Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Петир 3:1—22

3  Ошо сыяктуу эле+, силер, аялдар, күйөөңөргө баш ийгиле+. Кудайдын Сөзүнө баш ийбегендери+ сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүм-турумуңар аркылуу+ баш ийгидей болушсун+.  Алар силердин терең урмат көрсөтүп жатканыңарды, таза жүрүм-турумуңарды көрүп+, Сөзгө баш ийишсин.  Жасалгаңар көзгө көрүнгөн нерселер: өрүлгөн чач+, алтын жасалгалар+ же кымбат кийимдер эмес,  жүрөктүн түпкүрүндө+ катылган чирибес+ жасалга — Кудайдын көз алдында абдан баалуу эсептелген токтоолук жана жумшактык*+ — болсун.  Байыркы убакта да Кудайдан үмүттөнгөн ыйык аялдар өздөрүн күйөөлөрүнө баш ийүү менен жасалгалашкан.  Мисалы, Саара Ыбрайымды «мырзам» деп атап, ага баш ийген+. Эгер дайыма жакшылык кылсаңар жана коркунуч туудурган эч бир нерседен коркпосоңор+, Сааранын кыздары болосуңар.  Ошо сыяктуу эле+, силер, күйөөлөр, мындан ары да аялыңарга алган билимиңерге жараша* мамиле кылгыла+. Алар менен бирге силер баа жеткис өмүр белегинин мураскорлору болгондуктан+, аялзатынын алсызыраак экенин, морт идиштей экенин эске алып, аларга урмат көрсөткүлө+. Ошондо тиленүүлөрүңөргө тоскоолдук болбойт+.  Ошентип, баарыңар бир ойдо болгула+, бири-бириңерге боор ооруу менен мамиле кылгыла, бир туугандык сүйүү көрсөткүлө, боорукер+, момун болгула+.  Силерге жамандык кылгандарга жамандык кылбагыла+, силерди кордогондорду кордобогула+. Тескерисинче, батаңарды бергиле+, анткени бата алышыңар үчүн, Кудай силерди ушуга чакырган. 10  «Ким жашоодон кубаныч алып, жакшы күндөрдү көргүсү келсе+, тилин жамандыктан+, оозун жалгандыктан сактасын+; 11  жамандыктан качып+, жакшылык кылсын; тынчтыкты издеп, ага умтулсун+. 12  Анткени Жахабанын көзү адил адамдарды көрүп+, кулагы алардын жалынычын угат+. Ал эми жамандык кылгандардан Жахаба жүзүн бурат»+. 13  Эгерде жакшы иштерди кылганда ынталуу болсоңор, силерге ким зыян келтирет?+ 14  Бирок силер адилдик үчүн азап чеккен күндө да бактылуу болосуңар+. Башкалар корккон нерседен коркпогула+, тынчсызданбагыла+. 15  Машаякты Мырзаңар катары жүрөгүңөрдө ыйык туткула+. Үмүтүңөр жөнүндө сураган ар бир адамга жумшактык+, терең урмат-сый менен жооп бергенге дайым даяр болгула+. 16  Машаяктын жолдоочулары болгонуңар үчүн силердин үлгүлүү жүрүм-турумуңар+ жөнүндө жаман сөздөрдү айткандар өз сөздөрүнөн уялышы үчүн+, абийириңерди таза сактагыла+. 17  Жаман иш кылып азап чеккенге караганда+, эгер Кудайдын эрки болсо, жакшы иш кылып азап чеккениңер артык+. 18  Анткени адил адам Машаяк да адил эместер үчүн+ бир эле жолу өлүп, аларды күнөөдөн арылткан+. Муну ал силерди Кудайга алып келиш үчүн кылган+. Ал адам катары өлүп+, кайра рух катары тирилген+. 19  Андан кийин барып, түрмөдөгү рухтарга+ кабар айткан*. 20  Алар — Нухтун күндөрүндө кеме курулуп жатканда+, Кудай чыдамдуулук менен күткөн+ убакта тил албай койгон рухтар+. Ошол кемеде аз эле киши, тактап айтканда, сегиз эле жан суудан аман калган+. 21  Ошо сыяктуу эле, чөмүлтүлүү да азыр силерди (дененин кирин кетирүүнүн аркасында эмес, Кудайдан таза абийир суроонун аркасында)+ Иса Машаяктын тирилүүсүнүн+ негизинде куткарып жатат+. 22  Асманга көтөрүлгөндөн кийин Машаяк Кудайдын оң жагына отурган+. Кудай ага периштелерди+, бийликтерди, күчтөрдү баш ийдирген+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «токтоо жана жумшак рух».
Же: «көңүл буруп, түшүнүү менен».
Же: «сот өкүмүн жарыялаган».