Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Тиметей 4:1—16

4  Ыйык рух кийинчерээк+ айрымдардын Кудайдан келгендей көрүнгөн адаштыруучу сөздөргө+, жиндердин окууларына+ көңүл буруп, ишенимден четтеп кетишерин+ ачык айтып жатат.  Бул абийири мокоп калган*+ эки жүздүү калпычылардын+ айынан болот.  Алар турмуш курууга+, Кудай жараткан тамак-аштарды жегенге тыюу салышат+. Ал тамак-аштар болсо ишеними барлар менен чындыкты так билгендер ыраазычылык менен жеши үчүн+ жаратылган+.  Кудай жараткан нерсенин баары жакшы+. Эгер ыраазычылык менен желсе+, эч бир нерсе четке кагылбашы керек+.  Анткени ал Кудайдын сөзү жана тиленүү аркылуу ыйыкталат.  Бир туугандарга ушул кеңештерди берүү менен сен Машаяк Исанын үлгүлүү кызматчысы экениңди, мыкты окуунун+ жана ишенимдин сөздөрү менен азыктанарыңды, аларга бекем карманарыңды көрсөтөсүң+.  Кудайга шек келтирген, ойдон чыгарылган маңызсыз* кептерди четке кагып+, Кудайга берилгендик көрсөтүүгө машыга бер+.  Анткени денени машыктыруунун пайдасы аз, ал эми Кудайга берилгендик+ бардык жагынан пайдалуу+, себеби ага азыркы да, келечектеги да жашоого тиешелүү убадалар байланышкан+.  Бул сөздөр чындык жана толук ишенүүгө арзыйт+. 10  Ошондуктан биз эмгектенип, күч жумшап жатабыз+, анткени тирүү Кудайга — ар кандай адамдардын+, өзгөчө, ишенимдүүлөрдүн+ Куткаруучусуна+ — үмүт артабыз+. 11  Ушуларды талап кылып+, ушул нерселерди үйрөтө бер+. 12  Эч ким сени жаш деп тоготпой койбосун+. Ишенимдүүлөргө+ сүйлөгөн сөзүң, жүрүм-турумуң, сүйүүң, ишенимиң, адеп-ахлактуулугуң+ менен үлгү бол+. 13  Мен келгенге чейин, эл алдында+ окуганыңды+, насаат айтканыңды, үйрөткөнүңдү уланта бер. 14  Аксакалдар кеңеши үстүңө колун койгондо*+ өзүңө пайгамбарлык боюнча+ берилген белекти+ баркка албай койбо. 15  Ушулар тууралуу ой жүгүрт+; ийгиликтериң баарына айкын болушу үчүн+, өзүңдү ушуларга арна. 16  Өзүңө+ жана окутууңа дайыма көңүл бур+. Ушуларды аткара бер, ошондо өзүңдү да, угуучуларыңды да куткарасың+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «абийирине ысык темир менен белги салынган».
Сөзмө-сөз: «кемпирлер айткан».
Кара: 1Тм 5:22.