Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Шемуел 5:1—12

5  Пелиштиликтер чыныгы Кудайдын келишим сандыгын алып+, Эбенезерден Азотко+ алып барышты.  Анан алар чыныгы Кудайдын келишим сандыгын Дагондун үйүнө алып барып, Дагондун жанына коюп коюшту+.  Эртеси күнү азоттуктар эртең менен эрте турушса, Дагондун айкели Жахабанын келишим сандыгынын алдында бети менен жатыптыр+. Алар аны кайра ордуна коюп коюшту+.  Кийинки күнү да эртең менен эрте турушса, Дагон дагы Жахабанын келишим сандыгынын алдында бети менен жатыптыр. Анын башы менен эки колу кесилип, босогодо жатыптыр+, денесинин балык сымал бөлүгү* гана бүтүн калыптыр.  Ошондуктан Дагондун дин кызматчылары менен Азоттогу Дагондун үйүнө келип жүргөндөр ушу күнгө чейин анын босогосун тебелешпейт.  Жахаба колун+ азоттуктарга каршы сунуп, аларды дүрбөлөңгө түшүрүп, Азотто жана анын тегерек-четинде жашагандардын баарын көк башка*+ чалдыктырды.  Муну көрүп, азоттуктар: «Ысрайылдын Кудайынын келишим сандыгын бул жерден жоготуш керек, анткени анын колу бизге, биздин кудайыбыз Дагонго каршы сунулду»,— дешти+.  Алар пелиштиликтердин шериктеш башкаруучуларынын баарын чогултуп: «Ысрайылдын Кудайынын келишим сандыгын эмне кылсак?» — деп сурашты. Алар: «Аны Гатка+ жөнөтөлү»,— дешти. Ошентип, Ысрайылдын Кудайынын келишим сандыгын Гатка жөнөтүштү.  Алар аны Гатка алып барышканда, Жахаба колун ал шаарга каршы сунуп+, дүрбөлөңгө түшүрүп, анын тургундарын кичинесинен чоңуна чейин көк башка+ чалдыктырды. 10  Ошондо алар чыныгы Кудайдын келишим сандыгын Экронго+ жөнөтүштү. Аны Экронго алып барышканда, анын тургундары: «Алар бизди, элибизди өлтүрүш үчүн Ысрайылдын Кудайынын келишим сандыгын бизге жөнөтүшүптүр!» — деп чуу салышты+. 11  Анан пелиштиликтердин шериктеш башкаруучуларынын баарын чогултуп: «Ысрайылдын Кудайынын келишим сандыгын өзүнүн жерине жөнөткүлө, болбосо өзүбүз да, элибиз да кырылып калабыз»,— дешти. Шаардагы бүт эл өлүп калабыз деп коркуп жатты+. Чыныгы Кудай аларга каршы колун сунгандыктан+, 12  тирүү калгандары көк баштан кыйналып жатышты+. Шаардын тургундары асманды карап, жардам сурап кыйкырып жатышты+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Дагон гана». Кыязы, Дагондун айкелинин көрүнүшү жарымы адамдыкындай, жарымы балыктыкындай болгон.
Геморрой.