Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Петир 5:1—14

5  Мен, Машаяктын азап тартканына күбө болгон+ жана келечекте ачыла турган даңкка ортоктош боло турган+ аксакал+, араңардагы аксакалдарды буга үндөйм:  Кудайдын өзүңөргө тапшырылган оторун+ кайтаргыла+; аргасыздан эмес, даярдуулук менен+, арам жол менен пайда көрүш үчүн эмес+, чын көңүлдөн,  Кудайдын аманаты болгондорго+ үстөмдүк кылбай+, оторго үлгү көрсөтүү менен кайтаргыла+.  Ошондо, башкы койчу+ келгенде, даңктын соолгус+ таажысын аласыңар+.  Ошо сыяктуу эле, силер, жашыраактар, өзүңөрдөн улууларга баш ийгиле+. Баарыңар бири-бириңерге момундук менен мамиле кылгыла+. Анткени Кудай бой көтөргөндөргө каршы, ал эми момундарга ырайым кылат+.  Кудайдын кубаттуу колунун астында момун болгула, ошондо ал силерди өз убагында жогору көтөрөт+.  Ошондой эле бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла+, анткени ал силерге кам көрөт+.  Сак жана сергек болгула+. Душманыңар Ибилис кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстан сыяктуу жүрөт+.  Ишенимиңерди бекем сактап, ага каршы тургула+. Анткени дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыңар да силердикиндей эле кыйынчылыктарга кабылып жатканын билесиңер+. 10  Бирок бир аз азап чеккениңерден кийин+, силерди Машаяк менен биримдикте болгонуңар үчүн+ өзүнүн түбөлүк даңкына чакырган+ жана ырайымдын булагы болгон Кудай силерди аягына чейин өзү үйрөтүп, бекем+, күчтүү кылат+. 11  Күч-кубат түбөлүккө ага таандык+. Оомийн. 12  Ушул эки ооз сөзүмдү+ мен ишенимдүү бир тууган деп эсептеген Силуанга*+ жаздырдым. Муну силерди бекемдеш үчүн жана Кудайдын чыныгы ырайымы жөнүндө жан-дилден күбөлөндүрүш үчүн жаздым. Кудайдын ырайымынан айрылбагыла+. 13  Силер сыяктуу эле тандалган бабылдык+ айым* жана уулум Марк+ силерге салам айтып жатышат. 14  Бири-бириңер менен учурашканда сүйүү көрсөтүп, өбүшүп учурашкыла+. Машаяк менен биримдикте болгон баарыңарга тынчтык болсун+.

Шилтемелер

2Кр 1:19дун шилт-н кара.
Бул жердеги «айым» деген сөз жыйналышты билдириши мүмкүн.