Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Шемуел 8:1—22

8  Шемуел карыганда уулдарын Ысрайылга бий кылып дайындады+.  Анын тун уулунун аты Жоел+, экинчисиники Абия+ эле. Алар Беир-Шебада бий болушту.  Бирок уулдары атасынын жолу менен жүрүшкөн жок+. Алар арам жол менен пайда көрүүгө умтулуп+, пара алып+, чындыкты бурмалашчу+.  Бир күнү Ысрайыл аксакалдарынын баары+ чогулуп, Рамага, Шемуелге келип:  «Сен карып калдың, уулдарың болсо сенин жолуң менен жүрүшкөн жок. Андыктан бизге падыша шайлап бер+, ал башка элдердин падышаларындай болуп бизге сот жүргүзсүн»,— дешти.  Шемуелге алардын: «Бизге падыша шайлап бер, ал бизге сот жүргүзсүн»,— дегени жаккан жок. Ошондуктан ал Жахабага кайрылды+.  Жахаба ага мындай деди+: «Элдин айтканын ук. Алар эмне десе, ошону кыл+, анткени алар сени эмес, мени четке кагып жатышат, менин падыша болушумду каалабай жатышат+.  Мен аларды Мисирден алып чыккан күндөн тартып+ ушул күнгө чейин алар мени таштап+, башка кудайларга кызмат кылып келатышат+. Мага кылганын алар эми сага да кылып жатышат.  Алардын айтканын аткар, бирок бийлик кыла турган падышанын укуктарын айтып, эскертип кой»+. 10  Шемуел өзүнө падыша сураган элге Жахаба айткандардын баарын айтып берди. 11  Ал аларга мындай деди: «Силерге бийлик кыла турган падышанын укуктары+ мындай: ал уулдарыңарды алып+, айрымдарына өзүнүн майдан арабаларын айдатат+, башкаларын атчан жоокер кылат+, дагы башкаларын өзүнүн майдан арабаларынын алдында чуркатып коёт+. 12  Ал өзүнө миң башылар+ менен элүү башыларды+ дайындайт, айрымдарыңарга жерин айдатып+, түшүмүн жыйнатат+, согуш куралдарын+, майдан арабаларынын жабдууларын+ жасатат. 13  Кыздарыңарды алып, жыттуу майларды жасатат, тамак кылдырып, нан бышыртат+. 14  Жерлериңердин, жүзүмзарларыңардын+, зайтун багыңардын+ эң жакшысын алып, өзүнүн кызматчыларына берет. 15  Эгиниңер менен жүзүмүңөрдүн ондон бир бөлүгүн алып+, падыша сарайында кызмат кылгандар+ менен башка кызматчыларына берет. 16  Кулдарыңар менен күңдөрүңөрдү, бодо малыңардын эң жакшысын, ошондой эле эшектериңерди алып, өзүнүн иштерине колдонот+. 17  Майда малыңардын+ ондон бир бөлүгүн алат, өзүңөр болсо ага кул болосуңар. 18  Өзүңөр тандап алган падышанын айынан ошол күнү боздойсуңар+, бирок Жахаба силерди укпайт»+. 19  Эл болсо Шемуелдин айтканын уккусу келбей+: «Жок, бизди падыша башкарсын, 20  ошондо биз башка элдердей болобуз+. Ал бизге сот жүргүзөт, биздин алдыбызда жүрүп, душмандарыбыз менен согушат»,— деди. 21  Шемуел элдин айтканынын баарын угуп, аларды Жахабага айтып берди+. 22  Жахаба ага: «Алар айтканды кыл, аларга падыша шайлап бер»,— деди+. Ошондо Шемуел элге: «Ар бириңер өз шаарыңарга баргыла»,— деди.

Шилтемелер