Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Петир 4:1—19

4  Демек, Машаяк адам болуп жүргөн кезинде азап чеккен болсо+, силер да Машаякка окшоп ой жүгүрткөнгө даяр болгула+, анткени азап чеккен адам күнөө кылбай калат+.  Ал калган өмүрүн пенделик кумарларын канааттандыруу менен эмес+, Кудайдын эркин аткаруу менен өткөрөт+.  Мурун уятсыз* жүрүм-турумга+, кумарларга, шарапкорлукка+, жосунсуз той-тамашаларга, ичкилик ичүү мелдештерине, жийиркеничтүү бурканга табынуучулукка берилип+, дүйнө адамдарынын эрки боюнча+ жашап келгениңер жетишет+.  Алар азыр өздөрү менен кошо ошондой жаман иштерди жасабай калганыңарга*+ таң калып, силерди жамандап жатышат+.  Бирок андай адамдар тирүүлөрдү да, өлгөндөрдү да соттогонго даяр турган соттун+ алдында жооп беришет+.  Ошондуктан өлгөндөргө* да+, аларды адамдар сыртына карап соттошсо да+, Кудайдын көз алдында рухтун жетеги менен жашашы үчүн+, жакшы кабар таратылган.  Бардык нерсенин аягы жакындап калды+. Ошондуктан акыл-эстүү болгула+, дайыма тиленгиле*+.  Айта кетчү дагы бир маанилүү нерсе, бири-бириңерди жан-дилиңер менен сүйгүлө+, анткени сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт+.  Бири-бириңерге наалыбай меймандостук көрсөткүлө+. 10  Кудайдын ар кандай жолдор менен көрсөтүлгөн ырайымынын жакшы башкаруучулары катары баарыңар Андан алган жөндөмүңөргө* жараша бири-бириңерге кызмат кылгыла+. 11  Ким сүйлөсө, Кудайдын сөздөрүн сүйлөгөндөй сүйлөсүн+. Ким кызмат кылса+, Кудай берген күчкө таянып кызмат кылсын+. Ошондо Кудай Иса Машаяк аркылуу бардык жагынан даңкталат+. Даңк менен кудурет түбөлүктөн түбөлүккө ага таандык+. Оомийн. 12  Сүйүктүү бир туугандарым, сыналышыңар үчүн оттой кыйынчылыктарга кабылганыңарда+ аларды жат нерседей көрүп таң калбагыла. 13  Анын ордуна, Машаяктын азап чегүүсүнө ортоктош болуп жатканыңарга+ кубангыла+. Ошондо анын даңкы ачылганда да кубанып-шаттанасыңар+. 14  Эгерде силерди Машаяктын ысмы үчүн кордоп жатышса+, анда бактылуусуңар+, анткени силерде даңк руху, Кудайдын руху, бар+. 15  Араңардан эч ким киши өлтүрүп же уурулук кылып, же жаман иш кылып, же башкалардын ишине кийлигишип+ азап тартпасын+. 16  Ал эми Машаяктын жолдоочусу* болгону үчүн азап тартса+, анда уялбасын+. Тескерисинче, анын жолдоочусу катары жашап, Кудайды даңктай берсин. 17  Анткени сот үчүн белгиленген убакыт келип калды. Ал Кудайдын үйүнөн башталат+. Эгерде сот бизден башталса+, анда Кудайдын жакшы кабарына баш ийбегендер эмне болот?+ 18  «Эгерде адил адам араң куткарылса+, анда ыймансыз менен күнөөкөр эмне болот?»+ 19  Ошондуктан Кудайдын эркин аткаргандыгы үчүн азап тартып жаткандар жакшы иштерди кылып, өздөрүнүн жанын ишенимдүү Жаратканга тапшырышсын+.

Шилтемелер

Же: «бузуку».
Же: «жаман иштердин айлампасына чуркабай калганыңарга».
Бул рухий мааниде өлгөндөрдү билдирет. Кара: Эф 2:1.
Же: «тиленүү жагынан сергек болгула».
Сөзмө-сөз: «белегиңерге».
Элч 11:26нын шилт-н кара.