Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Тесалоникалыктар 4:1—18

4  Бир туугандар, биз силерге кандай жашап+, Кудайга кантип жагышыңар керектиги жөнүндө насаат айтканбыз. Ооба, силер ошого ылайык жашап жатасыңар. Бирок бул жагынан дагы да ийгилик кыла беришиңерди+ Мырзабыз Исанын атынан суранабыз жана силерди ошого үндөйбүз.  Силерге Мырзабыз Исанын атынан кандай көрсөтмөлөрдү бергенибизди+ билесиңер.  Кудай силердин ыйыкталышыңарды+, бузуктуктан алыс болушуңарды каалайт+.  Ар бириңер өз денеңерди* ыйык сактап+, сый тутуп, башкара билгиле+,  Кудайды билбеген+ башка элдерге окшоп+, ээ-жаа бербеген жыныстык кумарларга берилбегиле+.  Ошондой эле эч ким бул жагынан бир тууганына зыян келтирип, анын укугуна кол салгыдай болбосун+. Анткени силерге мурун айтып, кылдат түшүндүргөнүбүздөй+, Жахаба андай күнөөлөр үчүн жазалайт+.  Себеби Кудай бизди ыпыластыкка эмес, ыйыктыкка чакырган+.  Андыктан ким бул окууну четке какса+, ал адамды эмес, силерге ыйык рухун берген+ Кудайды четке каккан болот+.  Ал эми бир туугандык сүйүү+ жөнүндө силерге жазуунун зарылдыгы жок, анткени бири-бириңерди сүйүүгө+ Кудайдан үйрөнгөнсүңөр+. 10  Ооба, силер бүтүндөй Македониядагы бир туугандардын баарына ушундай сүйүү көрсөтүп жатасыңар. Ошентсе да, бир туугандар, силерди бул жагынан дагы да ийгилик кыла берүүгө үндөйбүз. 11  Өзүңөргө айтканыбыздай, тынч жашап+, өз ишиңер менен алектенип+, өз колуңар менен эмгектенүүгө умтулгула+. 12  Башкалардын алдында+ өзүңөрдү татыктуу алып жүрүшүңөр+ үчүн жана эч нерсеге муктаж болбошуңар үчүн+ ошенткиле. 13  Андан сырткары, бир туугандар, үмүтү жок башка адамдарга+ окшоп кайгырбашыңар үчүн, өлүм уйкусунда жаткандар+ жөнүндө билишиңерди каалайбыз. 14  Анткени Исанын өлгөнүнө жана кайра тирилгенине+ ишенсек, анда Кудайдын Иса менен биримдикте өлүм уйкусуна кеткендерге аны менен бирге болушу үчүн өмүр берерине да ишенебиз+. 15  Жахабанын сөзүнүн+ негизинде силерге айтарыбыз бул: Мырзабыздын катышуусунун убагында+ жашай тургандарыбыз өлүм уйкусуна кеткендерден озуп кетпейбиз. 16  Анткени Мырзабыз өзү асмандан башкы периштенин+ үнү менен буйрук берип, Кудайдын сурнайы+ менен түшүп келет+, ошондо Машаяктын жолунда жүрүп өлгөндөр биринчи болуп тирилишет+. 17  Андан кийин биз, жашап жаткандар, тирүү жүргөндөр, алар менен болуу үчүн+ жана Мырзабыз менен абада жолугушуу үчүн+ булуттар менен+ алынып кетебиз да+, дайыма Мырзабыз менен болобуз+. 18  Ошентип, ушул сөздөр менен бири-бириңерди жубаткыла.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «идишиңерди».