Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Шемуел 20:1—42

20  Дөөтү Рамадагы Найоттон качып+, Жонатанга барды да, ага: «Мен эмне кылдым?+ Мени өлтүргүсү келгидей, атаңдын алдында эмне күнөө кылдым?» — деди.  Жонатан ага: «Жок, сен өлбөйсүң. Андай болушу мүмкүн эмес+. Атам мага айтпай туруп кичине да, чоң да иш кылбайт+. Анан кантип менден бул ишти жашырып койсун?+ Андай болушу мүмкүн эмес»,— деди.  Бирок Дөөтү ант берип+: «Сенин көз алдыңда ырайым тапканымды атаң билет болуш керек+. Ошондуктан ал: „Жонатан бул жөнүндө билбей эле койсун, бекер капа болот“,— деп жатса керек. Жахаба тирүү+, сен да тирүүсүң, менин өмүрүм кылдын учунда турат!» — деди+.  Жонатан Дөөтүгө: «Мен сен үчүн каалаганыңдын баарын кылам»,— деди.  Дөөтү ага мындай деди: «Эртең ай жаңырат+, мен падыша менен бирге тамактанышым керек. Бирок сен мени коё бер, үчүнчү күндүн кечине чейин талаада жашына турайын+.  Эгер атаң менин жок экенимди байкап калса, ага: „Дөөтү менден суранып, Бетлехем+ шаарына кетти, себеби үй-бүлөсүндөгүлөр чогулуп, жыл сайын чалынчу курмандык чалышат экен“,— деп айт+.  Эгер ал: „Андай болсо, жакшы“,— десе, анда кулуңа тынчтык болот. Эгерде ачууланса, анда ал мага жамандык ойлоп жаткан болот+.  Жахабанын алдында мени менен келишим түзгөнүңдү эске алып+, кулуңа мээримдүүлүк көрсөт+. Эгер кандайдыр бир күнөө кылган болсом+, анда мени өзүң эле өлтүрүп сал. Мени атаңа алып барып эмне кыласың?»  Жонатан ага: «Мындай нерсе оюңа да келбесин! Атамдын сага жамандык ойлоп жатканын билсем, сага айтпай коймок белем»,— деди+. 10  Дөөтү: «Эгер атаң айткандарыңа каарданса, аны мага ким кабарлайт?» — деди. 11  Жонатан ага: «Жүр, талаага баралы»,— деди. Экөө талаага барышты. 12  Анан Жонатан мындай деди: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба+ күбө болсун+, эртең же бүрсүгүнү атам менен сүйлөшөм. Эгер ал сага* жамандык ойлобогон болсо, анда бул тууралуу сага айттырып жиберем. 13  Эгер атамдын сага жамандык ойлоп жатканын билип айтпай койсом жана сени тынчтык менен коё бербесем, анда Жахаба мени* катуу жазаласын+. Мен сага бул жөнүндө сөзсүз билдирем. Жахаба менин атам менен болгондой эле+, сени менен да болсун+. 14  Эгер мен тирүү болсом+, өлбөшүм үчүн, сен да мага Жахабаныкындай мээримдүүлүк көрсөтө көр+. 15  Менин үй-бүлөмө түбөлүккө мээримдүүлүк көрсөтө көр+. Жахаба Дөөтүнүн бардык душмандарын жер үстүнөн жок кылганда, 16  Дөөтүнүн үйүнөн Жонатандын ысмы өчпөсүн+. Жахаба Дөөтүнүн бардык душмандарын жоопко тартат». 17  Дөөтүнү жакшы көргөндүктөн Жонатан дагы ант берди. Ал аны жанындай жакшы көрчү+. 18  Анан Жонатан ага мындай деди: «Эртең ай жаңырат+. Ордуң бош тургандыктан, жок экениңди сөзсүз байкашат. 19  Бүрсүгүнү болсо жок экениң ого бетер билинет. Андыктан башка күнү* жашынган жериңе барып+, ошол жердеги таштын жанында тур. 20  Мен болсо, бутаны аткандай, ошол таштын бир тарабын көздөй үч жолу жаа тартам. 21  Анан кызматчымды: „Барып, жебелерди таап кел“,— деп жөнөтөм. Эгер ага: „Жебелер арт жагыңда, аларды ал“,— десем, анда мага келе бер, анткени сага тынчтык болот. Жахаба тирүү+, сен эч нерсе болбойсуң. 