Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Шемуел 17:1—58

17  Пелиштиликтер+ согушуу үчүн аскерлерин Жүйүт жериндеги Сокого+ чогултушту да, Соко менен Азектин+ ортосундагы Эфес-Дамимге+ барып жайгашышты.  Шабул да ысрайылдыктарды чогултту. Анан алар пелиштиликтер менен согушуу үчүн Эла өрөөнүнө+ барып, аскердик тартипте жайгашышты.  Ошентип, пелиштиликтер бир тоонун үстүндө, ысрайылдыктар экинчи тоонун үстүндө турушту; ортодо өрөөн бар эле.  Пелиштиликтердин кошуунунан гаттык+ Голиат+ аттуу балбан чыкты. Анын бою алты чыканак бир карыш* болчу+.  Башында жез туулгасы, үстүндө салмагы беш миң шекел* болгон кабырчыктуу жез сооту+ бар эле.  Тизе каптары да, артындагы найзасы+ да жезден эле.  Экинчи найзасынын сабы болсо кездеме токугучтун баканындай чоң болчу+, ал эми анын учундагы темиринин салмагы алты жүз шекел* эле. Анын алдында чоң калкан көтөргөн жоокер келатты.  Голиат токтоп, ысрайылдык жоокерлерге: «Кайсы арыңарга согушканы чыктыңар? Мен пелиштиликтердин мыкты жоокеримин, силер болсо Шабулдун кулдарысыңар+. Мени менен согуша турган кишиңерди тандагыла, ал жаныма түшүп келсин.  Эгер ал мени менен согушуп, мени өлтүрсө, анда биз силерге кул болобуз. Эгер мен аны өлтүрсөм, анда силер бизге кул болосуңар»+,— деп кыйкырды+. 10  Анан: «Бүгүн мен ысрайылдык аскерлерди маскара кылам+. Кишиңерди чыгаргыла, согушабыз!» — деди+. 11  Пелиштилик кишинин бул сөздөрүн укканда Шабул+ менен ысрайылдык жоокерлердин баарынын жүрөгү түштү+. 12  Дөөтү Жүйүт жериндеги Бетлехемде жашаган эфраталык+ Жышайдын уулу болчу. Жышайдын сегиз уулу бар эле+. Шабул падышанын убагында ал киши карып калган болчу. 13  Анын улуу үч баласы Шабул менен бирге согушка кеткен эле+. Тун уулунун аты Элиап+, экинчисиники Абынадап+, үчүнчүсүнүкү Шамай+ болчу. 14  Дөөтү эң кичүүсү эле+. Үч улуу агасы Шабул менен согушка кеткен эле. 15  Шабулга кызмат кылып жүргөндө Дөөтү атасынын койлорун кайтарыш үчүн+ Бетлехемге барып турчу. 16  Пелиштилик тиги киши кырк күн бою эртең менен да, кечинде да ысрайылдыктардын алдына чыгып жатты. 17  Жышай уулу Дөөтүгө: «Бул бир эйфа куурулган дан+ менен он нанды алып, тезинен кошуундагы агаларыңа алып бар. 18  Ал эми бул он тоголок сырды* миң башыга алып бар+. Анан агаларыңдын ал-жайын билип+, алардан кабар алып кел»,— деди. 19  Ошол убакта анын агалары, Шабул жана бүт ысрайылдыктар пелиштиликтер+ менен согушуш үчүн Эла өрөөнүндө+ эле. 20  Дөөтү эртең менен эрте туруп, койлорун сакчыга табыштады да, аны-мунуларын алып, атасы Жышай айткандай, жолго чыкты+. Ал кошуундагы жүккө жакындаганда+, аскерлер ураан чакырып, согушка чыгып баратышкан эле+. 21  Ысрайылдыктар менен пелиштиликтер бири-биринин каршысына тизиле баштаганын көргөндө 22  Дөөтү буюмдарын жүк+ кайтарган күзөтчүгө калтыра салып+, аскерлердин жанына чуркап барды да, агаларынан ал-жайын сурай баштады+. 