Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Тесалоникалыктар 2:1—20

2  Бир туугандар, силерге барганыбыз+ майнапсыз болбогонун билесиңер+.  Өзүңөргө белгилүү болгондой, адегенде Филипиде+ азап чегип+, кордук көргөнбүз+, бирок силерге Кудайдын жакшы кабарын катуу каршылыкка карабай жарыялаш үчүн+ Кудайыбыздын жардамы менен кайраттанганбыз.  Анткени биз силерге адашкандыктан же арам ниет менен+, же силерди алдаш үчүн насаат айтып жаткан жокпуз.  Тескерисинче, Кудай бизди сынап көрүп, жакшы кабарды жарыялоого жарактуу деп тапкандыктан+, биз аны адамдарга жагуу үчүн эмес+, жүрөгүбүздү сынаган Кудайга+ жагуу үчүн айтып жатабыз.  Чынында эле, өзүңөр билгендей, биз эч качан кошомат кылган эмеспиз+ же ач көздүк+ кылып анткорлонгон эмеспиз+. Буга Кудай күбө!  Биз эч кимден: силерден да, башкалардан да даңк издеген эмеспиз+. Машаяктын элчилери катары биз силерди бир топ чыгым кыла алмакпыз+, бирок анткен эмеспиз.  Тескерисинче, балдарын бөпөлөп баккан энедей болуп+, силерге жумшак мамиле кылганбыз.  Силерге карата назик сезимдерди туюп+, силерди абдан жакшы көрүп калгандыктан+ биз силерге Кудайдын жакшы кабарын айтып эле койбостон, жаныбызды да берүүгө даяр элек+.  Бир туугандар, биздин эмгегибизди, кыйналганыбызды унутпаганыңар шексиз. Эч кимиңерди чыгым кылбаш үчүн+ биз күнү-түнү иштеп+, силерге Кудайдын жакшы кабарын таратканбыз. 10  Силердин, ишенгендердин, алдында өзүбүздү кандай берилгендик, адилдик менен жана кемчиликсиз+ алып жүргөнүбүзгө өзүңөр күбөсүңөр, Кудай да күбө. 11  Өзүңөр жакшы билгендей, биз силерге атасы+ балдарына мамиле кылгандай мамиле кылып, ар бириңерге акыл айтканбыз+, ар бириңерди сооротконбуз, 12  өзүнүн Падышалыгына+ жана даңкына чакырган Кудайдын+ ысмына татыктуу жашоого+ үндөгөнбүз. 13  Силер бизден уккан Кудайдын сөзүн адамдын сөзүндөй эмес+, Кудайдын сөзүндөй кабыл алганыңар үчүн+, Ага дайыма ыраазычылык билдиребиз+. Чынында эле, ал — силерге, ишенгендерге, таасир этип жаткан Кудайдын сөзү+. 14  Бир туугандар, силер Кудайдын Машаяк Иса менен биримдикте болгон Жүйүт жериндеги жыйналыштарындай болдуңар. Алар жүйүттөрдөн кордук көргөндөй эле, силер да мекендештериңерден кордук көрдүңөр+. 15  Жүйүттөр пайгамбарларды+, атүгүл Мырзабыз Исаны өлтүрүшкөн+, бизди куугунтукташкан+. Алар Кудайга жакканды кылышпайт, бардык адамдардын жыргалчылыгына кедерги болушат. 16  Анткени алар, башка элдер да куткарылышы үчүн+ кабар айтканыбызда, бизге тоскоолдук кылууга аракеттенип+, өздөрүнүн күнөөсүн көбөйтүп жатышат+. Бирок акыры аларга Кудайдын каары төгүлдү+. 17  Биз болсо, бир туугандар, силер менен убактылуу көрүшпөгөнгө туура келсе да, силерди эстеп, жүзүңөрдү көрүүгө ого бетер зар болуп жүрдүк+. 18  Ошондуктан силерге барууну каалап, биз, тагыраак айтканда, мен, Пабыл, эки жолу чыгындым, бирок Шайтан тоскоолдук кылды. 19  Мырзабыз Исанын катышуусунун убагында*+ анын алдында үмүтүбүз же кубанычыбыз, же шаттанар таажыбыз+ силер эмессиңерби? 20  Ооба, биздин даңкыбыз да, кубанычыбыз да силерсиңер.

Шилтемелер

Грек. парусиа. Кара: 5-тирк.