Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Шемуел 1:1—28

1  Эпрайымдын тоолуу аймагындагы+ Раматайым-Сопимде+ Элкана+ аттуу эпрайымдык бир киши жашачу. Ал Жерохамдын уулу эле. Жерохам Элиунун, Элиу Тохтун, Тох Зуптун+ уулу болгон.  Элкананын Анна жана Пенина деген эки аялы бар эле. Пенинанын балдары бар болчу, Аннаныкы жок болчу+.  Асман аскерлеринин Кудайы Жахабага* таазим кылып+, курмандык чалыш үчүн Элкана жыл сайын өзү жашаган шаардан Шилого барчу+. Ал жерде Эйлинин Копни жана Пинехас+ деген эки уулу Жахабанын дин кызматчысы болуп кызмат кылышчу+.  Курмандык чалган күнү Элкана андан Пенина менен анын уул-кыздарына бир нече устукан+ берчү.  Ал эми Аннага, аны аябай жакшы көрсө да+, бир эле устукан берчү, анткени Жахаба ага бала берген эмес+.  Жахаба Аннага бала бербегендиктен, күндөшү аны дайыма ызалантып+, көңүлүн оорута берчү.  Пенина жыл сайын+, алар Жахабанын үйүнө барган сайын+, Аннаны ошентип ыза кылчу. Анна болсо ыйлап, тамак жечү эмес.  Күйөөсү Элкана ага: «Анна, эмнеге ыйлайсың? Эмнеге кайгырып, тамак жебей жатасың?+ Мен сен үчүн он уулдан артык эмесминби?» — деп айтчу+.  Бир күнү Шилодо жеп-ичип бүтүшкөндөн кийин Анна ордунан турду. Ошол убакта дин кызматчы Эйли Жахабанын ибадатканасынын*+ кире беришинде отургучта отурган эле. 10  Анна катуу кайгыргандыктан+ көз жашын төгүп+, Жахабадан тилене баштады+. 11  Анан ал: «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, эгер күңүңдүн кайгысына назарыңды салып+, мени эстесең+ жана күңүңдү унутпай, мага эркек бала берсең, анда, Жахаба, мен аны биротоло сага берем, анын башына устара тийбейт»+,— деп ант берди+. 12  Анна Жахабадан көпкө чейин тиленди+. Ал тиленип жатканда, Эйли аны карап турган эле. 13  Анна ичинен тиленгендиктен+, сөздөрү угулган жок, эриндери гана кыймылдап жатты. Ошондуктан Эйли аны мас+ деп ойлоп: 14  «Качан соолугасың?+ Бар, соолугуп кел»,— деди. 15  Анна ага: «Жок, мырзам. Мен көңүлү чөгүп турган аялмын, шарап да, күчтүү ичимдик да ичкен жокмун. Мен Жахабага жүрөгүмдөгүнү төгүп жатам+. 16  Күңүңүздү начар+ аял деп ойлобоңуз. Кайгырып, ызаланганымдан ушунча тилендим»,— деди+. 17  Ошондо Эйли: «Тынчтык менен бара бер+. Ысрайылдын Кудайы тилегиңди берсин»,— деди+. 18  Анна: «Күңүңүз көз алдыңызда ырайым тапса экен» — деди да+, ал жерден кетти. Ошондон кийин ал тамак иче баштады+. Анын жүзү мурдагыдай капалуу болбой калды+. 19  Алар эртең менен эрте туруп, Жахабага таазим кылышты да, Рамага, үйүнө жол тартышты+. Элкана аялы Аннага жакындады+, Жахаба аны эстеди+. 20  Ошентип, бир жылга жетип-жетпей Аннанын боюна бүтүп, уул төрөдү да: «Бул баланы Жахабадан тилеп алдым» — деп+, атын Шемуел* койду+. 21  Бир канча убакыт өткөндөн кийин Элкана үйүндөгүлөрү менен бирге Жахабага жыл сайын чалынчу курмандык+ менен ант курмандыгын+ чалганы жөнөдү. 22  Анна болсо барган жок+. Ал күйөөсүнө: «Баламды Жахабанын алдына эмчектен чыгаргандан кийин алып барайын+. Ал ошол жерде биротоло калсын»,— деди+. 23  Элкана+ ага: «Макул, өзүң каалагандай кыл+. Бала эмчектен чыкканча, үйдө кал. Жахаба өзү айткандай кылсын»,— деди+. Баласы эмчектен чыкканга чейин, Анна аны багып, үйдө болду+. 24  Баласы эмчектен чыккандан кийин, Анна аны алып, ошондой эле үч жашар бука, бир эйфа* ун, бир чоң кумура шарап+ алып, Шилого+, Жахабанын үйүнө барды. Баласы жанында эле. 25  Алар буканы союшту, баланы болсо Эйлиге алып барышты+. 26  Анна ага: «Мырзам, мен ушул жерде сиздин көзүңүзчө Жахабадан тиленген баягы аялмын+. 27  Ошондо ушул баланы сурап тиленген элем+. Жахаба тилегенимди берди+. 28  Эми баламды Жахабага берип* жатам+. Балам Жахабага биротоло берилди»,— деди. Элкана ошол жерде Жахабага таазим кылды+.

Шилтемелер

1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Б. а. ыйык чатырдын.
Мааниси: «Кудайдын ысмын [чакыруу]».
Болж. м-н 22 л.
Евр. «карызга берип».