Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Шемуел 6:1—21

6  Жахабанын келишим сандыгы+ пелиштиликтердин жеринде жети ай болду.  Пелиштиликтер дин кызматчылар менен төлгөчүлөрдү+ чакырып: «Жахабанын келишим сандыгын эмне кылалы? Айткылачы, аны өз жерине эмне кошуп жөнөтөлү?» — деп сурашты.  Алар: «Эгер Ысрайылдын Кудайынын келишим сандыгын жөнөтө турган болсоңор, тартуусуз жөнөтпөгүлө. Ага айыбыңар үчүн тартуу берип жибергиле+. Ошондо ооруңардан айыгасыңар жана ал эмне үчүн колун силерге каршы сунганын билесиңер»,— дешти.  Пелиштиликтер: «Айыбыбыз үчүн ага кандай тартуу жиберели?» — деп сурашты. Тигилер мындай дешти: «Силердин баарыңарды, шериктеш башкаруучуларыңарды+ бирдей балээ баскандыктан, пелиштиликтердин шериктеш башкаруучуларынын санына жараша, алтындан көк баш шишигине окшош беш шишик, беш чычкан* жасап, жөнөтүп жибергиле.  Көк баш шишигине окшош шишиктерди жана жериңерди кыйраткан чычкандардын+ түспөлүн жасап, Ысрайылдын Кудайын даңктагыла+. Балким, ошондо ал силерге каршы сунган колун силерден, кудайыңардан жана жериңерден кайра тартып алат+.  Мисирликтер менен фараондой болуп жүрөгүңөрдү катуулантып эмне кыласыңар?+ Алар Кудай катуу жазалагандан кийин гана+ ысрайылдыктарды коё беришкен. Ошондо ысрайылдыктар ал жерден кетишкен+.  Жаңы араба жасап+, аны моюнтурук салынбаган+ эки саан уйга чеккиле. Музоолорун болсо, энелерин ээрчибеши үчүн, үйгө айдап кеткиле.  Жахабанын келишим сандыгын ошол арабага салгыла да, айыбыңар үчүн+ бере турган тартууңарды — алтындан жасаган буюмдарыңарды+ — үкөккө салып, жанына коюп койгула. Анан аны коё бергиле, кете берсин.  Өзүңөр болсо карап тургула, эгер ал өз жерине, Бет-Шемешти+ көздөй бет алса, анда кырсыкты бизге ал жиберген болот. Ал эми башка жакка кетсе, анда ал бизге каршы колун сунган эмес, демек, биз бул балээге кокусунан+ кабылганбыз». 10  Алар ошондой кылышты: эки саан уйду арабага чегишти, музоолорун болсо сарайга камап коюшту. 11  Анан Жахабанын келишим сандыгын, алтындан жасалган чычкандар менен көк баш шишигине окшош шишиктер салынган үкөктү арабага+ салышты. 12  Уйлар туура Бет-Шемешти көздөй жөнөштү+. Алар чоң жолдон оңго да, солго да бурулбай, жолдо катар мөөрөп баратышты. Пелиштиликтердин шериктеш башкаруучулары+ болсо алардын артынан Бет-Шемештин чек арасына чейин барышты. 13  Ошол убакта Бет-Шемештин тургундары өрөөндө буудай оруп жатышкан эле+. Алар баштарын көтөрүп, келишим сандыгын көрүп, сүйүнүп кетишти. 14  Араба бет-шемештик Жашыянын талаасындагы чоң таштын жанына келип токтоп калды. Алар арабаны отун кылышты да, уйларды+ Жахабага арналган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалышты+. 15  Лебилер+ Жахабанын келишим сандыгын, алтындан жасалган нерселер салынган үкөктү алып, чоң таштын үстүнө коюшту. Ошол күнү Бет-Шемештин+ тургундары Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен башка курмандыктарды чалышты. 16  Пелиштиликтердин беш башкаруучусу+ мунун баарын көрдү. Алар ошол эле күнү кайра Экронго кайтышты. 17  Ошентип, пелиштиликтер өздөрүнүн айыбы үчүн Жахабага тартуу катары алтындан көк баш шишигине окшош беш шишик жасап+, алардын бирин Азот+ үчүн, бирин Аза+ үчүн, бирин Ашкелон+ үчүн, бирин Гат+ үчүн, дагы бирин Экрон+ үчүн беришти. 18  Алтындан жасалган чычкандарды да пелиштиликтердин беш башкаруучусуна таандык шаарлар үчүн, чептүү шаарлар менен айылдар үчүн, тартуу катары беришти. Жахабанын келишим сандыгы коюлган чоң таш бет-шемештик Жашыянын талаасында ушу күнгө чейин күбө катары турат. 19  Бет-Шемештин+ тургундары Жахабанын келишим сандыгын карашканы үчүн, ал аларды кыра баштады. Ал элдин арасынан жетимиш кишини — элүү миң кишини* — өлтүрдү. Жахаба чоң кыргын салгандыктан+, эл боздоп ыйлады. 20  Бет-Шемештин тургундары: «Ыйык Кудайдын+, Жахабанын, алдында ким тура алат? Ал бизден кетип, башкаларга барса кана!» — дешти+. 21  Алар Кириат-Жеаримдин+ тургундарына кабарчыларды жөнөтүп: «Пелиштиликтер Жахабанын келишим сандыгын кайтарып беришти. Келип, алып кеткиле»,— деп айттырып жиберишти+.

Шилтемелер

Же: «кош аяк», секирип жүрүүчү кемирүүчү.
Айрымдардын ою боюнча, «элүү миң киши» деген сөздөр текстке кийинчерээк кошулган.