Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Жылнаама 14:1—15

14  Акыр-аягы, Абия ата-бабаларына кошулду+. Анын сөөгүн Дөөтүнүн шаарына+ коюшту. Абиянын ордуна уулу Аса+ падышалык кыла баштады. Асанын убагында ал жерде он жыл тынчтык болду+.  Аса Жахаба Кудайынын алдында жакшы, туура иштерди кылды.  Ал бөтөн жерликтердин кудайларынын курмандык жайлары+ менен бийик жерлерди талкалап+, ыйык мамыларды кыйратып+, ыйык устундарды кыйып салды+.  Ошондой эле ал жүйүттөргө ата-бабаларынын Кудайы Жахабага кызмат кылууну+, анын мыйзам-осуяттарын аткарууну+ буйрук кылды.  Аса Жүйүттүн бардык шаарларындагы бийик жерлер менен жыпарзат түтөткүчтөрдү талкалады+. Ал башкарып турган кезде падышалыгында тынчтык болду+.  Жүйүт жеринде тынчтык өкүм сүрүп тургандыктан, ал чептүү шаарларды курду+. Жахаба аны тегерегиндеги душмандарынан коргоп, тынчтык бергендиктен+, ошол жылдары эч ким аны менен согушкан жок.  Ал жүйүттөргө: «Келгиле, шаарларды куруп+, аларды дубалдар, мунаралар+, бекиткичтери бар дарбазалар+ менен курчайлы. Биз Жахаба Кудайыбызды издегендиктен+, жер азыр бизге таандык. Биз аны издегендиктен, ал бизди тегерегибиздеги душмандардан коргоп, тынчтык берди»,— деди+. Ошентип, алар шаарларды куруп, ийгиликке жетишти+.  Асанын Жүйүт уруусунан чоң калкан+ менен найза+ көтөргөн 300000 жоокери+ жана Бенжемин уруусунан кичине калкан көтөргөн, жаа тарткан+ 280000 жоокери болгон+. Алардын баары эр жүрөк, күчтүү кишилер болушкан.  Кийинчерээк эфиопиялык+ Зерак миллион жоокери+, үч жүз арабасы менен ага каршы согушканы жөнөдү. Ал Марешага+ жеткенде, 10  Аса аны менен согушканы чыкты. Алар Марешадагы Сепата өрөөнүнө барып, аскердик тартипте тизилишти. 11  Аса Жахаба Кудайына кайрылып+: «Оо, Жахаба, сен үчүн күчтүүлөргө да, алсыздарга да, кимисине болбосун, жардам берүү кыйын эмес+. Жахаба Кудайыбыз, бизге жардам бере көр, биз сага таянабыз+. Бул сансыз элге да сенин ысмың менен+ каршы чыктык. Жахаба, сен биздин Кудайыбызсың+. Көр пенденин сенден күчтүү болуп кетишине жол бербе»,— деди+. 12  Ошондо Жахаба Аса менен жүйүттөргө эфиопиялыктарды талкалаганга жардам берди+. Эфиопиялыктар качып жөнөштү. 13  Аса өзүнүн кишилери менен аларды Герарга+ чейин кууп барды. Эфиопиялыктардын бири да аман калган жок, баары өлдү. Ошентип, Жахаба менен анын кошууну+ аларды талкалап+, жүйүттөр көп олжолуу болушту+. 14  Жахаба Герардын айланасындагы шаарларга коркунуч жибергендиктен+, жүйүттөр ал шаарлардын баарын басып алып, талап-тоноп кетишти, анткени ал жакта олжо көп болчу+. 15  Ошондой эле алар малчылардын чатырларына+ кол салып, көп майда малын, төөлөрүн+ айдап кетишти+. Андан кийин Иерусалимге кайтышты.

Шилтемелер