22  Эгерде ал уланга: „Жебелер алды жагыңда“,— десем, анда кетип кал, анткени Жахаба сени коё берген болот. 23  Ал эми сүйлөшкөн сөзүбүз жөнүндө айта турган болсом+, Жахаба экөөбүздүн ортобузга түбөлүккө күбө болсун»+. 24  Дөөтү талаага барып жашынды+. Ай жаңырган күнү падыша тамактанганы отурду+. 25  Ал адатынча өзүнүн ордуна, дубалдын жанына отурду. Жонатан анын маңдайына, ал эми Абинер+ жанына отурду. Дөөтүнүн орду болсо бош калды. 26  Шабул ичинен: «Ал бир нерседен улам таза эмес болуп калып, тазалана элек окшойт»,— деп ойлоп+, ал күнү унчуккан жок. 27  Ай жаңыргандын эртеси күнү, экинчи күнү, Дөөтүнүн орду дагы бош калды. Ошондо Шабул уулу Жонатандан: «Эмнеге Жышайдын уулу+ кечээ да, бүгүн да тамакка келген жок?» — деп сурады. 28  Жонатан: «Дөөтү менден суранып, Бетлехемге+ кетти. 29  Ал: „Үй-бүлөбүздөгүлөрдүн баары шаарыбызда курмандык чалат экен, агам мени да келип кал деди. Эгер көз алдыңда ырайым тапкан болсом, бир туугандарыма эч кимге байкатпай барып келгенге уруксат эт“,— деп суранды. Ошондуктан ал падыша менен тамактанганы келген жок»,— деп жооп берди. 30  Шабул Жонатанга каарданып+: «Оңбогон ээн баш десе*!+ Өзүңдү да, энеңди да+ уят кылып, Жышайдын уулу менен дос болуп жүргөнүңдү билбейт дейсиңби? 31  Жышайдын уулу жер үстүндө тирүү жүргөндө, падышалык бийлигиң көпкө турбайт+. Тезинен киши жибер, аны мага алып келишсин, ал өлүшү керек»,— деди+. 32  Жонатан атасына: «Аны эмнеге өлтүргөнү жатасыз?+ Ал эмне кылды?» — деди+. 33  Шабул аны сайып салыш үчүн найзасын аны көздөй ыргытты+. Ошондо Жонатан атасынын Дөөтүнү чындап эле өлтүргүсү келип жатканын түшүндү+. 34  Ал ачууланган бойдон ордунан туруп кетти+. Дөөтүнү ойлоп кайгыргандыктан+ жана атасы аны кемсинткендиктен+, ал ай жаңырган күндүн эртеси тамак жеген жок. 35  Эртеси эртең менен Жонатан жанына жаш кызматчысын алып, Дөөтү жашынган талаага барды+. 36  Анан ал уланга: «Чурка, мен аткан жебелерди таап кел»,— деди+. Улан чуркап жөнөдү. Жонатан жебелерди анын алды жагына, андан бир топ алыс түшкүдөй кылып атты. 37  Улан жебе түшкөн жерге жеткенде, Жонатан ага: «Жебе алдыраак жакта»,— деп кыйкырды+. 38  Анан дагы: «Бол, батыраак! Токтобо!» — деп кыйкырды. Улан жебелерди чогултуп, мырзасына алып келди. 39  Ал эч нерсе билген жок. Бул тууралуу Жонатан менен Дөөтү гана билчү. 40  Андан кийин Жонатан кызматчысына курал-жарагын берип: «Буларды шаарга алып бар»,— деди. 41  Анын кызматчысы кеткенде, түштүк тараптан Дөөтү басып келди да, тизелеп, жерге чейин ийиле үч жолу таазим кылды+. Экөө бири-бирин өөп+, ыйлай башташты. Дөөтү көбүрөөк ыйлады+. 42  Анан Жонатан Дөөтүгө: «Тынчтык менен бара бер+, анткени экөөбүз: „Жахаба экөөбүздүн ортобузда, ошондой эле менин тукумум менен сенин тукумуңдун ортосунда түбөлүккө күбө болсун“+,— деп Жахабанын ысмын оозанып ант бергенбиз»+,— деди. Дөөтү ордунан туруп, ал жерден кетти. Жонатан болсо шаарга кайтып барды.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Дөөтүгө».
Сөзмө-сөз: «Жонатанды».
Же: «майрам эмес күнү».
Же: «Ээн баш күңдүн баласы».