Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Шемуел 2:1—36

2  Анна мындай деп тиленди+: «Жүрөгүм Жахабаны ойлоп кубанат+, Жахаба мүйүзүмдү* көтөрдү+. Мени куткарганыңа кубанып+, Душмандарыма тайманбай сүйлөйм.  Жахабадай ыйык эч ким жок, сага окшош эч ким жок+, Биздин Кудайыбыздай аска жок+.  Мындан ары менменсине, Ооз көптүрө сүйлөбөгүлө+. Анткени Жахаба — баарын билген Кудай+, Ал бардыгын туура таразалайт+.  Мыкты жаачыларды коркунуч басат+, Ал эми алсыздар күчкө толот+.  Курсагы токтор нан үчүн жалданып иштеп калышат+, Ачкалар болсо тоюнушат+. Атүгүл төрөбөс аял жетини төрөдү+, Уулу көп аял болсо төрөбөй калды+.  Жахаба өлтүрө да алат, сактай да алат+, Ал көргө* түшүрө да алат+, көрдөн чыгара да алат+.  Жахаба жакырданта да алат+, байыта да алат+, Ал басынта да алат, көтөрө да алат+.  Бей-бечараны топурактан тургузат+, Жакырды күлдөн көтөрөт+. Аларды атактуулар менен отургузуп, даңк тактысын+ мураска берет+. Жердин пайдубалы Жахабанын колунда+, Жерди анын үстүнө орноткон.  Ал өзүнө берилгендердин кадамын сактайт+, Ыймансыздар болсо караңгылыкта жок болушат+, Анткени адам өз күчү менен жеңе албайт+. 10  Жахабага каршы чыккандардын үрөйү учат+, Аларга каарын төккөндө, асман күркүрөйт+. Падышасына күч бериш үчүн+, Майланганынын мүйүзүн көтөрүш үчүн+, Жахаба бүт жер жүзүн соттойт»+. 11  Андан кийин Элкана Рамага, үйүнө кетти. Баласы болсо дин кызматчы Эйлинин жанында Жахабага кызмат кылып калды+. 12  Эйлинин уулдары начар адамдар эле+. Алар Жахабадан коркушчу эмес+. 13  Эл алып келген курмандыктардын дин кызматчыларга тиешелүүсүн+ алар мындай кылышчу: курмандык чалынган сайын, эт кайнап жатканда+, дин кызматчынын жардамчысы үч илик айры алып келип, 14  эт кайнап жаткан идиштин кайсынысына болбосун салчу. Анан айрыга эмне илинсе, ошону дин кызматчы өзүнө алып алчу. Алар Шилого келген ысрайылдыктардын баарын ушундай кылышчу+. 15  Андан сырткары, курмандыктын майы өрттөлгөнгө чейин+, дин кызматчынын жардамчысы курмандык алып келген кишиге: «Дин кызматчыга куурдак кылганга эт бер. Ал бышкан этти албайт, чийкисин бер»,— дечү+. 16  Эгер тиги киши: «Адегенде май өрттөлсүн+, анан каалаганыңды+ ала бер»,— десе, дин кызматчынын жардамчысы: «Жок, азыр бер. Бербесең, тартып алам»,— дечү+. 17  Жахабанын алдында алардын күнөөсү абдан чоң эле+, анткени алар Жахабага арналган курмандыктарды ыйык нерсе катары эсептешчү эмес+. 18  Жаш Шемуел болсо зыгыр буласынан токулган эфод кийип+, Жахабага кызмат кылып жүрдү+. 19  Ата-энеси жыл сайын курмандык чалганы келгенде+, энеси ага жеңи жок узун көйнөк тигип келип берчү. 20  Эйли Элкана менен анын аялына батасын берип+, Элканага: «Жахабага берген балаңдын ордуна Жахаба силерге дагы бала берсин»,— деди+. Анан алар үйүнө кетишти. 