Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Шемуел 29:1—11

29  Пелиштиликтер+ бүт аскерлерин чогултуп, Апекке жайгашышты. Ысрайылдыктар болсо Изреилдеги+ булактын жанына жайгашышты.  Пелиштиликтердин шериктеш башкаруучулары+ жүз кишиден жана миң кишиден турган аскердик топтору менен баратышты. Дөөтү менен анын кишилери болсо артта Акиш+ менен баратышты.  Пелиштиликтердин төрөлөрү: «Бул еврейлер+ бул жерде эмне кылып жүрүшөт?» — деп сурашты. Акиш аларга: «Бул Ысрайыл падышасы Шабулдун кызматчысы Дөөтү да. Анын жанымда жүргөнүнө бир-эки жыл болуп калды+. Мен тарапка өткөндөн бери анын бир да жамандык кылганын көргөн жокмун»,— деди+.  Ошондо алар ага кыжырданып: «Муну кетирип жибер+, сен берген жерге кайтсын. Ал биз менен согушка барбасын, болбосо ал жактан бизге каршы чыгат+. Ал өзүнүн мырзасына биздин кишилерибиздин башын алып жагынбаганда дагы кантип жагынмак эле?!  „Шабул миңди жеңди, Дөөтү болсо он миңди жеңди“ — деп, эл ырдап-бийлеп тосуп алган Дөөтү ушул эмеспи?» — дешти+.  Акиш+ Дөөтүнү чакырып, ага: «Жахаба тирүү!+ Сен чынчыл кишисиң, мага келгениңден бери сенин жамандык кылганыңды эч көргөн жокмун+. Мени менен согушка барышыңды каалаган элем+, бирок шериктеш башкаруучулар+ сени жактырбай жатышат.  Ошондуктан алардын алдында туура эмес бир нерсе кылып койбошуң үчүн артка кайт, үйүңө тынчтык менен бара бер»,— деди.  Бирок Дөөтү ага: «Мен эмне кылдым?+ Сага келгенден бери кулуңдан кандай айып таптың?+ Эмне үчүн мага улуу урматтуу падышамдын душмандары менен согушканы барганга болбойт?» — деди.  Акиш: «Мен сенин жакшы киши экениңди, Кудайдын периштесиндей+ экениңди билем, бирок пелиштилик төрөлөр: „Ал биз менен согушка барбасын“,— деп жатышпайбы. 10  Ошондуктан эртең өзүң да, сени менен келген кишилериң да эртең менен эрте туруп, таң атары менен кетип калгыла»,— деди+. 11  Дөөтү кишилери менен эртең менен эрте туруп+, пелиштиликтердин жерине кайтты, пелиштиликтер болсо Изреилге+ жөнөштү.

Шилтемелер