Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Падышалар 9:1—28

9  Сулайман Жахабанын үйүн, падыша сарайын+ жана жасагысы келген башка нерселердин баарын+ бүтүргөндөн кийин+,  Жахаба ага, Гибондо көрүнгөндөй эле, экинчи жолу көрүндү+.  Жахаба ага мындай деди: «Мен сенин тиленүүңдү, ырайым кылышымды сурап өтүнгөнүңдү уктум+ жана сен курган бул үйгө ысмымды түбөлүккө коюп+, аны ыйыктадым+. Менин көзүм да+, жүрөгүм да дайыма ошол жерде болот+.  Эгерде, атаң Дөөтүгө окшоп+, мен буйругандардын баарын аткарып+, менин алдымда таза жүрөк менен+ жүрүп+, чынчыл болсоң+ жана көрсөтмөлөрүм+ менен мыйзамдарыма кармансаң+,  анда атаң Дөөтүгө: „Ысрайылдын тактысынан сенин тукумуң кетпейт“,— деп берген убадама ылайык, сенин падышалык тактыңды Ысрайылда түбөлүккө бекемдейм+.  Эгер силер же уулдарыңар менин жолум менен жүрбөй+, мен берген осуяттар менен көрсөтмөлөрдү сактабай, башка кудайларга кызмат кылып+, аларга таазим кылсаңар,  анда мен Ысрайылды ага берген жерден жок кылам+, өзүмдүн ысмым үчүн ыйыктаган бул үйдү таштап салам+, ошондо Ысрайыл бардык элдерге ылакап, шылдың болот+.  Бул үй үйүлгөн урандыга айланат+. Анын жанынан өткөн ар бир адам таң кала карап+, ышкырып: „Жахаба бул жерди, бул үйдү эмнеге ушинтип салды?“ — дейт+.  Ошондо ага: „Алар ата-бабаларын Мисир жеринен алып чыккан Жахаба Кудайын таштап+, башка кудайларга таазим кылып, аларга кызмат кылып кетишти+. Ошондуктан Жахаба аларды ушул кырсыктын баарына кабылтты“,— дешет»+. 10  Сулайман эки үйдү: Жахабанын үйү+ менен падыша сарайын жыйырма жылда куруп бүттү+. 11  Тирдин падышасы Хирам+ Сулайманга жардам катары+, ал канча кааласа, ошончо бал карагай, арча, алтын берди+. Кийин Сулайман падыша Хирамга Галилея+ жеринен жыйырма шаар берди. 12  Хирам Тирден чыгып, Сулайман берген шаарларды көргөнү барды, бирок алар ага жаккан жок+. 13  Ошондуктан ал Сулайманга: «Бир тууганым, мага эмне деген шаарларды бергенсиң?» — деди. Алар ушул күнгө чейин Кавул жери деп аталат. 14  Хирам кийинчерээк падышага 120 талант* алтын жөнөттү+. 15  Сулайман падыша Жахабанын үйүн+, өзүнүн үйүн, Милону*+, Иерусалимдин дубалын+, Хазорду+, Мегидону+ жана Гезерди+ курганга жалданма жумушчуларды+ чогултту. 16  (Мисирдин падышасы фараон Гезерди басып алып, аны өрттөп, анда жашаган канаандыктарды+ өлтүрүп салган болчу. Ал аны кызына+, Сулаймандын аялына, сеп катары берген эле.) 17  Сулайман Гезерди, Төмөнкү Бет-Оронду+, 18  Баалатты+ жана ошол аймактагы, чөлдөгү Тамарды кайра курду. 19  Андан сырткары, ал кампалары бар шаарларды+, арабалары үчүн, атчан аскерлери үчүн шаарларды+ курду, ошондой эле Иерусалимде, Лебанондо, өзү башкарган жердин баарында эмнелерди курууну ойлосо+, ошолордун баарын куруп бүттү. 20  Ал ысрайыл элинен башкасын+: аморлуктардын+, Хеттин тукумдарынын+, периздердин+, хибиликтердин+, жебустуктардын+ аман калгандарынын баарын, 21  алардын ысрайылдыктар тирүү калтырган уулдарынын+ баарын кул кылып, жумушка салды. Алар ушу күнгө чейин кул болуп келатышат+. 22  Бирок Сулайман Ысрайыл уулдарынын эч кимисин кул кылган жок+. Ал аларды өзүнө жоокер, кызматчы, төрө, жардамчы жана арабачылар менен атчандардын башчысы кылды+. 23  Анын башчылардын үстүнөн коюлган, ишти көзөмөлдөөгө дайындалган 550 башчысы бар эле. Алар иштеп жаткандарды көзөмөлдөп турушчу+. 24  Фараондун кызы+ Дөөтүнүн шаарынан+ Сулайман куруп берген үйүнө көчүп келди. Сулайман Милону+ ошондо курган эле. 25  Сулайман Жахабага арнап курган курмандык жайында жылына үч жолу+ бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалып+, Жахабанын алдындагы курмандык жайында курмандык түтүнүн түтөтүп турду+. Ошентип, ал үйдү куруп бүттү+. 26  Сулайман падыша Эдомдогу+ Кызыл деңиздин жээгиндеги, Элаттын+ жанындагы Эсион-Геберге+ кемелерди курду. 27  Хирам өзүнүн кызматчыларын — тажрыйбалуу кемечилерин — Сулаймандын кызматчыларына кошуп, ошол кемелер менен жөнөтүп турду+. 28  Алар Опирге+ барып, ал жактан Сулайман падышага 420 талант алтын алып келишти+.

Шилтемелер

1 талант = 34,2 кг.
Сөзмө-сөз: «үймө топуракты». Сыягы, сепил сыяктуу курулуш.