Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Тесалоникалыктар 5:1—28

5  Бир туугандар, силерге убакыт-мөөнөттөр+ жөнүндө жазуунун кажети жок.  Анткени Жахабанын күнү+ түн жамынган уурудай болуп келерин+ жакшы билесиңер.  «Тынчтык+ жана коопсуздук!» деп айтып жатышканда+, алардын кыйратылуусу+ кош бойлуу аялдын толгоосу сыяктуу+ капысынан келет; алар качып кутула алышпайт+.  Бирок, бир туугандар, ал күн силерге күтүлбөгөн жерден келгидей, силер уурулардай болуп+ караңгыда+ жүргөн жоксуңар.  Анткени баарыңар жарыктын+ жана күндүн уулдарысыңар+. Биз түнгө да, караңгылыкка да таандык эмеспиз+.  Андыктан башкаларга окшоп+ уктабайлы+, тескерисинче, сергек+ жана сак бололу+.  Себеби уктагандар+, адатта, түнкүсүн укташат+, мас болгондор, адатта, түнкүсүн мас болушат.  Ал эми биз, күнгө таандыктар, сак бололу жана ишеним+ менен сүйүүнү соот кылып+, куткарылуу үмүтүн+ туулга кылып киели+.  Анткени Кудай бизди каарына калышыбыз үчүн эмес+, Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу+ куткарылышыбыз үчүн тандап алган+. 10  Сергек болсок да, уктасак да, аны менен бирге жашашыбыз үчүн+, Машаяк биз үчүн өлгөн+. 11  Ошондуктан, азыркыдай эле+, мындан ары да бири-бириңерди кубаттандырып, бекемдей бергиле+. 12  Бир туугандар, силерден суранарыбыз, араңарда талыкпай эмгектенип жаткандарды, Мырзабыздын ишинде жетекчиликти колго алгандарды+, насаат айткандарды сыйлагыла. 13  Аларды кылган эмгеги үчүн өзгөчө урматтагыла+, сүйгүлө. Бири-бириңер менен тынчтыкта болгула+. 14  Ошондой эле, бир туугандар, силерден өтүнөрүбүз, тартип бузгандарга эскерткиле+, көңүлү чөккөндөрдү соороткула+, алсыздарды колдогула, баарына чыдамкайлык менен мамиле кылгыла+. 15  Эч кимиңер жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле+, тескерисинче, дайыма бири-бириңерге жана башкаларга жакшылык кылууга умтулгула+. 16  Дайыма кубангыла+. 17  Үзгүлтүксүз тиленгиле+. 18  Бардык нерсе үчүн ыраазычылык билдиргиле+, анткени Кудайдын Машаяк Иса аркылуу силерге карата болгон эрки ушундай. 19  Рухтун жалынын өчүрбөгүлө+. 20  Пайгамбарлык сөздөрдү баркка албай койбогула+. 21  Бардыгын текшерип көргүлө+, жакшысына бек кармангыла+. 22  Жамандыктын бардык түрүнөн алыс болгула+. 23  Тынчтыктын Кудайы+ силерди толугу менен ыйык кылсын+. Мырзабыз Иса Машаяктын катышуусунун убагында рухуңар, жаныңар жана денеңер бардык жагынан кемчиликсиз болсун, толук сакталсын+. 24  Силерди чакырган Кудай ишенимдүү, ал муну сөзсүз ишке ашырат. 25  Бир туугандар, биз үчүн мындан ары да тиленгиле+. 26  Бардык ишенимдештер менен бир туугандарча өбүшүп учурашкыла+. 27  Бул катты бир туугандардын баарына окуп берүүгө силерди Кудайдын алдында милдеттендирем+. 28  Мырзабыз Иса Машаяк силерге ырайымын төгө берсин+.

Шилтемелер