Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Тиметей 3:1—16

3  Бул айтылгандар чындык+: ким көзөмөлчү болуп кызмат кылууга умтулуп жатса+, ал жакшы ишти каалап жатат.  Андыктан көзөмөлчү эч ким айыптай албаган+, бир эле аялы бар, бардык нерсенин чегин билген+, акыл-эстүү+, жыйнактуу+, меймандос+, окутууга жөндөмдүү+,  ичкиликке жакын эмес+, зордук-зомбулукчул эмес+, эстүү*+, урушчаак эмес+, акчаны сүйбөгөн+,  үйүндөгүлөрүн жакшы башкара билген+, балдары урмат-сый менен* баш ийген адам болсун+.  Анткени өз үйүндөгүлөрүн башкарганды билбесе, анда Кудайдын жыйналышына кантип кам көрөт?  Ал ишенимди жаңы кабыл алгандардан болбосун+, себеби текеберденип кетип+, Ибилиске чыгарылган өкүм ага да чыгарылып калбасын+.  Андан сырткары, сөзгө калбашы үчүн жана Ибилистин тузагына түшпөшү үчүн+, ал жыйналыштан сырттагылардын арасында да жакшы атка ээ болушу керек+.  Ошо сыяктуу эле, кызмат жардамчылары+ салабаттуу, эки жүздүү эмес*, шарапка жакын эмес, арам жол менен пайда көрүүгө умтулбаган+,  ишенимдин ыйык сырын+ таза абийир менен сактай билген адамдардан болушсун+. 10  Адегенде алардын бул кызматка канчалык жарактуу экени сыналсын+. Андан кийин, башкалар айыптай албагыдай болушса+, кызмат кылышсын. 11  Ошо сыяктуу эле, аялдар салабаттуу, ушак сүйлөбөгөн+, бардык нерсенин чегин билген+, бардык жагынан ишенимдүү болушу керек+. 12  Кызмат жардамчысы бир эле аялы бар+, балдары менен үйүндөгүлөрүн жакшы башкара билген адам болсун+. 13  Анткени жакшы кызмат кылгандар жакшы атка ээ болушат+, Машаяк Исага болгон ишеними жөнүндө эркин айта алышат+. 14  Жакында барарыма үмүттөнсөм да+, сага буларды жазып жатам. 15  Анткени кокус кармалып калсам, Кудайдын үйүндө+, тирүү Кудайдын жыйналышында, өзүңдү кандай алып жүрүүнү билишиңди каалайм; жыйналыш — чындыктын түркүгү жана тиреги+. 16  Чынында эле, Кудайга берилгендиктин ыйык сыры+ улуу экени шексиз: «Иса адам болуп келди+, рух катары адил деп жарыяланды+, периштелерге көрүндү+, элдер арасында жар салынды+, дүйнөдө ишеним менен кабыл алынды+, асманга даңк менен алынды»+.

Шилтемелер

Же: «макул боло билген, эпке келген».
Сөзмө-сөз: «толук олуттуулук менен».
Же: «эки сүйлөбөгөн».