Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Шемуел 22:1—23

22  Дөөтү ал жактан кетип+, Адулам+ үңкүрүнө+ барып жашынды+. Атасынын үйүндөгүлөрү менен бир туугандары бул тууралуу угуп, ал жашынган жерге түшүп келишти.  Анын жанына кыйналгандардын+, карызга баткандардын+, ызаланып жүргөндөрдүн+ баары чогулду+. Дөөтү аларга башчы болду+. Ошентип, анын жанына баары биригип 400гө жакын киши чогулду.  Дөөтү ал жерден чыгып, Маап жериндеги Миспеге барып, Маап падышасынан+: «Мен Кудайдын мени эмне кыларын билгиче, ата-энем+ силердин араңарда жашай турсунчу»,— деп суранды.  Анан ата-энесин Маап падышасына алып келди. Алар Маап падышасынын жеринде, Дөөтү тоолордо канча убакыт жашынып жүрсө+, ошончо убакыт бою жашашты.  Бир канча убакыт өткөндөн кийин, Гат пайгамбар+ Дөөтүгө: «Тоолордо жашынып жүрө бербей, Жүйүт жерине+ бар»,— деди. Дөөтү ал жерден кетип, Херет токоюна барды.  Шабул Дөөтү менен анын кишилеринин каякта жүргөнүн укту. Ошол убакта ал Гибадагы дөңсөөдө, балгын дарагынын+ түбүндө колуна найзасын+ кармап отурган болчу. Кызматчыларынын баары анын жанында турушкан эле.  Шабул жанындагы кызматчыларына: «Бенжемин уулдары, силер Жышайдын уулу+ да силерге жер, жүзүмзар берип+, баарыңарды миң башы+, жүз башы кылат деп ойлоп жатасыңарбы?  Баарыңар сүйлөшүп алып, уулумдун Жышайдын уулу менен келишим түзгөнүн+ менден жашырып коюптурсуңар+. Бириңердин да мага бооруңар оорубаптыр. Уулумдун өз кулумду мага каршы чыгууга тукурганын мага айтпай коюптурсуңар. Эми ал мени аңдып жүрөт»,— деди.  Ошондо Шабулдун кулдарынын башчысы эдомдук Доек+ ага: «Мен Жышайдын уулунун Нопко, Акитуптун+ уулу Акимелекке+ барганын көргөм. 10  Ал Жахабадан Дөөтү жөнүндө сурап+, ага тамак-аш+ жана пелиштилик Голиаттын кылычын+ берген»,— деди. 11  Падыша ошол замат киши жиберип, Акитуптун уулу Акимелекти жана анын атасынын үйүндөгүлөрүнүн баарын, Ноптогу+ дин кызматчыларды, чакыртты. Алар падышага келишти. 12  Шабул: «Акитуптун уулу, сөзүмө кулак сал»,— деди. Ал: «Угуп жатам, мырзам»,— деди. 13  Шабул: «Эмне үчүн Жышайдын уулу экөөңөр сүйлөшүп алып, мага каршы чыгып жатасыңар?+ Ал мага каршы чыгышы үчүн, сен ага нан, кылыч берип, Кудайдан ал жөнүндө сураган турбайсыңбы? Эми ал мени аңдып жүрөт»,— деди+. 14  Акимелек: «Кызматчыларыңдын арасында Дөөтүдөй ким бар?+ Ал — ишенимдүү киши+, падышанын күйөө баласы+, жан сакчылардын башчысы. Аны үйүңдөгүлөрүңдүн баары сыйлайт+. 15  Мен ал жөнүндө Кудайдан бүгүн эле сурап жаткан жокмун+. Аны сага каршы тукурайын деген оюмда да жок. Падышам кулун жана анын атасынын үйүндөгүлөрүн күнөөлөбөсө экен, анткени кулуң бул тууралуу эч нерсе билген эмес»,— деди+. 16  Бирок падыша: «Акимелек, сен да+, атаңдын үйүндөгүлөрү да+ өлүшү керек»,— деди. 17  Анан жанында турган жан сакчыларына+ мындай деп буйрук берди: «Жахабанын дин кызматчыларын өлтүргүлө, анткени алар Дөөтү менен бир. Алар анын качып жүргөнүн билип туруп мага айтпай коюшту!»+ Бирок падышанын кызматчылары Жахабанын дин кызматчыларын өлтүргүсү келген жок+. 18  Ошондо падыша Доекке+: «Дин кызматчыларды сен өлтүр!» — деди. Эдомдук+ Доек ошол замат аларды өлтүрө баштады. Ошол күнү ал зыгыр буласынан эфод кийген+ 85 дин кызматчыны өлтүрдү+. 19  Ал дин кызматчылардын шаары Ноптун+ тургундарын да: эркектерин да, аялдарын да, балдарын да, ымыркайларын да кылычтап, өгүздөрүн, эшектерин, койлорун бүт кырып таштады. 20  Акитуптун уулу Акимелектин уулдарынын бири Абыятар+ гана аман калып, Дөөтүгө качып барды да, 21  ага: «Шабул Жахабанын дин кызматчыларын өлтүрүп салды»,— деди. 22  Ошондо Дөөтү: «Эдомдук Доектин Шабулга баарын жеткирип барарын билгем+, анткени ошол күнү ал ошол жерде болчу+. Атаңдын үйүндөгү ар бир жандын өлүмүнө мен жооптуумун. 23  Эми мени менен бирге жүр. Коркпо. Менин жанымды издегендер сенин жаныңды да издешет. Мен сени коргоп жүрөм»,— деди+.

Шилтемелер