Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Тиметей 5:1—25

5  Улуу кишини катуу жемелебе+. Аны атаңдай, жаштарды бир туугандарыңдай,  улуураак аялдарды+ энеңдей, кыз-келиндерди эже-карындаштарыңдай көрүп+, бийик адеп-ахлактуулук менен насаат айт.  Багар-көрөрү жок жесирлерди сыйла*+.  Эгер жесир аялдын балдары же неберелери бар болсо, алар адегенде өздөрүнүн үйүндө Кудайга берилгендик көрсөтүүгө үйрөнүшсүн+ жана ата-энелеринин+, чоң ата-чоң энелери менен таята-таенелеринин алдында милдетин тийиштүү түрдө аткарууга умтулушсун, анткени бул Кудайга жагат+.  Жардамга муктаж жана багар-көрөрү жок жесир аял+ Кудайдан үмүттөнүп+, күнү-түнү тиленет, ага жалынып-жалбарат+.  Ал эми дене кумарына берилип жашаган+ жесир аял, тирүү жүрсө да, өлүк+.  Ошондуктан, алар сөзгө калбашы үчүн+, мындан ары да ушундай көрсөтмөлөрдү бер+.  Ким жакындарына+, айрыкча, өз үйүндөгүлөрүнө кам көрбөсө+, ал ишенимден+ баш тарткан болот+. Андай адам ишенбегендерден да жаман.  Тизмеге жашы алтымыштан кем эмес, күйөөсүнө ишенимдүү болгон*+, 10  жакшы иштери менен белгилүү болгон+ жесирлер киргизилсин. Алар балдарын тарбиялап-өстүргөн+, меймандостук көрсөткөн+, ыйыктардын бутун жууган+, кыйналгандарга жардам берген+, өзүн ар кандай жакшы иштерге арнаган аялдардан болушу керек+. 11  Жаш жесирлерди тизмеге киргизбе, анткени жыныстык каалоолору күчөп, Машаякка кызмат кылууга тоскоол болгондо+, алар турмушка чыгууну каалашат. 12  Ошентип, алгачкы убадасынан баш тартышканы үчүн айыпталышат+. 13  Андан сырткары, алар кыларга иши жоктой үймө-үй кыдырып, бекер жүрүүнү адатка айландырып алышат. Бекер жүргөнү аз келгенсип, ушакташышат, башкалардын ишине кийлигишип+, кереги жок нерселерди сүйлөшөт. 14  Ошондуктан жаш жесирлердин турмушка чыгып+, бала төрөп+, үй иштери менен алек болушун жана душмандын бизди жамандашына себепкер болбошун каалайм+. 15  Анткени кээ бирлери туура жолдон четтеп, Шайтанды ээрчип кетишти. 16  Эгер ишеним жолундагы кайсы бир аялдын жесир калган туугандары болсо, жыйналышка оордук келбеши үчүн, аларга жардам берсин+. Ошондо жыйналыш багар-көрөрү жок жесирлерге жардам бере алат+. 17  Жакшы жетекчилик кылган аксакалдарга+, айрыкча, насаат айтып, окутуп, талыкпай кызмат кылгандарына+ эки эсе урмат көрсөтүлсүн+. 18  Анткени Ыйык Жазмада: «Эгин бастырып жатканда өгүздүн оозун таңба»,— деп жазылган+. Ошондой эле: «Жумушчу өз акысын алууга татыктуу»,— деп айтылган+. 19  Эки же үч күбө болбосо, аксакалга каршы айтылган айыптоого кулак салба+. 20  Башкаларга эскертүү болушу үчүн+, күнөө кылып жүргөндөрдү+ баарынын көзүнчө ашкереле+. 21  Кудайдын, Машаяк Исанын+ жана тандалган периштелердин алдында сага ушул көрсөтмөлөрдү күн мурун терс ойдо болбой, бет карамалык кылбай аткарышыңды буйрук кылам+. 22  Кимдир бирөөнү жоопкерчиликтүү кызматка+ дайындоого*+ шашпа, башкалардын күнөөлөрүнө ортоктош болбо+, адеп-ахлактык тазалыгыңды сакта+. 23  Ашказаның ооругандыктан, көп сыркоолой бергендиктен суу эле иче бербе*, аз-аздан шарап ичип тур+. 24  Кээ бирөөлөрдүн күнөөлөрү баарына белгилүү+, алар дароо эле айыпталат, ал эми башкалардын күнөөлөрү кийинчерээк билинет+. 25  Ошо сыяктуу эле, жакшы иштер да баарына белгилүү+, ал эми белгилүү болбогондору жашыруун бойдон калбайт+.

Шилтемелер

Же: «кам көр».
Сөзмө-сөз: «бир эркектин аялы».
Же: «үстүнө колуңду коюуга».
Сыягы, бул кеңеш аны ооруга чалдыктырган кир сууну ичпеши үчүн берилген.