23  Ал агалары менен сүйлөшүп турганда, пелиштиликтердин Голиат+ аттуу гаттык+ балбаны чыгып, баягы эле сөздөрүн айта баштады+. Аларды Дөөтү да укту. 24  Ал кишини көргөндө ысрайылдыктардын баары абдан коркуп, кача башташты+. 25  Алар: «Бул кишини көрдүңөрбү? Ал күндө Ысрайылды шылдыңдаш үчүн чыгат+. Аны өлтүргөн кишиге падыша көп байлык тартуулап, өзүнүн кызын аялдыкка берет+ жана анын атасынын үйүн ысрайылдыктардан талап кылынган алык-салыктан бошотот»,— деп жатышты+. 26  Дөөтү жанында тургандардан: «Бул пелиштиликти+ өлтүрүп, Ысрайылды шылдыңдан арылта турган кишиге кандай сыйлык берилет экен?» — деп сурады+. Анан: «Тирүү Кудайдын+ аскерлерин мазактагыдай+ сүннөткө отургузулбаган+ бул пелиштилик ким экен?» — деди. 27  Алар мурдараак айткан сөздөрүн кайра кайталап: «Аны өлтүргөн кишиге ушундай сыйлык берилет экен»,— дешти. 28  Улуу агасы Элиап+ анын жанындагылары менен сүйлөшүп жатканын угуп, ачуулана+: «Бул жерге эмнеге келдиң? Өзү аз эле коюбуз болсо, талаада аларды кимге таштадың?+ Сенин менменсинген, жүрөгү бузук бала экениңди билем+. Бул жакка салгылашты көргөнү келдиң да»,— деди+. 29  Дөөтү ага: «Мен эмне кылдым? Жөн эле сурап койсо да болбойбу?» — деди+. 30  Анан бурулуп, башка бирөөдөн кайра сурай баштады+. Жанындагы кишилер ага мурдараак айтылгандарды эле айтып жатышты+. 31  Дөөтүнүн сөзүн уккандар аны Шабулга айтып барышты. Ал аны чакыртты. 32  Дөөтү Шабулга: «Эч ким коркпосун+. Бул пелиштилик менен согушканы кулуңуз өзү барат»,— деди+. 33  Бирок Шабул: «Сен ал пелиштилик менен согуша албайсың+, анткени али жашсың+, ал болсо жаштайынан жоокер»,— деди. 34  Дөөтү ага мындай деди: «Мырзам, мен атамдын койлорун кайтарып жүргөндө, кээде арстан+ же аюу келип, койлордун бирин көтөрүп кетчү. 35  Ошондо мен артынан кууп барып, ага кол салып+, оозунан койду жулуп алчумун. Эгер ал мага асылса, аны мойнунан алып, жерге жыгып, өлтүрүп салчумун. 36  Кулуңуз арстанды да, аюуну да өлтүрүп койчу. Ал тирүү Кудайдын+ аскерлерин+ мазактаганы үчүн+ сүннөткө отургузулбаган бул пелиштиликти+ да ошондой кылат». 37  Анан Дөөтү: «Мени арстан менен аюудан куткарган Жахаба бул пелиштиликтин колунан да куткарат»,— деди+. Ошондо Шабул ага: «Анда бара бер, Жахаба сени менен болсун»,— деди+. 38  Шабул Дөөтүгө өзүнүн кийимин кийгизип, башына жез туулга, үстүнө соот кийгизди. 39  Дөөтү кийиминин сыртынан кылыч тагынып, ары-бери басып көрмөкчү болду, бирок көнбөгөндүктөн баса албай койду. Ал Шабулга: «Мен буларды кийип баса албайм, мындайга көнгөн эмесмин»,— деди да, алардын баарын чечип салды+. 40  Анан колуна таягын алып, өзөндөн беш жылмакай таш тандап алды да, аларды кой кайтарганда буюмдарын салып жүргөн баштыгына салды. Андан соң салмоорун алып+, пелиштиликти көздөй басты. 