Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Падышалар 5:1—18

5  Сулаймандын атасынын ордуна падыша болуп майланганын укканда Тир+ падышасы Хирам+ ага кишилерин жөнөттү+, анткени ал Дөөтүнү абдан жакшы көрчү+.  Сулайман да Хирамга кишилерин жөнөтүп, мындай деп айттырып жиберди+:  «Өзүңүз билгендей, Жахаба айланасындагы душмандарын багынтып бергенге чейин, атам Дөөтү алар менен көп согушкандыктан Жахаба Кудайынын ысмына арнап үй кура алган жок+.  Азыр болсо Жахаба Кудайым мага бардык жактан тынчтык берди+: душман да жок, эч кандай кыйынчылык да жок+.  Ошон үчүн Жахаба менин атама, Дөөтүгө: „Менин ысмыма арнала турган үйдү мен сенин ордуңа такка отургуза турган уулуң курат“,— деп убада кылгандай+, Жахаба Кудайымдын ысмына арнап үй курайын деп жатам+.  Андыктан кишилериңизге буйрук бериңиз, алар мага Лебанондогу бал карагайлардан+ кыйып беришсин. Менин кулдарым сиздин кулдарыңыз менен чогуу иштешсин, анткени, өзүңүз билгендей, бизде бак кыйганды сидондуктардай+ жакшы билген эч ким жок. Мен болсо кулдарыңыз үчүн сиз айткан акыны төлөп берем».  Сулаймандын сөздөрүн укканда Хирам+ абдан кубанып: «Дөөтүгө ушундай көп элди башкарганга+ акылдуу уул бергени үчүн+ Жахабага даңк!» — деди+.  Анан ал Сулайманга: «Мага кишилериң аркылуу айттырып жибергендериңди уктум. Мен баарын сен каалагандай кылам, сага арча+ менен бал карагайларды жөнөтөм.  Менин кулдарым аларды Лебанондон+ түшүрүп, деңизге жеткиришет. Мен болсо аларды сал кылып, деңиз аркылуу сен айткан жакка агызып жиберем+. Анан ал жакка жеткенде, кайра өзүм чечип берем, сен аларды ошол жерден алып кетесиң. Бирок сен да менин каалоомду аткарып, үйүмдөгүлөрүмдү тамак-аш менен камсыз кылып тур»,— деп айттырып жиберди+. 10  Ошентип, Хирам Сулаймандын каалоосун аткарып, ага арча менен бал карагайларды жөнөтүп турду. 11  Сулайман болсо Хирамга үйүндөгүлөрү үчүн жыл сайын 20000 кор+ буудай, 20 кор зайтун майын+ берип турду+. 12  Жахаба, өзү убада кылгандай, Сулайманга акылмандык берди+. Хирам менен Сулайман тынчтыкта жашап, бири-бири менен келишим түзүштү. 13  Сулайман падыша бүт Ысрайылдан 30000 жалданма жумушчу чогултту+. 14  Ал аларды Лебанонго кезек-кезеги менен жөнөтүп турду; бир айда 10000 киши жөнөтүп турду. Алар Лебанондо бир ай иштеп, эки ай үйүндө болушту+. Жалданма жумушчулардын+ башчысы+ болуп Адонирам+ дайындалды. 15  Сулаймандын жүк көтөргөн кишилеринин+ саны+ 70000, ал эми тоолордо+ таш кескен кишилеринин+ саны 80000 болду. 16  Алардан сырткары, Сулайман иштеп жаткандарды көзөмөлдөп турууга 3300 башчыны дайындады+. 17  Үйдүн пайдубалын+ жылмаланган таштан+ салыш үчүн, падыша жумушчуларына кымбат баалуу чоң-чоң таштарды+ алып келүүнү буйруду. 18  Ошентип, Сулайман менен Хирамдын куруучулары жана гебалдыктар+ таш кесип, үй куруу үчүн устун менен таш камдашты.

Шилтемелер