Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Тиметей 1:1—20

1  Куткаруучубуз+ Кудайдын+ жана үмүтүбүз+ Машаяк Исанын буйругу менен Машаяк Исанын элчиси+ болгон Пабылдан  ишеним жолундагы чыныгы уулум+ Тиметейге+: Кудай Атабыздын жана Мырзабыз Машаяк Исанын ырайымы, кайрымдуулугу, тынчтыгы сени менен болсун+.  Македонияга кетип баратканымда+ сени Эфесте калууга үндөгөнүмдөй эле, азыр да: сен ошол жерде калып, кээ бирөөлөрдүн жалган окууларды+ таратышына тыюу сал+.  Алар ойдон чыгарылган окуялар+ менен санжыраларга көңүл бурушпасын. Андай нерселер эч пайда алып келбейт+ жана Кудайдын ишенимибизди бекемдеш үчүн берген нерселеринин таратылышына өбөлгө түзгөндүн ордуна, изилдөөнү талап кылган суроолорду туудурат.  Бул көрсөтмөнүн максаты — чын жүрөктөн+, таза абийирден+ жана эки жүздүүлүгү жок+ ишенимдин негизинде сүйүү+ көрсөтүү.  Айрымдар бул нерселерден четтеп+, куру сөздөргө берилип кетишти+.  Алар мыйзам+ окутуучу болууну каалашат+, бирок эмнени айтып, эмнени көшөрө ырастап жатышканын өздөрү түшүнүшпөйт.  Эгер Мыйзам тийиштүү түрдө колдонулса+, анын жакшы экенин билебиз+.  Анткени, белгилүү болгондой, мыйзам адил адамдар үчүн эмес, мыйзамсыз+, баш ийбес+, ыймансыз, күнөөкөр, ишенимсиз+, ыйык нерсени четке каккан, атасын же энесин, же башка бирөөнү өлтүргөн адамдар үчүн, 10  бузуктук кылып жүргөндөр+, эркектер менен жатып жүргөн эркектер, киши уурдагандар, калпычылар, жалган күбөлөр+ үчүн жана туура окууга+ каршы келген нерселерди кылгандар+ үчүн берилген. 11  Туура окуу болсо бактылуу Кудайдын мага тапшырган+ даңктуу+ жакшы кабарына шайкеш келет. 12  Мага күч берген Мырзабыз Машаяк Исага мени ишенимдүү деп эсептеп+, кызматка дайындаганы үчүн ыраазымын+. 13  Мурун акарат кылуучу, куугунтуктоочу+ жана уятсыз киши болсом да+, мага кайрымдуулук көрсөтүлдү+, себеби мен ал иштерди билбестиктен+ жана ишенбегендиктен кылып жүргөм. 14  Бирок Теңирибиздин ырайымы мага Машаяк Иса аркылуу сүйүү+, ишеним менен бирге мол көрсөтүлдү+. 15  Машаяк Исанын дүйнөгө күнөөкөрлөрдү куткаруу үчүн келгени+ жөнүндөгү сөздөр чындык жана толук ишенүүгө арзыйт+. Алардын ичинен эң күнөөкөрү менмин+. 16  Бирок мага ырайым кылынды+. Ошентип, Машаяк Иса эң күнөөкөр болгон мага өзүнүн бүт чыдамкайлыгын көрсөтүп, түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн+ ага ишене тургандарга+ мени мисал кылды. 17  Түбөлүктүктүн Падышасы+ — өлбөс+, көрүнбөс+, жалгыз Кудай+ — түбөлүктөн түбөлүккө урматталып, даңктала берсин+. Оомийн. 18  Уулум Тиметей, бул көрсөтмөнү+ сен жөнүндө айтылган пайгамбарлыктарга ылайык+ берип жатам. Аларга ылайык сен ийгиликтүү салгылашып+, 19  ишенимиңден тайбай+, абийириңди таза сактай аласың+. Айрымдар абийиринен ажырап калгандыктан, ишеними кеме сыяктуу кыйроого учурады+. 20  Алардын арасында Именей+ менен Искендер+ да бар. Кудайга акарат кылбоого+ жаза аркылуу үйрөнүшсүн деп, мен аларды Шайтанга тапшырдым+.

Шилтемелер