Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Шемуел 15:1—35

15  Шемуел Шабулга мындай деди: «Жахаба мени сага жиберип, сени өз элине, Ысрайылга, падыша кылып майлаган эле+. Эми Жахабанын сөзүнө кулак сал+.  Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+ мындай дейт: „Ысрайыл эли Мисирден келатканда аларга каршы чыгышканы үчүн Амалыктын тукумдарын+ жоопко тартам+.  Ошондуктан барып, Амалыктын тукумдарын+ жана алардын эмнеси болсо, ошонун баарын кырып ташта+. Аларды аяба+, эркектерин да, аялдарын да, балдарын да, эмчектеги наристелерин да+, өгүздөрүн да, койлорун да, төөлөрүн да, эшектерин да кырып сал“»+.  Ошондо Шабул кишилерин чогултуп, аларды Телаимде+ санап чыкты. Жүйүт уруусунан 10000, ал эми Ысрайылдын башка урууларынан 200000 жөө аскер болду+.  Шабул Амалыктын тукумдары жашаган шаарга чейин барып, өзөндүн жанына буктурма койду.  Анан кейниликтерге+: «Силерди Амалыктын тукумдары менен кошо кырып салбашым үчүн, алардын арасынан чыгып кеткиле+, анткени силер, Ысрайыл уулдары Мисирден келатканда+, аларга мээримдүүлүк көрсөткөнсүңөр»,— деди+. Кейниликтер Амалыктын тукумдарынын арасынан чыгып кетишти.  Шабул Амалыктын тукумдарын+ Хабиладан+ тартып Мисирдин жанындагы Шурга+ чейин талкалады.  Ал алардын падышасы Агакты+ тирүүлөй колго түшүрүп, калгандарын кылычтап өлтүрдү+.  Шабул менен анын кишилери Агакты аяп коюшту, ошондой эле алар майда мал менен бодо малдын семиздерин, жакшыларын+, кочкорлорду жана башка жакшы нерселердин баарын жок кылгысы келген жок+. Алар өздөрүнө жакпагандарын, эч нерсеге жарабагандарын гана жок кылышты. 10  Ошондо Жахаба Шемуелге: 11  «Шабулду падыша кылганыма кайгырып жатам+, анткени ал менин жолумдан чыгып+, сөздөрүмдү аткарбай койду»,— деди+. Шемуел буга аябай кайгырып+, түнү бою Жахабага жалынып чыкты+. 12  Анан Шабулга жолугуш үчүн эртең менен эрте турду. Бирок ага: «Шабул Кармилге+ барып, өзүнүн урматына эстелик коюп+, кайра Гилгалга түшүп кетти»,— деп айтышты. 13  Шемуел Шабулга барганда, ал: «Жахаба сага батасын берсин+. Мен Жахабанын айтканын аткардым»,— деди+. 14  Бирок Шемуел ага: «Андай болсо, эмнеге кулагыма койлордун маараганы, өгүздөрдүн мөөрөгөнү угулуп жатат?» — деди+. 15  Шабул: «Аларды Амалыктын тукумдарынан алып келишти. Жахаба Кудайыңа курмандык чалыш үчүн+ жоокерлерим+ майда мал менен бодо малдын жакшыларын калтырып коюшту, калгандарын болсо кырып таштадык»,— деди. 16  Шемуел ага: «Жетишет! Түндө Жахабанын мага эмне деп айтканын угуп тур»,— деди+. Шабул: «Угайын, айт»,— деди. 17  Шемуел ага мындай деди: «Сен өзүңдү кичинекей эле адаммын деп эсептеп жүргөнүңдө+ Ысрайыл урууларына башчы болуп дайындалбадың беле. Жахаба сени ошондо Ысрайылга падыша кылып майлабады беле+. 18  Кийин Жахаба сени: „Барып, күнөөкөр+ Амалыктын тукумдарын кырып жок кыл. Алар менен эч кимиси тирүү калбай калганча согуш“+,— деп жөнөтпөдү беле. 19  Эмнеге сен Жахабанын тилин албай, олжого жутунуп+, Жахабанын көз алдында жаман иш кылдың?»+ 20  Шабул Шемуелге: «Жок, мен Жахабанын тилин албадымбы+: Жахаба тапшырган ишти аткарыш үчүн барып, Амалыктын тукумдарын өлтүрүп+, алардын падышасы Агакты алып келбедимби+. 21  Жоокерлерим+ Гилгалда+ Жахаба Кудайыңа курмандык чалыш үчүн+ жок кылынышы керек болгон койлор менен бодо малдын жакшыларын алып калышты»,— деди. 22  Ошондо Шемуел: «Жахабаны Жахабага тил алганга караганда бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен башка курмандыктар көбүрөөк кубандырмак беле?+ Тил алуу+ курмандыктан артык+, баш ийүү кочкорлордун майынан+ артык. 23  Анткени козголоңчулдук+ төлгө салуу+ сыяктуу эле күнөө, менменсинүүчүлүк сыйкырдуу күчтү колдонуу, бурканга* табынуу+ сыяктуу эле күнөө. Сен Жахабанын сөзүн четке каккандыктан+, падыша болбошуң үчүн, ал да сени четке какты»,— деди+. 24  Шабул Шемуелге: «Мен күнөө кылдым+. Элден корккондуктан+ Жахабанын буйругу менен сенин айткандарыңды эмес, алардын айтканын аткардым. 25  Эми менин күнөөмдү кечирчи+, Жахабага таазим кылышым үчүн+, мени менен кайтчы»,— деди. 26  Бирок Шемуел ага: «Мен сени менен барбайм. Анткени сен Жахабанын сөзүн четке каккандыктан, мындан ары Ысрайылга падыша болбошуң үчүн, Жахаба да сени четке какты»,— деди+. 27  Анан бурулуп, кетмекчи болду. Шабул анын жеңи жок узун сырт кийиминин этегинен кармаганда, ал айрылып калды+. 28  Ошондо Шемуел ага: «Бул кийим айрылгандай, Жахаба бүгүн сенден Ысрайылдын үстүнөн болгон падышалык бийликти тартып* алды+. Ал аны сенден алда канча жакшы жакыныңа берет+. 29  Ысрайылдын улуу даражалуу Кудайы+ алдабайт да+, өкүнбөйт, анткени ал өкүнгүдөй адам эмес»,— деди+. 30  Ошондо Шабул: «Мен күнөө кылдым. Бирок, сенден суранам, элимдин аксакалдары менен Ысрайылдын алдында мага урмат көрсөтүп+, мени менен барчы. Мен Жахаба Кудайыңа таазим кылам»,— деди+. 31  Шемуел Шабулдун артынан барды. Шабул Жахабага таазим кылды. 32  Анан Шемуел: «Амалыктын тукумдарынын падышасы Агакты мага алып келгиле»,— деди. Агак коркуп-калчылдап, анын жанына басып барды. Бирок ичинен: «Мени өлтүрбөй калышты окшойт»,— деп ойлой баштады. 33  Бирок Шемуел: «Сенин кылычың+ аялдарды балдарынан ажыраткандай эле+, сенин энең+ да балдарынан ажырайт»,— деди да, аны Гилгалда+ Жахабанын алдында бөлө чапты. 34  Ошондон кийин Шемуел Рамага кетти. Шабул болсо Гибадагы+ үйүнө кетти. 35  Шемуел Шабул үчүн кайгырып жүрдү+. Ал көзү өткөнчө аны менен көрүшкөн жок. Жахаба Шабулду Ысрайылга падыша кылып койгонуна кайгырды+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «терафимге».
Сөзмө-сөз: «айрып».