21  Жахаба Аннага назарын салгандыктан+, анын боюна бүтүп, дагы үч уул, эки кыз төрөдү+. Жаш Шемуел болсо Жахабанын алдында чоңоюп жатты+. 22  Эйли абдан карып калган эле. Ал уулдарынын ысрайылдыктарга кандай мамиле кылып жатканын+, жыйын чатырынын кире беришинде+ кызмат кылган аялдар менен жатып жүргөнүн+ укчу+. 23  Ал далай жолу уулдарына+: «Эмнеге мындай кылып жатасыңар?+ Силер жөнүндө элдин баарынан жаман сөздөрдү угуп жатам+. 24  Мындай кылганыңар жарабайт+, балдарым. Жахабанын элинин арасында силер жөнүндө жаман сөздөрдү айтып жатышат+. 25  Эгер адам адамга каршы күнөө кылса+, Кудай ага арачылык кылат+. Ал эми Жахабага каршы күнөө кылса+, ал үчүн ким тиленет?» — деп айткан+. Бирок алар атасынын айткандарын укчу эмес+, анткени Жахаба аларды өлүм жазасына тартууну чечип койгон болчу+. 26  Ал ортодо жаш Шемуел өсүп, Жахабага да, адамдарга да күндөн күнгө жага берди+. 27  Бир күнү Эйлиге Кудайдын кишиси+ келип, мындай деди: «Жахаба мындай дейт: „Ата-бабаңдын үйү Мисирде фараондун үйүндө кул болуп жүргөндө, мен ага ачылган эмес белем?+ 28  Менин дин кызматчым болуп, курмандык жайыма чыгып+, курмандык өрттөшү үчүн жана менин алдымда эфод кийип жүрүшү үчүн, аны Ысрайыл урууларынын арасынан тандап алгам+. Ысрайыл уулдары алып келген өрттөлүүчү тартуулардын баарын мен ата-бабаңдын үйүнө бергем+. 29  Эмне үчүн силер менин турагыма+ алып келүүнү буйрук кылган курмандыгым менен тартуумду ыйык көрбөй жатасыңар?+ Эмнеге уулдарыңды менден артык көрөсүң?+ Эмнеге ысрайыл элим алып келген тартуулардын эң жакшысын өзүңөр жеп, семирип жатасыңар?+ 30  Мына ошондуктан Ысрайылдын Кудайы Жахаба: “Мен сенин жана ата-бабаңдын үйү мага түбөлүккө кызмат кыларын айткан болчумун”,— дейт+. Эми болсо Жахаба: “Мындан ары мындай болбойт! Мени урматтаганды+ урматтайм+, мени урматтабаганды басынтам”,— деп жатат+. 31  Мына, мен сени да, ата-бабаңдын үйүн да алсырата турган күндөр келатат, сенин үйүңдө кары киши болбойт+. 32  Ысрайыл жакшы күндөрдү өткөрүп жатканда, сен менин турагымдан душманды көрөсүң+. Үйүңдө эч качан кары киши болбойт. 33  Бирок көздөрүң көрбөй, жаның кыйналышы үчүн, араңардан менин курмандык жайымда кызмат кылганга киши калтырам. Үйүңдөгүлөрдүн көбү кылычтан өлөт+. 34  Эки уулуң Копни менен Пинехас+ бир күндө өлөт+, бул сен үчүн белги болот. 35  Мен болсо өзүмө ишенимдүү дин кызматчы дайындайм+. Ал менин жүрөгүмдөгүнү, оюмдагыны аткарат. Анын үйүн түбөлүккө бекем кылам, ал дайыма менин майланганымдын+ алдында дин кызматчы болуп кызмат кылат. 36  Ошондо үйүңдөгүлөрдүн тирүү калганы+ барып, ага таазим кылып: “Нан таап жеш үчүн, мага дин кызматчылар аткара турган бир иш таап берчи”,— деп андан жумуш сурайт, нан сурайт“»+.

Шилтемелер

Ыйык Китепте «мүйүз» деген сөз көп учурда күч-кубатты, бийликти билдирет.
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.