Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Шемуел 4:1—22

4  Шемуел Кудайдын айткандарын ысрайыл элине айтып турчу. Бир күнү Ысрайыл уулдары пелиштиликтер менен согушканы чыгып, кошуундары менен Эбенезердин+ жанына жайгашышты. Пелиштиликтер болсо Апекке+ жайланышты.  Алар Ысрайыл уулдары менен согушуу үчүн катарга тизилишти+. Ошентип, катуу салгылаш башталды. Пелиштиликтер ысрайылдыктарды кыйратып+, алардын төрт миңге жакын жоокерин өлтүрүштү.  Аскерлер конушка кайтып келгенде, Ысрайыл аксакалдары: «Эмне үчүн Жахаба бүгүн пелиштиликтерден жеңилип калышыбызга жол берди?+ Келгиле, Шилого барып, Жахабанын келишиминин сандыгын алып келели+, ал арабызда болуп, бизди душмандарыбыздан коргоп турсун»,— дешти.  Алар Шилого киши жиберип, керуптардын*+ үстүндө отурган асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын келишиминин сандыгын алдырышты. Чыныгы Кудайдын келишиминин сандыгынын жанында Эйлинин уулдары Копни менен Пинехас бар эле+.  Жахабанын келишиминин сандыгын конушка алып келишкенде, ысрайылдыктардын баары жер жаңырта кыйкырышты+.  Аны укканда пелиштиликтер: «Еврейлердин конушундагылар эмнеге мынчалык катуу кыйкырып жатышат?» — дей башташты+. Жахабанын келишиминин сандыгын конушка алып келишкенин билгенде  пелиштиликтердин жүрөктөрү түштү. Алар: «Конушка Кудай келиптир!+ Башыбызга каран түн түштү! Анткени мындай нерсе мурун болгон эмес эле.  Башыбызга каран түн түштү! Эми бул улуу Кудайдын колунан бизди ким куткара алат? Мисирликтерди чөлдө ар кандай балээлерге дуушар кылган ушул Кудай эмеспи+.  Пелиштиликтер, кайраттангыла, эр жүрөк болгула. Еврейлер силерге кул болгондой, силер да аларга кул болуп калбагыла+. Эр жүрөк болгула, алар менен салгылашкыла!» — дешти. 10  Пелиштиликтер ысрайылдыктар менен согушуп, аларды жеңип алышты+. Ысрайылдыктар чатырларын көздөй качып жөнөштү+. Алар 30 000 жөө жоокеринен айрылып+, чоң жоготууга дуушар болушту+. 11  Душмандар Кудайдын келишим сандыгын тартып алышты+, ал эми Эйлинин уулдары Копни менен Пинехас өлдү+. 12  Бенжемин уруусундагы бир киши согуш жүрүп жаткан жерден качып, ошол эле күнү Шилого келди. Анын кийими айрылган+, башы топурак эле+. 13  Ал чуркап келгенде, Эйли жолдун боюнда отургучта жол карап отурган болчу. Ал чыныгы Кудайдын келишим сандыгын ойлоп, тынчсызданып жаткан эле+. Чуркап келген киши шаарга кирип, эмне болгонун айтып берди. Ошондо бүт шаар өкүрүк салды. 14  Эйли өкүрүктү укканда: «Бул эмне болгон ызы-чуу?» — деп сурады+. Тиги киши эмне болгонун айтып бериш үчүн Эйлиге чуркап келаткан эле. 15  (Ошол учурда Эйли токсон сегиз жашта эле. Анын көзү көрбөй калган болчу.)+ 16  Ал Эйлиге чуркап келип: «Мен бүгүн согуш талаасынан... согуш жүрүп жаткан жерден качып келдим»,— деди. Эйли андан: «Айтчы, эмне болду, уулум?» — деп сурады. 17  Кабарчы ага: «Ысрайыл уулдары пелиштиликтерден качып жөнөдү, элибиз чоң жоготууга учурады+. Сиздин уулдарыңыз Копни менен Пинехас да каза болду+, чыныгы Кудайдын келишим сандыгын болсо душмандар тартып алды»,— деди+. 18  Ал чыныгы Кудайдын келишим сандыгы жөнүндө айтары менен, Эйли дарбазанын жанындагы отургучтан кулап түшүп, мойну сынып өлүп калды, анткени ал карып калган эле, салмактуу да болчу. Ал Ысрайылда кырк жыл бий болду. 19  Анын келини, Пинехастын аялы, ай-күнүнө жетип, төрөйүн деп турган эле. Душмандардын чыныгы Кудайдын келишим сандыгын тартып алышканын, кайнатасы менен күйөөсүнүн каза болгонун укканда ал бүгүлө калды, анткени күтүлбөгөн жерден толгоосу келип, төрөтү башталды+. 20  Ал өлүп баратканда, жанындагы аялдар ага: «Коркпо, уул төрөдүң»,— дешти+. Бирок ал эч нерсе деп жооп берген жок, көңүл да бурган жок. 21  Душмандар чыныгы Кудайдын келишим сандыгын алып кеткендиктен жана кайнатасы менен күйөөсү өлүп калгандыктан+, ал: «Ысрайылдын даңкын туткундап кетишти» — деп+, уулунун атын Ихабот*+ койду. 22  Ал: «Ысрайылдын даңкын туткундап кетишти+, анткени чыныгы Кудайдын келишим сандыгын тартып алышты»,— деди+.

Шилтемелер

Жогорку даражалуу периштелер.
Мааниси: «Даңк каякта?»