Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Тесалоникалыктар 3:1—13

3  Ошондуктан чыдай албай өзүбүз Афинде+ калууну,  ал эми Машаяк тууралуу жакшы кабар айтуу ишинде+ Кудайдын кызматчысы болгон бир тууганыбыз Тиметейди+ силерге жиберүүнү чечтик. Аны силерди бекемдеп, сооротуп, ишенимиңердин күчтүү болушуна өбөлгө түзүшү үчүн,  ушул кыйынчылыктардан улам+ эч кимиңер олку-солку болбошуңар үчүн жибердик. Анткени мындай нерселер сөзсүз башыбызга түшүшү керек болгонун өзүңөр билесиңер+.  Анын үстүнө, жаныңарда жүргөнүбүздө силерге кыйынчылыктарга дуушар болорубузду+ алдын ала айтканбыз+. Эми ошондой болуп жатканын өзүңөр көрүп жатасыңар+.  Андыктан Азгыруучу+ силерди азгырып, эмгегибиз текке кетпесе экен+ деп тынчсыздангандыктан, мен чыдай албай, Тиметейди ишенимдүүлүгүңөр жөнүндө билип келгени жибергем+.  Ал жаңы эле силер жактан кайтып келип+, ишенимдүүлүгүңөр, сүйүүңөр+ жөнүндө жакшы кабар алып келди. Бизди дайыма жылуу сезимдер менен эскерериңерди, бизге окшоп, силердин да бизди көрүүгө зар экениңерди+ да айтып берди.  Ошондуктан, бир туугандар, абдан муктаж болуп, кыйынчылык тартып жатсак да, силердин ишенимдүүлүгүңөр+ жөнүндө укканда сооронуп калдык+.  Анткени Мырзабыздын жолунда бекем турганыңар+ бизге дем-күч берди.  Кудайыбыздын алдында силер тартуулаган чоң кубаныч үчүн+, силер үчүн Кудайга кандай ыраазычылык билдирсек болот? 10  Жүзүңөрдү көрсөк экен деп, ишенимиңердин өксүк жактарын толуктасак экен деп+, Кудайга күнү-түнү талыкпай жалынып жатабыз+. 11  Эми Кудай Атабыз өзү жана Мырзабыз Иса+ силерге барышыбыз үчүн жолубузду ачса экен. 12  Ошондой эле Мырзабыз бири-бириңерге жана бардык адамдарга болгон сүйүүңөрдү, биздин силерге болгон сүйүүбүздөй эле+, өстүрүп+, арттыра берсин. 13  Ошентип, Мырзабыз Исанын катышуусунун убагында+, ал бардык ыйыктары менен боло турган убакта+, Кудай Атабыздын алдында жүрөгүңөр чечкиндүү, кемчиликсиз+, ыйык болсун.

Шилтемелер