шилтемелер

1 кор = 220 л.