Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Жылнаама 12:1—16

12  Падышалык бийлиги бекемделип+, күчтүү болуп калганда Рехабам Жахабанын мыйзамына карманбай калды+. Аны көрүп, бүт Ысрайыл да ошентти+.  Алар Жахабага ишенимсиздик көрсөтүшкөндүктөн+, Рехабамдын+ башкаруусунун бешинчи жылында Мисир падышасы Шишак+ Иерусалим менен согушуу үчүн чыкты.  Ал 1200 арабасы+, 60000 атчан жоокери менен келди. Аны менен кошо Мисирден сансыз көп+ ливиялыктар+, суккимдер, эфиопиялыктар+ келишти.  Ал Жүйүт жериндеги чептүү шаарларды+ басып алып, акыры Иерусалимге+ келди.  Ошондо Шишактан коркуп Иерусалимге чогулган Жүйүт төрөлөрү менен Рехабамга Шемая+ пайгамбар келип: «Жахаба мындай дейт: „Силер мени таштап койгонуңар үчүн+, мен да силерди таштап+, Шишактын колуна салып бердим“»,— деди.  Бул сөздөрдү укканда Ысрайыл төрөлөрү менен падыша Кудайдын алдында моюн сунуп+: «Жахаба адил»,— дешти+.  Жахаба алардын анын алдында моюн сунганын көрдү+. Ошондо Жахаба Шемаяга+: «Алар моюн сунгандыктан+, мен аларды кырып жок кылбайм. Жакын арада аларды куткарам, Иерусалимге Шишак+ аркылуу каарымды төкпөйм.  Бирок алар ага кул болушат+. Ошондо алар мага кызмат кылуу+ менен башка жерлердин падышаларына кызмат кылуунун айырмасын билишет»,— деди+.  Мисир падышасы Шишак+ Иерусалимге кол салып, Жахабанын үйүндөгү+ жана падыша сарайындагы баалуу нерселердин баарын+, ошондой эле Сулайман жасаган алтын калкандарды+ да алып кетти. 10  Алардын ордуна Рехабам падыша жез калкандарды жасап, падышанын үйүнүн кире беришиндеги+ күзөтчүлөрдүн+ башчыларына тапшырды. 11  Падыша Жахабанын үйүнө баратканда, күзөтчүлөр келип, калкандарды көтөрүп жүрүшчү, анан кайра күзөтчүлөрдүн бөлмөсүнө коюп коюшчу+. 12  Рехабам Кудайдын алдында моюн сунгандыктан+, Жахаба ага каарын төккөн жок, аларды толугу менен жок кылган жок+. Анткени Жүйүт жеринде жакшы иштер да жасалып жаткан эле+. 13  Рехабам+ падыша Иерусалимде бийлигин чыңдап, падышалык кыла берди. Ал кырк бир жашында такка отуруп, Ысрайыл урууларына таандык шаарлардын ичинен Жахаба өзүнүн ысмы үчүн+ тандаган Иерусалим шаарында+ он жети жыл бийлик кылды. Анын энесинин аты Наама болчу+, ал Амондун тукумдарынан эле+. 14  Жахабаны издөөгө бүт жүрөгү менен чечкиндүү болбогондуктан+ Рехабам жаман иштерди кылды+. 15  Рехабамдын алгачкы жана акыркы иштери+ Шемая+ пайгамбар менен Идо көрөгөчтүн+ санжырага ылайык жазылган билдирүүлөрүндө баяндалган. Рехабам+ менен Жеробамдын+ ортосунда дайыма согуш болуп турган. 16  Акыр-аягы, Рехабам ата-бабаларына кошулду+. Анын сөөгүн Дөөтүнүн шаарына+ коюшту. Рехабамдын ордуна уулу Абия+ падышалык кыла баштады.

Шилтемелер