Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Шемуел 23:1—29

23  Бир канча убакыт өткөндөн кийин Дөөтүгө: «Пелиштиликтер Кеилага+ кол салып, кырмандардын баарын талап-тоноп жатышат»,— деген кабар жетти+.  Ал Жахабадан: «Пелиштиликтер менен согушканы барайынбы, аларды талкалай аламбы?» — деп сурады+. Жахаба: «Бар, сен аларды талкалап, Кеиланы куткарасың»,— деп жооп берди.  Ошондо Дөөтүнүн кишилери ага: «Биз ушул Жүйүт жеринде+ коркуп жүрөбүз, анан кантип Кеилага барып, пелиштиликтер менен согушмак элек?!» — дешти+.  Дөөтү кайрадан Жахабага кайрылды+. Жахаба ага: «Кеилага бара бер, анткени мен пелиштиликтерди сенин колуңа салып берем»,— деди+.  Дөөтү кишилери менен Кеилага барды да, пелиштиликтерге кыргын салып, малын айдап кетти. Ошентип, ал Кеиланын тургундарын куткарды+.  Акимелектин уулу Абыятар+ Кеилага, Дөөтүгө качып барганда эфодду+ ала барган болчу.  Бир канча убакыт өткөндөн кийин Шабулга: «Дөөтү Кеилага келди»,— деп билдиришти+. Шабул: «Кудай аны колума салып берди*+, анткени ал бекиткичтер менен жабылган дарбазалары бар шаарга кирип, өзүн өзү камады»,— деди.  Кеилага барып, Дөөтү менен анын кишилерин курчап алып, алар менен согушуш үчүн Шабул бүт элин чогултту.  Дөөтү Шабулдун ага жамандык ойлоп жатканын билгенде+ дин кызматчы Абыятарга: «Эфодду алып кел»,— деди+. 10  Анан Кудайга кайрылып: «Оо, Ысрайылдын Кудайы Жахаба+, кулуң Шабулдун Кеилага келип, менин айымдан бул шаарды талкалаганы жатканын укту+. 11  Оо, Ысрайылдын Кудайы Жахаба, кулуңа жооп берчи, Кеиланын тургундары мени Шабулдун колуна салып беришеби? Кулуң уккандай, Шабул бул жакка келеби?» — деди. Жахаба: «Келет»,— деди+. 12  Дөөтү: «Кеиланын тургундары мени кишилерим менен кошо Шабулдун колуна салып беришеби?» — деп сурады. Жахаба: «Салып беришет»,— деди+. 13  Дөөтү менен анын жанындагы 600гө жакын кишиси+ ошол замат Кеиладан чыгып кетип, ар кайсы жерде жүрүштү. Шабул анын Кеиладан кетип калганын угуп, ал жакка барбай калды. 14  Дөөтү Зип+ чөлүндөгү тоолуу аймактын киши бара алгыс жерлеринде жүрдү. Шабул аны тынымсыз издей берди+, бирок Кудай аны Шабулдун колунан улам куткарып жатты+. 15  Шабулдун өлтүргүсү келип жүргөнүн билгендиктен Дөөтү андан коркуп, ошол убакта Зип чөлүндөгү Хореште+ жашынып жүрдү. 16  Шабулдун уулу Жонатан Дөөтүнүн Кудайга болгон ишенимин+ бекемдеш үчүн+ Хорешке барды. 17  Ал Дөөтүгө: «Коркпо+, атам сага эч нерсе кыла албайт. Сен Ысрайылга падыша болосуң+, мен болсо сенден кийин турган адам болом. Муну атам да билет»,— деди+. 18  Анан экөө Жахабанын алдында келишим түзүштү+. Дөөтү Хореште калды, Жонатан болсо үйүнө кайтты. 19  Кийинчерээк зиптиктер+ Гибага+, Шабулга барып: «Дөөтү бизге жакын жерде, Хорештин+ киши бара алгыс жерлеринде, Жешимондун+ оң тарабындагы Гахила+ адырында, жашынып жүрөт+. 20  Падыша, эгер кааласаң+, ал жакка түшүп бар. Биз болсо аны падышанын колуна салып беребиз»,— дешти+. 21  Шабул аларга: «Мага боор ооруганыңар үчүн, Жахаба силерге батасын берсин+. 22  Барып, анын кайсы жерлерде жүрөрүн, аны ким көргөнүн дагы жакшыраак билип бергиле. Мен аны абдан куу деп уккам+. 23  Ал жашынып жүргөн жерлерди чалгындап, так билип келгиле. Анан мен силер менен барып, аны миңдеген жүйүттөрдүн арасынан болсо да+ издеп табам»,— деди. 24  Ошондо алар Шабулдан мурун Зипке+ жөнөштү. Дөөтү ошол учурда кишилери менен Жешимондун түштүк тарабында, Арабадагы+ Маон+ чөлүндө жүргөн. 25  Шабул кишилери менен аны издегени жөнөдү+. Бул тууралуу укканда Дөөтү ылдый түшүп, Маон чөлүндөгү бир аскага жашынды+. Шабул муну угуп, Дөөтүнүн артынан Маон чөлүнө барды+. 26  Ал тоонун берки тарабы менен баратты, Дөөтү болсо кишилери менен тоонун аркы тарабында болчу. Дөөтү Шабулдан жашынып калууга шашты+. Бирок Шабул менен анын кишилери Дөөтүнү жана анын кишилерин колго түшүрүш үчүн аларды курчоого ала башташты+. 27  Ошол учурда Шабулга кабарчы келип: «Тезирээк кайт, пелиштиликтер жерибизге кол салды!» — деди. 28  Шабул Дөөтүнү кууганын токтотуп+, пелиштиликтер менен согушканы кетти. Ошондуктан ал жер Бөлүнүү аскасы деп аталып калган. 29  Дөөтү ал жерден кетип, Эн-Гединин+ киши бара алгыс жерлеринде жашынып жүрдү.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «сатты».