Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Жылнаама 15:1—19

15  Одеттин+ уулу Азарияга Кудайдын руху+ түштү.  Ал Асанын алдынан чыгып, мындай деди: «Аса, бүт Жүйүт менен Бенжемин, сөзүмө кулак салгыла! Жахаба менен болсоңор, ал да силер менен болот+. Эгерде аны издесеңер+, табасыңар*, ал эми аны таштай турган болсоңор, ал да силерди таштап коёт+.  Ысрайыл чыныгы Кудайсыз+, аларды үйрөткөн дин кызматчысыз+ жана Мыйзамсыз көп убакыт бою жашады.  Бирок кырсыкка кабылганда+ алар Ысрайылдын Кудайы Жахабага кайрылып+, аны издешти. Ошондо ал аларга жооп берди*+.  Ал жердегилер өз ара тынчтыкта жашабагандыктан+, ал убакта эч ким коркпой жол жүрө алчу эмес+.  Кудай ар кандай кырсык-каргашаларды жиберип, дүрбөлөңгө салгандыктан+, ал жерде жашаган эл бири-бири менен согушуп+, бир шаар экинчи шаарга каршы чыкчу.  Бирок эми силер кайраттуу болгула+, ындыныңарды өчүрбөгүлө*+, анткени кылган иштериңер үчүн сыйлык аласыңар»+.  Ушул сөздөрдү жана Одет+ пайгамбар айткан пайгамбарлыкты укканда Аса кайраттанып, Жүйүт уруусу менен Бенжемин уруусуна таандык бүт жерлердеги жана Эпрайымдын тоолуу аймагындагы+ өзү басып алган шаарлардагы жийиркеничтүү нерселерди+ жок кылып, Жахабанын ибадатканасынын мунарасынын алдындагы Жахабанын курмандык жайын+ кайра курду.  Ал Жүйүт уруусу менен Бенжемин уруусундагылардын баарын чогултту+. Ошондой эле Эпрайым, Менаше жана Шымон урууларына таандык жерлерден келген көптөгөн келгиндерди+ да чогултту. Алар Жахаба Кудайдын Аса менен экенин көрүп+, Ысрайылдан келишкен эле. 10  Ошентип, алар Иерусалимге Асанын башкаруусунун он бешинчи жылы үчүнчү айда чогулушту. 11  Ошол күнү алар олжолоп келген малдан Жахабага арнап курмандыкка жети жүз бука, жети миң кой чалышты. 12  Анан ата-бабаларынын Кудайы Жахабаны бүт жүрөгү, бүт жаны менен издейбиз+ деп келишим түзүштү+. 13  Эгер кимде-ким Ысрайылдын Кудайы Жахабаны издебесе, ал улуу болобу, кичүү болобу+, эркек болобу, аял болобу+, өлүм жазасына тартылмак+. 14  Алар кубанып-шаттанып, сурнайлар менен мүйүз сурнайлардын коштоосунда үнүн бийик чыгарып Жахабага ант беришти+. 15  Жүйүттө жашагандардын баары ал антка кубанып жатышты+. Анткени алар бүт жүрөгү менен ант берип, Кудайды чын көңүлдөн издешти, ошондуктан ал аларга жооп берди+. Жахаба аларды айланасындагы душмандарынын баарынан коргоп, тынчтык берди+. 16  Аса падыша атүгүл чоң энеси+ Мааханы+ ыйык устунга сыйыныш үчүн жийиркеничтүү буркан жасаганы үчүн+ канышалык наамынан ажыратты+. Жийиркеничтүү бурканын болсо кыйып+, майдалап, Кидрон өзөнүндө+ өрттөп салды+. 17  Бирок Ысрайылдагы бийик жерлер+ жок кылынган жок+. Анткен менен Аса өмүрү өткүчө Кудайга бүт жүрөгү менен кызмат кылды+. 18  Ал атасы ыйыктаган нерселер+ менен өзү ыйыктаган нерселерди: алтын-күмүштү жана башка буюм-тайымдардын баарын чыныгы Кудайдын үйүнө киргизди+. 19  Асанын башкаруусунун отуз бешинчи жылына чейин согуш болгон жок+.

Шилтемелер

Же: «ал өзүн тапканга жол берет».
Же: «өзүн тапканга жол берди».
Сөзмө-сөз: «колуңарды түшүрбөгүлө».