41  Пелиштилик тиги киши да Дөөтүгө жакындагандан жакындай берди. Алдында чоң калкан көтөргөн жоокер келатты. 42  Дөөтүгө жакындаганда пелиштилик киши аны кемсинте карады+, анткени Дөөтү жаш+, кызыл жүздүү+, келишимдүү эле+. 43  Ал Дөөтүгө: «Мага каршы таяк менен чыккыдай, мен, эмне, ит белем?»+ — деди да, аны өзүнүн кудайларын+ оозанып каргады. 44  Анан ага: «Бери кел, сени өлтүрүп, денеңди асмандагы куштар менен талаадагы жырткычтарга берейин»,— деди+. 45  Дөөтү ага мындай деди: «Сен мага каршы эки найза+, кылыч менен келатасың, мен болсо сен мазактаган Кудайдын+, Ысрайыл аскерлеринин, асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын ысмы менен баратам+. 46  Бүгүн Жахаба сени менин колума салып берет+. Мен сени өлтүрүп, башыңды кесип, пелиштилик аскерлердин өлүктөрүн асмандагы куштар менен талаадагы жырткычтарга берем+. Ошондо бүт жер жүзүндөгү адамдар Ысрайылдын чыныгы Кудайы бар экенин билишет+. 47  Ошондой эле бул жерге чогулгандардын баары Жахабанын кылычсыз, найзасыз эле куткарарын билишет+. Анткени бул — Жахабанын согушу+, ал силерди колубузга салып берет»+. 48  Пелиштилик тиги киши Дөөтүнү көздөй басып, ага жакындай баштаганда, Дөөтү аны менен беттешүү үчүн пелиштилик жоокерлерди көздөй чуркап жөнөдү+. 49  Анан баштыгынан таш алып чыгып, салмоорго салып, пелиштиликти көздөй ыргытты. Таш туура анын чекесине тийип, батып кетти+. Ал жерге көмкөрөсүнөн жыгылды+. 50  Ошентип, Дөөтү салмоор жана таш менен пелиштиликти жеңди. Колунда кылычы жок болсо да, ал аны өлтүрүп салды+. 51  Андан соң Дөөтү пелиштиликтин жанына чуркап барып, анын кылычын сууруп чыгып+, башын кыя чапты+. Пелиштиликтер балбанынын өлгөнүн көрүп, качып жөнөштү+. 52  Ошондо ысрайылдыктар менен жүйүттөр кыйкырып, пелиштиликтерди өрөөнгө чейин+, Экрондун+ дарбазасына чейин кууп барышты+. Шаарайымды+ көздөй кеткен жолдо алар көп пелиштиликтерди өлтүрүштү. Алардын өлүктөрү Гатка чейин, Экронго чейин жатты. 53  Пелиштиликтерди кууп барып, кайра кайтып келишкенден кийин Ысрайыл уулдары алардын кошуунун талап-тоношту+. 54  Дөөтү пелиштиликтин башын+ Иерусалимге алып барды, ал эми курал-жарактарын өзүнүн чатырына коюп койду+. 55  Пелиштиликке каршы чыккан Дөөтүнү көрүп, Шабул аскер башчысы Абинерден+: «Бул+ кимдин баласы+, Абинер?» — деп сурады. Ал: «Билбейм, падышам»,— деди. 56  Падыша ага: «Анда барып, кимдин баласы экенин билип кел»,— деди. 57  Дөөтү пелиштиликти өлтүрүп кайтып келгенде, Абинер аны Шабулга ээрчитип барды. Дөөтү пелиштиликтин башын көтөрүп алган эле+. 58  Шабул андан: «Кимдин уулусуң?» — деп сурады. Ал: «Бетлехемдик+ кулуңуз Жышайдын+ уулумун»,— деп жооп берди.

Шилтемелер

Болж. м-н 290 см.
Болж. м-н 57 кг.
Болж. м-н 6,84 кг.
Сөзмө-сөз: «сүттүн он бөлүгүн». Сыягы, сүттөн жасалган азык заттар.