Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Шемуел 13:1—23

13  Шабул ...* жашында падыша болду+. Ысрайылга бийлик кылганына эки жыл болгондо,  ал элинин арасынан 3000 киши тандап алды: алардын эки миңи Михмашта+ жана Бейтелдеги тоолуу аймакта Шабул менен, ал эми миңи Бенжемин уруусуна таандык Гибада+ Жонатан+ менен болду. Калган элди болсо ал үйлөрүнө коё берди.  Жонатан пелиштиликтердин+ Гебада+ жайгашкан күзөтчүлөр тобуна кол салып+, аларды кырып таштады. Муну пелиштиликтер укту. Шабул болсо: «Еврейлер угушсун!» — деп, бүт өлкө боюнча сурнай тартууну+ буйрук кылды.  Бүт Ысрайылда: «Шабул пелиштиликтердин күзөтчүлөр тобун кырып салыптыр. Эми пелиштиликтер ысрайылдыктарды жек көрүп калышты»,— деген сөздөр айтыла баштады+. Эл Шабулдун артынан жүрүш үчүн Гилгалга чакырылды+.  Пелиштиликтер ысрайылдыктар менен согушканы чогулушту. Алардын 30000 майдан арабасы+, 6000 атчан аскери бар болчу. Эли болсо деңиз жээгиндеги кумдай көп эле+. Алар Бет-Абендин+ чыгышындагы Михмашка барып жайгашышты.  Ысрайылдыктар өздөрүнүн кысымга алынып, коркунучтуу абалда калышканын көргөндө+ үңкүрлөргө+, аскалардын жараңкаларына, аска-зоолордун арасына, жер төлөлөргө, суу сакталчу чуңкурларга жашына башташты.  Еврейлер атүгүл Иордандын аркы өйүзүндөгү+ Гат+ жана Гилат жерлерине чейин качып кетишти. Шабул болсо Гилгалда калды. Анын жанындагылардын баары коркконунан калтырап жатышты+.  Шабул жети күн, Шемуел белгилеген мөөнөткө чейин күттү+. Шемуел Гилгалга келбегендиктен, Шабулдун жанындагы кишилер аны таштап, туш-тушка кете башташты.  Ошондо Шабул: «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен тынчтык курмандыктарын мага алып келгиле»,— деди. Анан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты чалды+. 10  Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты чалып бүтөрү менен ал Шемуелдин келатканын көрдү. Анан аны менен учурашуу үчүн алдынан тосуп чыкты+. 11  Шемуел ага: «Бул эмне кылганың?» — деди+. Шабул: «Жанымдагылар мени таштап+, туш-тушка кете башташты, сен болсо белгиленген убакта келген жоксуң+. Анын үстүнө, пелиштиликтер да Михмашка чогулуп калышты+. 12  Ошондуктан мен: „Эми пелиштиликтер Гилгалга түшүп келип, мага кол салышат. Мен болсо Жахабанын ырайым кылышын али сурай элекмин“ — деп ойлоп+, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты чалганга аргасыз болдум»,— деди+. 13  Ошондо Шемуел Шабулга: «Сен акылсыз иш кылдың+. Жахаба Кудайыңдын буйругун+ аткарбай койдуң+. Эгер аны аткарсаң, Жахаба Ысрайылдын үстүнөн болгон падышалык бийлигиңди түбөлүккө бекемдемек. 14  Эми болсо падышалык бийлигиңен айрыласың+. Жахаба жүрөгүнө жаккан башка адамды табат+. Жахаба аны өзүнүн элине жол башчы кылып дайындайт+, анткени сен Жахабанын буйругун аткарбай койдуң»,— деди+. 15  Анан Шемуел Гилгалдан чыгып, Бенжемин уруусуна таандык Гибага барды. Шабул болсо жанында калгандарды санап чыкты. Алардын саны алты жүздөй болду+. 16  Шабул менен анын уулу Жонатан жана алардын жанындагы кишилер Бенжемин уруусуна таандык Гебада+ калышты. Пелиштиликтер болсо Михмашта+ эле. 17  Пелиштилик аскерлердин үч тобу+ жортуулга чыгып турчу. Алардын бири Опрага+, Шуал жерине кеткен жол менен, 18  экинчиси Бет-Оронго+ кеткен жол менен, ал эми үчүнчүсү чөлдүн, Себоим өрөөнүнүн жанындагы чек арага кеткен жол менен барчу. 19  Бүт Ысрайыл боюнча бир да темир уста жок эле, анткени пелиштиликтер: «Еврейлер өздөрүнө кылыч же найза жасап алышпасын»,— дешчү+. 20  Соконун тишин, кетмен, балта же орок курчутуш+ керек болгондо ысрайылдыктар пелиштиликтерге барышчу. 21  Анан соконун тишин, кетмен, айры же балта курчутканы үчүн же учтуу таягынын учун+ оңдогону үчүн аларга бир пим* төлөшчү. 22  Ошондуктан согушка Шабул+ менен анын уулу Жонатан гана курал-жаракчан барчу, ал эми алардын жанындагы кишилердин эч кимисинин кылычы да+, найзасы да болгон эмес. 23  Пелиштиликтердин күзөт аскерлери+ Михмаштагы+ коктуга барып турушчу.

Шилтемелер

Еврей тилиндеги текстте жашы жок.
Байыркы убактагы салмак бирдиги; болж. м-н 8 г күмүшкө барабар.