Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Жакан 1:1—13

 Аксакалдан+ Кудай тандап алган айымга*+ жана анын балдарына — мен чындап жакшы көргөндөргө+, мен эле эмес, чындыкты таанып-билгендердин+ баары жакшы көргөндөргө.  Биз силерди жакшы көрөбүз, анткени биз менен түбөлүккө боло турган чындык+ ар бирибиздин жүрөгүбүздө+.  Чындык жана сүйүү+ менен бирге Атабыз Кудайдын, анын Уулу Иса Машаяктын ырайымы+, кайрымдуулугу, тынчтыгы биз менен болот+.  Балдарыңдын+ айрымдарынын Атабыз берген осуятка ылайык+ чындыкта жүрүшкөнүн+ угуп, абдан кубанып жатам.  Айым, сенден бири-бирибизди сүйүшүбүз керектиги тууралуу осуятты+ аткарууну суранам. Мен жазып жаткан бул осуят жаңы эмес+, анткени бул осуят бизде башынан эле бар+.  Сүйүү+ — бул анын осуяттарын сактап жашоо*+. Бул осуятты силер башынан эле угуп келгенсиңер. Мындан ары да ушуга ылайык жашагыла+.  Себеби дүйнөдө көптөгөн жалганчылар пайда болду+. Алар Иса Машаяктын адам болуп келгенин+ четке кагышат. Ошенткен киши — жалганчы+, Машаяктын душманы+.  Эмгегибиз текке кетпей, толук сыйлык алгыдай болушуңар үчүн+ сак болгула.  Ким алга карай жүткүнүп+, Машаяктын окуусу боюнча жашабаса+, Кудай менен биримдикте эмес+. Ал эми ким анын окуусуна ылайык жашаса, Атабыз менен да, Уулу менен да биримдикте+. 10  Эгер силерге келген кимдир бирөө ошол окуу менен келбесе, аны үйүңөргө киргизбегиле+, аны менен саламдашпагыла+. 11  Анткени аны менен саламдашкан адам анын жаман иштерине ортоктош болот+. 12  Силерге дагы көп нерсе айткым келет, бирок анын баарын сыя менен кагазга түшүргүм келген жок+. Анткени силерге барып, бетме-бет сүйлөшөрүмө үмүттөнөм+. Ошондо кубанычыңар+ толук болот+. 13  Кудай тандап алган эжеңдин балдары сага салам айтып жатышат+.

Шилтемелер

Бул кайсы бир аялды же Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларынын жыйналышын билдириши мүмкүн.
Сөзмө-сөз: «жүрүү».